Журналистиканын теориясы канчалык зарыл?
Журналист катары кесипке ээ болуу анчалык кыйын эмес, жогорку окуу жайында студент катары катталып, беш жылдык өмүрүңдү өткөрүп койсоң эле колуңа диплом аласың. Бирок журналист болуп калыптануу узак жылдарды камтыган мээнеттен, изденүүдөн, умтулуудан, кесиптин азап-тозокторун жана жыргалын жонуң менен сезүүдөн кийин гана мүмкүн. Анткени журналист бул жөн гана диплом же кайсы бир маалымат таркатуу мекемесинде кызматкер болуп катталуу эмес. Ал – жашоо образы, ал – миссия.
Маалымат технологиялары, санариптик технология күн сайын күчөп, жашоого күргүштөп кирип бараткан учурда, ар бир адам маалымат таркатуу процессинде өзүн астейдил каарман катары сезип, коомдук аң-сезимге жана процесстерге кадимкидей таасир этип жаткан мезгилде журналистика менен башка бардык маалымат таркатуу формаларынын ортосундагы айырмачылык тумандап, журналистика алдастап, өзүн жоготуп койду. Журналистика өзүнүн стандарттарынан тайып, жалпы башаламан маалымат таркатуу хоруна кошулуп кеткенсиди. Мунун баары дал ошол журналистика дүйнөсүндө теориялык пайдубалдын, баалуулуктардын даана эместигинен жана бекем сакталбай калышынын себебинен келип чыкты.
Америкалык көрүнүктүү журналисттер Билл Ковач менен Том Розенстилдин “Журналистиканын негиздери” аттуу китебинде дал ушундай олуттуу ойлор айтылган жана алар ошол баалуулуктарды аныктап, тактап, айгинелеп көрсөтүп берүү аракетин жасашкан. Бул китептин биринчи басылышы 2001-жылы жүз берип, алар дагы үч жыл бою журналистиканын негиздерин, журналистиканы журналистика кылып турган негизги баалуулуктарды, принциптерди, стандарттарды дагы да терең изилдешкен. Үч жыл бою 1200 журналисттин пикирин үйрөнүп, 300 кишинин ой-пикирин камтып, жүздөгөн адамдардан, университеттердеги өнөктөрдөн интервью алып, сурамжылоолорду жүргүзүшкөн. Натыйжада мен буга чейинки журналистика багытында окуган жана кызыккан китептердин арасында кыргыз тилине которулган эң мыкты эмгек жаралган. Муну ар бир журналист кунт коюу менен, колуна калем кармап, ар бир аргументтин, фактынын, жүйөлөрдүн, пикирлердин астын сызып окушу керек деп эсептеймин.
Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги тарабынан каржыланып, англис тилинен түз которулуп, 2011-жылы жарык көргөн бул китепте журналистика эмне үчүн зарылдыгы, ал ким үчүн иштеши керектиги, анын көз карандысыздыгы кандай болору, журналистикадагы чындык деген эмне экени, жаңылыктар кантип толук жана пропорционалдуу болорлугу, журналисттер өз абийиринин алдында кантип жооп бериши, ал деген кандай түшүнүк экени, журналистика жана фактыларды текшерүү канчалык айрып алгыс нерселиги сыяктуу азыркы алдастап турган журналистиканын талылуу маселелери иликтенген.
Авторлор бүгүнкү журналистиканын эң башкы зарылдыгын туура түшүнүү менен аны сактап калуу жана жалпы адамзат коомунун зарылдыгы үчүн күчтөндүрүү маанилүү дешет. Ага жетүүнүн жолун мындайча түшүндүрүшкөн:
“…биздин оюбузча, журналистика менен маалымат жайылтуунун башка бардык формаларынын ортосундагы айырмачылык бүдөмүк тартып, чакчелекей болуп турган азыркы учурда журналистиканын максатын так белгилеп, анын профессионалдык теориясын түзүү болуп көрбөгөндөй маанилүү болуп турат. Бул өздөрүнөн өздөрү күмөн санай баштаган журналисттер үчүн маанилүү. Бул жаңылык бөлүмдөрүндөгү жаңы муундар үчүн маанилүү. Бул ишенимдүү жаңылыктарды күткөн коомдун мүчөлөрү үчүн да маанилүү”.
