Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналистика жана блогинг

Журналистика жана блогинг

Мурда коомчулукка маалымат салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), журналисттер аркылуу гана тарап келсе, интернет жана социалдык тармактар өнүгүп баштагандан тарта ар бир жаран соцтармакта өз пикирин билдирүүгө мүмкүн болуп калды. Муну менен журналистика менен блогерликтин чеги билинбей, көпчүлүк эл соцтармакта маалымат тараткандарды да журналист катары кабылдашууда.

Укук жана жоопкерчилик

Ош шаарынын тургуну, магистратуранын студенти Нуркалый Толубаев блогерлер интернетте чуу көтөргөн коомдук пикир жаратууну көбүрөөк көздөп жатышканын белгиледи:

«Блогерлер көбүнчө «хайп» кылуу же өзүнүн интернет каналына адам топтоо үчүн ар кандай чуулуу материалдарды таратып жатышат. Алар өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу болгону менен жоопкерчиликти сезбей жатышат», – дейт Нуркалый Толубаев.

 

Илим Карыпбеков

Бир нече жыл бою медиа маселелери боюнча юрист болуп, кийин ири ЖМКны жетектеген коомдук ишмер Илим Карыпбеков маалымат таратуу өтө жооптуу иш экенин белгиледи:

«Айрым маалыматтар коомчулукка, мамлекетке зыян келтирери, муну үчүн кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылары журналисттерге үйрөтүлчү. Бирок, азыр адамдар соцтармакта өзүмдүн ой-пикиримди өзүмдүн баракчама жазууга, башкалардын пикирине комментарий да берүүгө укуктуумун деп, үрөйдү учурган, такталбаган маалыматтарды таратып жатышат. Бирөөлөрдүн жазган кооптуу маалыматтарын андан ары таратуу менен жоопкерчиликти билбей жатышат», – дейт коомдук ишмер.

 

Кыргызстанда ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ (КР Конституциясы. 33-берене).

ЖМК тууралуу мыйзамда: «Коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам журналист болуп эсептелет. Журналист жогоруда аталган жумуштарды өз алдынча же редакциянын штаттык кызматкери болуу менен иштөөгө укуктуу», – деп көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда кесиптик журналисттердин ишмердиги редакциялык саясат, этикалык кодекс жана бир катар мыйзамдар аркылуу жөнгө салынат.

Алтынай Исаева

«Медиа полиси институту» уюмунун юристи Алтынай Исаева блогерлер же жөн гана интернет пайдалануучулар да тараткан маалыматы үчүн жоопкерчиликке ээ экенин белгиледи:

«Кыргызстан мыйзамдарында электрондук медиа, же электрондук ЖМК деген атайы аныктама жок. Бирок, Жарандык кодекске ылайык, Кылмыш майзамдарында жоопкерчиликке тарта турган жагдайлар бар. Бул – бийликти кулатууга, конституциялык түзүмдү бузууга, же улуттар аралык кастыкты козутууга чакырыктар болушу мүмкүн. Эгерде адам мындай маалыматтарды кандай гана болбосун, телеканалдын эфиринде, же кандайдыр бир басылмага маек курганда, же интернет айдыӊында, соцтармактарда пост жазып, же бирөөнүн пикирине комментарий кылса, чындыгында эле бул мыйзам бузуучу билдирүүлөр экени аныкталса, тажрыйба көрсөткөндөй, ал жарандык, же кылмыш-жаза тартибинде жоопкерчиликке тартылат», – деди Алтынай Исаева.

 

Маалымат таратуу кесипкөйлүктү талап кылат

Айрым  блогерлер коомдук маанилүү маалыматтарды ыкчам  таратып, коомдук пикир жаратып, бийликтин чечим кабыл алуу баскычтарына чейин таасир этүүдө. Коомдук ишмер Илим Карыпбеков айрым блогерлер салттуу журналистикадан озуп баратканын белгиледи:

«Салттуу жалпыга малымдоо каражаттарында иштеп жаткан журналисттердин укуктук жактан да, жалпы билим деӊгээли да кескин түрдө төмөндөп кетти. Ошол эле учурда өздөрүн блогер деп тааныштырган, ар кандай маалыматтарды, комментарийлерди жазып жүргөн адамдардын тараткан маалыматтары ыкчам болуп, ой-пикири жогорку деӊгээлде жазылгандыктан, журналист деген кесиптин аброю жоголду, элдин алдында сапаттуу экендиги элге көрүнбөй калды», – дейт Илим Карыпбеков.

Журналисттерди даярдап жаткан окуу жайлар кесипкөйлүк башкы орунда болушун айтышат.

Сейил Эргешова

Ош мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова жарандык журналистиканын өнүгүшүнө санариптик жана мобилдик байланыштардын таасири күч болуп жатканын, антсе да, коомго кесипкөй журналисттер керек экенин белгиледи:

«Блогерлер каалаган учурда каалаган темасын жазып жатышат. Алардын жарыялаган маалыматтары  туура, так экендигин, же туура эмес экендигин далилдеген, чагылдырып жаткан материалында бейтараптуулук каралдыбы-каралбадыбы, ушуларды тескеп, көзөмөлдөгөн эч ким жок. Ошондуктан элге туура эмес, ар кандай маалыматтар таралып кетип жатканын айтсак болот. Өкүнүчтүүсү туура эмес болсо да, маалыматтын коомдук пикир жаратып жатканы. Коом ушундай шартта кесипкөй журналисттерге муктаж болот. Кесипкөй журналист өзү чагылдырып жаткан маалыматтын бейтараптуулугун, окуяны журналисттик иликтөө жүргүзөт, өзүнүн аналитикалык баасын берет», – деди Сейил Эргешова.

