Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жалпы

Медианы түшүнүү: медиасабаттуулуктун негиздери

Редактор: Б.Дыйканов

Басма: Deutsche Welle Академия, «ММК колдоо борбору» коомдук фонду

Чыккан датасы: 2020

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Медианын бардык түрлөрү адамдарга жана коомго таасир этет. Кээде бул таасир айдан ачык, кээде жашыруун болот. Кээде адамдар өзүлөрүнүн таасири астында экенин түшүнүшөт, кээде жок. Заманбап дүйнөдө медиа менен иштеше алуу өтө маанилүү. Бул көндүмдөр медиа-маалыматтык сабаттуулук деп аталат.

Ыңгайлаштырылган китеп медианын, медиа жана маалыматтык сабаттуулугунун аныктамасын, анын азыркы дүйнөдөгү актуалдуулугун, максаттарын жана натыйжаларын ачып берет. Ар бир тема теориялык жана практикалык гана эмес, ошондой эле программаны жакшы түшүнүү үчүн интерактивдүү материалдар менен коштолгон.

Усулдук материалдар жана практикалык колдонмолордун милдеттери медиа сабаттуулук жана санариптик окутуу боюнча тренингдерди, курстарды жана сабактарды пландаштырууга жана өткөрүүгө арналган. Материалдык комплектте сизге окуу процессинде жардам бере турган көнүгүүлөр жана иш барактар кирет. Сиз эң ылайыктуу деп эсептеген көнүгүүлөрдү тандап, аларды окуу муктаждыктарына ылайыкташтырсаңыз болот.

Китеп мугалимдерге жана тренерлерге гана эмес, бардык кызыккан адамдарга медиа жана маалымат сабаттуулугун өнүктүрүүгө жана жайылтууга жардам берет/

«Медианы түшүнүү: Медиасабаттулууктун негиздери» практикалык колдонмосу Deutsche Welle академиясы тарабынан иштелип чыккан жана «ММК колдоо борбору» коомдук фонду тарабынан ылайыкташтырылган.

Басылма Федералдык Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү министрлигинин жана Deutsche Welle академиясынын каржылык жана техникалык колдоосу менен даярдалды.

Окшош посттор