Профессионалдык теорияга негизделбеген практика – ал максатка жетүү жолундагы жөн эле майнапсыз куру далбаса, сабатсыз аракет, башка атаандаштарга алдын ала жеңилүү. Андан башка нерсе болушу да мүмкүн эмес. Аны биз маалымат таркатуу технологиялары өнүгүп, маалымат жайылтуу жалпы массалык процесске айланып кеткен азыркы учурда даана көрүп, ишенип турабыз. Демек, бүгүнкү күн журналистиканын теориялык негиздерин дагы бир жолу кайра карап, тактап чыгууга жана алдыга суурулуп чыгуунун пайдубалын түзүүгө, аны менен куралданууга чакырып турат. Ал эми азыркы медиа аймагында чындык менен калптын боткодой аралашып, коомдун мүчөлөрү чындык менен маалымат таркатуучулардын чынчылдыгына чаңкап турган мезгилде журналистикадагы чындык жана чынчылдык темасы сөз жок алдыга чыгат. Анткени ал журналистиканы башка бардык маалымат жайылтуу формаларынан айырмалап, өзгөчөлөнтүп, күжүрмөн каражат болуусун шарттай турган принцип жана критерий.
Журналистикадагы чындык деген эмне?
Чындыкты китептин авторлору эң биринчи жана чаташкан принцип деп аташкан. “Соңку үч жүз жыл ичинде кесипкөй журналисттер принциптер менен баалуулуктардын жазылбаган кодексин иштеп чыгышты, бул болсо алардын жаңылыктарды – адамдардын дүйнө жөнүндө көз карашын калыптандыруусуна жардам бере турган кыйыр билимдерди берүүсүнө жардам берет. Ошол принциптердин эң негизгиси бул: журналистиканын биринчи милдети – чындыкты айтуу”, – деп жазышат алар. Авторлордун пикиринде, бул боюнча баарынын ою окшош болгону менен бир беткей эмес: журналисттер чындыкты айтууга тийиш дегенге баары макул, бирок “чындык” дегендин өзү эмне дегенге келгенде баш айланып калат.
Деген менен, журналистика пайда болуп, ал коомго өз кызматын берип баштагандан кийин эле анын коммерциялык же саясий, кландык, топтук кызыкчылыктагы кызматын көргүсү келгендер үстөмдүк кылышканы тарыхтан белгилүү. Коомдук турмушту, фактыларды коомго жайылтуу артында кууш кызыкчылыктар чындыктын ачылбай кала беришин, же бир өңүттөн гана ачып берилишин шарттап келишкен. Саясий же клерикалдык умтулуштар башка мүмкүнчүлүк беришкен да эмес. Коммерциялык кызыкчылыктар болсо, бүйүр кызыткан жаңылыктарды жайылтуу менен чектелишип, чындык айтылбай, көрүнбөй көмүскөдө кала берген.
Авторлор басма сөз мындай көз карандылыктан он тогузунчу кылымда гана кутулуп, коомго реалдуу маалымат таркатууга аракет кылып калышканын, ал эми жыйырманчы кылымдын башында болсо, журналисттер реализм менен реалдуулук (же тактык менен чындык) бирдей түшүнүк эмес экенине көздөрү жеткенин белгилешет. Ошондой эле Уолтер Липпман 1922-жылы “Жаңылыктар жана чындык бир нерсе эмес… Жаңылыктардын функциясы – окуя тууралуу кабар берүү, же адамдарды кабардар кылуу. Чындыктын функциясы – фактылардын бетин ачуу, алардын ортосундагы байланышты табуу менен адамдардын аракетине негиз боло турган чындыктын картинасын түзүү” деп жазганын мисал катары келтиришет.
Ошентип, журналисттер жаңылыктарды объективдүү таркатуу менен чындыкты ачып берүүнүн ортосундагы чоң айырмачылыкты билбей калышат экен. Фактыларды коомго жайылтуу, таркатып коюу башка, бирок ал фактылардын артындагы бардык нерсени иликтеп, ар тараптуу көрсөтүп, чындыкты толук кандуу ачып чыгуу – ал башка нерсе. Журналисттер бул маселеде эмнеге жаңылышат? Себеби “…журналисттердин өздөрү чындык деген эмне экенин ачык түшүнө албаганында турат. Табияты боюнча журналистика – философиялык жана интроспективдүү иш эмес, практикалык иш, окуяларга карата жасалган өзүнчө бир реакция” экенин баса көрсөтүшөт.
Андан ары авторлор:
“Бул проблемалар жөнүндө ой жүгүрткөн журналисттер олуттуу китептерди көп жаза беришпейт жана көпчүлүк журналисттер аларды окушпайт дагы. Журналистиканын теориялары университеттердин энчисине айланган, көптөгөн журналисттер журналисттик билим алууга башынан эле маани беришпейт жана бул кесипти өздөштүрүүнүн эң мыкты жолу жумуш орду деп эсептешет” деп, көйгөйдүн кайдан келип чыгып жатканын ачып беришкен.
Авторлор журналистиканын чындыгы деген эмне экенин талдашкан жана мында “функционалдык чындык” деген терминди пайдаланышкан. Себеби “жарандар менен коомдор окуялардын так жана ишенимдүү баяндалышынан көз каранды болушат”. Анан ошол “функционалдык чындык” деген нерсеге жетүү үчүн алар усулдар менен жол-жоболорду иштеп чыгышат. Полиция жана соттор фактыларга таянуу менен шектүүлөрдү кармашат жана соттошот. Каржы уюмдары фактыга таянып өз саясатын иштеп чыгышат. Башка бардык тараптар да өзүнүн функционалдык чындыгына умтулат.
“Мына ушулар сыяктуу эле журналистика да чындыктын практикалык же функционалдык формасы болуп эсептелет. Бул абсолюттук же философиялык маанидеги чындык эмес. Бул химиялык теңдөөнүн чындыгы эмес. Журналистика биз күндөлүк турмушта колдоно ала турган чындыкты издейт жана издөөгө тийиш” деп эсептешет Ковач менен Розенстил.
Андан ары авторлор тактыкка негизделген журналистиканын биз үчүн жетишсиз экенин белгилешет, анткени “жөнөкөй тактык бурмалоо болуп калышы мүмкүн” деген пикирди айтышат. Буга 1947-жылы окумуштуулардан түзүлгөн Хатчинстин комиссиясынын “…туура фактыларды камтыганы менен мазмун туура эмес болуп калган” кабарлар болушу мүмкүн экенин эскерткенин айтып, “эми фактыларды туура айтуу жетишсиз болуп калды. Азыр фактылар жөнүндөгү чындыкты жазуу зарыл” деген бүтүмүн мисал келтиришет.
“Жаңылыктардын баалуулуктары” аттуу китебинде журналист Жек Фуллер мындайча түшүндүргөн экен: философтордун ою боюнча, чындыктын эки белгиси бар: биринчиси фактылардын туура келиши, экинчиси – байланыштуулук. Журналистикада бул чыныгы фактыларды табуу жана аларды түшүндүрүү деген маанини билдирет. Коомдун мүчөлөрү картинанын бир бөлүгүн эмес, аны толугу менен көргүсү келишет.
“Чындыгында журналисттик чындык биринчи күнү жарыяланган материалдар менен башталып, бара-бара улана турган процесс (же түшүнүүгө карай кеткен жол) катары кароо пайдалуураак жана реалдуураак болор эле… Кабарчы биринчи материалында окуяны үстүртөн баяндашы мүмкүн. Бирок, биринчи макала экинчисин пайда кылып, анда кетирилген каталар оңдолуп, кемчиликтер толукталат жана экинчи макаладан улам үчүнчүсү жазылат, ошентип кете берет. Улам кийинкисинде контекст кошумчалана берет” дешет авторлор.
Анткени милдет – жаңылыктарга көбүрөөк контекст кошуу, аларды көбүрөөк чечмелөө зарылдыгы бар. Бул болсо жаңылыктардын маанисин арттырып, окурмандардын күргүштөгөн маалымат агымын талдай билишине жардам берет экен.
Ошондуктан да бизге миллиондогон фактылардын чындыгын ачып берген ырастоочу журналистика керек жана ал баарын жеңилдетет, дешет авторлор. Бул – башаламан дүйнөдө баарын ылгап, баарын териштирип отурбастан ыраатуулукка жетишүүнүн оңой жолу экенин баса көрсөтүшөт. Ал эми бул жаңы журналистиканын өзөгүн текшерүү жана синтез түзөт, анткени туура маалымат дагы эле бардык нерсенин пайдубалы эсептелет. Кыскасын айтканда жаңы заманда чындыкка болгон муктаждык азайган жок, кайра көбөйдү, анткени жалган айтуунун мүмкүнчүлүгү да артты.
Журналистиканын чындыгы журналисттен башталат
Журналистиканын чындыгы ал өзүнөн өзү келип кала турган нерсе эмес, ал баалулуктар менен аракеттердин туундусу экенин билип турабыз. Ошондуктан да биздеги журналистиканын баалуулуктары кандай болсо, демек, ошого жараша чындык бар. Ошол журналистиканын баалуулуктарын журналист канчалык билсе, кабыл алса, өз аракеттеринде ошол миссияны алып жүрсө, ошого жараша чындык болот. Журналистиканын чындыгы журналисттердин чынчылдыгынан көз каранды. Бирок, ал эмне дегендик?
Батыштын көптөгөн массалык маалымат таркатуу каражаттары өз иш-аракеттерин тартиптештирүү максатында ички кесиптик кодекстерин иштеп чыгышкан. Мен Америка Кошмо Штаттарында болгонумда да барган редакцияларда алардын өздөрү иштеп чыгып, кабыл алган этикалык кодекстерине кызыктым. Алар өздөрүнүн ички “этикалык конституциясын” иштеп чыкканда кайсы баалуулуктарга, принциптерге маани бергенин, ал принциптер эмнени түшүндүрөрүн жана канчалык баалуу экенин түшүнүүгө аракет жасадым. Өз ара пикир алышканда алардын өздөрүнүн пикирин билүүгө кызыктым.
Дээрлик көпчүлүк редакцияларда этикалык кодексинин алгачкы саптары журналисттин чынчылдыгына (честность) арналыптыр. Редакциялар эң биринчи кезекте журналист чынчыл болушу керек деп эсептеп, ушул баалуулук менен принципти жогору коюшуптур. Мен алардан эмне үчүн ушундай экенин, ал эмнени түшүндүрөрүн жана коом үчүн анын кандай мааниси барлыгын сурадым. Алардын дээрлик баарынын жооптору ушунчалык жөнөкөй, бирдей болду. Ошондо журналистиканын коомдук миссиясы канчалык олуттуу жана жооптуу экенин, аны жүзөгө ашыруучу журналисттерде канчалык оор жүк жана жоопкерчилик барлыгын америкалык кесиптештеримдин кесипке берилгендиги аркылуу дагы бир ирет сездим.
Ошол жактагы кесиптештерим менен сукбатташуулардан улам, кесиптик этика же дегеле этика жана этикалык нормалар тууралуу көптөгөн материалдарды окуган соң менде журналистикадагы “чынчылдык” деген түшүнүк “берилгендик” деген түшүнүк менен катарлаш, маанилеш же бири-бирин толуктап турган семантика экени да сездим. Анткени кайсы бир нерсеге берилгендигиң болбосо, ага карата чынчыл болушуң да күмөн экен, сенин кайсы нерсеге ыйман келтирсең, ошого гана чынчыл боло алат экенсиң.
Менин узак жылдар бойку журналисттик практикам, алган таасирлерим жана билимим, изденүүм ушул корутундуга алып келди: журналисттин кесиптик чынчылдыгы үч маанилүү нерседен турат:
биринчиси, журналисттин өз кесибине болгон чынчылдыгы;
экинчи – журналисттин маалымат булагына болгон чынчылдыгы;
үчүнчү – журналисттин коомго болгон чынчылдыгы.
Булар өз ара бири-бири менен байланыштуу жана ар бири өз алдынча мааниге ээ.
Эгер журналист өз кесибине берилбесе, ага чын ыкласын бербесе, ага карата чынчыл боло албайт; кесибин өз алдынча баалуулук катары, миссия катары эсептей албаса, анда ал кесипти башка баалуулуктарга алмаштырып, сатып кете берет. Деген менен, журналистти жолдон адаштыруучу азгырыктар аз эмес, материалдык байлык, мансап, пайдалуу байланыштар, күнүмдүк майда кызыкчылыктар бар. Эгер кесипке берилгендик жана ага болгон чынчылдык болбосо, журналист ал баалуулуктарды кесибинен жогору коёт, кесиптин тазалыгын жээрийт. Бул Кыргызстанда боло жүргөн норма, бактыга жараша ал бардык журналисттер үчүн эмес, бирок басымдуу көпчүлүгү үчүн. Журналист үчүн журналистиканын баалуулуктары, кесиптик этиканын нормалары, адеп-ахлак биринчи турушу ылаазым. Аны сактабаган киши өзүн журналистмин деп эсептебей эле койсо болот.
Журналист өзүнө маалымат берген булактын алдында чынчыл болууга тийиш. Ал маалмат булагынын кызыкчылыктарын, коопсуздугун сактоого жана коргоого милдеткер. Бул нерсе кала берсе мыйзамда да көрсөтүлгөн, анын баалуулугу мыйзамдаштырылган. Маалымат булагынын кызыкчылыгын өзүнүн кызыкчылыгынан жогору койгон, маалымат булагынын коопсуздугун өз коопсуздугунан артык койгон, маалымат булагынын алдындагы берген убадасын толугу менен аткарган журналист гана чынчыл боло алат.
Журналистика коомго кызмат кылат, кайсы бир тапка же топко, ким-бирөөгө эмес. Ал жеке кызыкчылыктын кызматында болбойт, дайыма коомдук кызыкчылыктын инструменти. Демек, журналисттин коом алдындагы чынчылдыгы өтө маанилүү. Коомго, демек, окурманга, көрөрманга, угарманга калпты таркатпоо, ар тараптуу текшерилген, калыс, жантартпаган, объективдүү негизде алынган чындыкты гана таркатуу, аны чын дилинен милдет катары жүзөгө ашыруу – бул чынчылдык. Коомдо ар кайсы чөйрөлөр, топтор, кызыкчылыктар, багыттар бар, бирок журналист баарынан бийик турууга, чындыкка гана кызмат кылууга тийиш.
Тилекке каршы, Кыргызстандагы кыргыз тилдүү журналистика чөйрөсүндөгү көптөгөн медиа-субъекттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, анда иштеген журналисттер мындай чынчылдыктан алыс. Алардын кызматы, кесиптик аброю, аракети жана умтулуусу – жалпы коомдун эмес, коомдун ичиндеги кайсы бир топтун же жеке кишинин кызыкчылыгына ыктаган. Аларда кесиптин алдында да, коомдун алдында да чынчыл эмес, өз мүдөөлөрүнүн, жеке кызыкчылыктарынын гана кызматында. Демек, журналистикадагы чындык тууралуу сөз кылуунун да кажети калбайт.
Мунун баары журналисттерде теориялык баалуулуктар, журналистиканын маңызы, коом алдындагы нукура миссиясы, этикалык негиздери тууралуу маалыматтын жоктугу же жетишсиздигинен, эгер болгондо да аларды жээригендигинен, кабыл албастыгынан болуп жатат. Мунун баары редакциялар коммерциялык кызыкчылыктарды туу тутуп, кесиптик этикалык нормаларды унуткандыгы, өздөрүнүн аракеттерин, максаттарын биротоло коммерциялаштырып салгандыгы, жасалма баалулуктар менен жашап жатышканы менен түшүндүрүлөт. Өтө кейиштүү.
Бир чындык бар: азыркы Кыргызстандагы болуп жаткан башаламандыктар, адилетсиздиктер, мыйзамсыздыктар коомдо туура эмес, башка баалуулуктардын үстөмдүк кылышынан улам болууда. Коомго керектүү, туура маалыматтар, журналистиканын чындыгы чыркырап таркап турган жерде мындай нерсе болбоого тийиш эле. Кыргызстандагы журналистика аны камсыз кыла алган жок, журналисттер чынчыл боло алышпады. Натыйжада маалымат мейкиндигинде чындыкка жатпаган маалыматтар үстөмдүк кылып, кайсы бир топтун, жеке кишилердин кызыкчылыгы каптап кетти. Катуу жеңилүү болду.
Адамды инсан (личность) катары калыптандыруу тынымсыз жүргүзүлгөн маалымат процесси акрылуу гана болот. Жарандык коомду да активдүү, жогорку деңгээлдеги маалымат процесси калыптандырат. Бүгүнкү Кыргызстандагы абал ошол маалымат процессинин продуктысы катары каралууга тийиш. Мындан чыкты, Кыргызстанда массалык маалымдоо каражаттары бар, бирок журналистика жок. Массалык маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери бар, бирок журналисттер жок деп жыйынтык чыгарса болот. Башкача айтууга да болбой калды.
Жалил САПАРОВ,
“Контент-медиа” коомдук фондунун директору,
Жалал-Абад шаары.