Кафедра башчы бүгүнкү күндө ОшМУнун журналистика адистигинде журналистиканын жаӊы багыттарын окуу планына киргизүү аракеттери болуп жатканын кошумчалады.

 

Блогерлер суракка чакырылууда

Коомдук маанилүү маселелерге өз пикирин эркин айткан блогерлерди укук коргоо органдарына суракка чакыруулар акыркы кезде көп катталып жатат.

«Бийлик социалдык тармактарда активдүү болгон блогерлерди суракка чакырып, эскертүүлөрдү берип жатышат. Укук коргоо органдары «араздашууга алып бара турган чакырык кылгандарды чакырып, эскертүү берип жатабыз» деп жатышат. Бирок, кайсы блогерди, же активдүү жаранды кайсы тараткан маалыматы үчүн чакырып жатат, кайсы адамдарды саясий көз карашынын негизинде чакырып жатканын интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү көрүп-билип эле турушат. Бийлик сөз эркиндигин чектөө менен, кайсы бир деӊгээлде тартипке салып коебуз деп ойлоп жатат. Бирок, бул маселе көбөйүп барып, социалдык жарылууга алып келет», – дейт коомдук ишмер Илим Карыпбеков.

Эркина Асанбаева

Журналисттик кесипти аркалап, акыркы жылдары блогерлик менен да алектенип келаткан Эркина Асанбаева блогерлик аябай популярдуу болуп, журналистика менен теӊтайлашып жатканын белгилейт:

«Блогер – бул кандайдыр бир кесипти, ошол эле журналисттик кесипти аркалабастан туруп, канча бир убакытта өзүнүн аудиториясын топтоп, кандайдыр бир пикирлердин лидери болуп, ар түрдүү темада жеке пикирин ачык жана көзкарандысыз жайылта алат. Башка жагынан алганда, кайсы бир ЖМКга же маалыматтык агенттиктерге салыштырмалуу бир нече эсе көп, миӊдеген аудиториясы бар блогерлер бар. Канчалык аудитория көбөйгөн сайын жоопкерчилик да ошончолук чоӊ болорун түшүнүү керек.

Бирок, блогерлер да түрдүү болушат. Мисалы, окурмандарынын эмес, кайсы бир уюмдун же саясий партиянын кызыкчылыгын көздөгөндөр бар. Алар, орой айтканда, кандай болсо да материалдык, же каржылай пайда көрүү жагын ойлогондор. Менин айтайын дегеним, блогерлер абдан чоӊ таасирге ээ. Аны танууга болбойт. Бирок, алар жоопкерчиликти сезишеби, жокпу, бул чоӊ маселе», – дейт Эркина Асанбаева.

Эркина Асанбаева соцтармактарда эркин пикирин билдиргени үчүн УКМКга суракка чакырылгандардын бири.

«Коомдук маанилүү жагдайларга жеке пикириӊи жазып, аны үчүн УКМКга же ИИМге суракка чакыруу кагазы келгенде бүгүнкү күндө блогерлерди коркутуп-үркүтүү оӊой экенин, аларды манипуляция кылуу менен ошол абалда кармап туруу аракети болуп жатканын көрүп, эки анжы абалга түшөт экенсиӊ. Менин мисалымда, бүгүн кайсы бир иш боюнча жөн гана күбө катары чакырылсаӊ, эртеӊ шектүү катары чакырылып калышыӊ ыктымал», – дейт белгилүү блогер.

Эркина Асанбаева блогерлик менен кошо эле журналисттик талдоо материалдарды да даярдап жүрөт. Ал соцтармактарда жазган посттору үчүн суракка чакырылгандан кийин окурмандары дагы көбөйгөнүн, эми өзүнүн жеке каналын ачып, видео тартып, блогерликти өнүктүрүү жөнүндө оюн бөлүштү.

 

Фейктерди медиасабаттуулук теске салат

Социалдык тармактардагы жалган маалыматтардын жайылышын көзөмөлдөйбүз деп, быйыл эл өкүлдөрү Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун Парламентке алып чыгышкан. Бул мыйзам долбоору социалдык тармактарда катуу сынга кабылган. Мыйзам долбоорун депутаттар үч окууда жактырып, бирок, президент Сооронбай Жээнбеков бул мыйзам долбоорду толуктап иштеп чыгуу үчүн Парламентке кайтарган.

Интернет ѳнүккѳн мезгилде маалыматты мыйзам аркылуу көзөмөлдөө акылга сыйбай турганын, эгер  элге маалыматтарды иргеп алууну, чын-тѳгүнүн аныктоону үйрѳтсѳ, фейктер коркунуч жаратпай каларын белгилейт укук коргоочу:

«Фейктерди мыйзам аркылуу жоопко тартабыз деп жатышат. Эгер андай болсо, өлкө калкынын 60-70%ын түрмөгө отургузуу керек болот. Маалыматты таратуунун жоопкерчилигин бала кезден үйрөтүү керек. Башталгыч класстан баштап маалымат айдыӊында сабак өтүү керек. Маалыматты кандай айырмалай билиш керек, маалыматты таратуу эмне үчүн жооптуу жана кооптуу экенин үйрөтүү керек», – дейт Илим Карыпбеков.

 

Журналисттер менен блогерлердин ѳнѳктѳштүгү

Икбол Исаков

Медиа-серепчилер журналисттер менен блогерлер биргеликте натыйжалуу иш аткарса болорун сунушташат:

«Блогерлер сезимтал темаларды тереӊ анализдебей эле видео кылып чыгарып жатышат. Бул көп кесепеттерге алып келет. Мисалы, Инстаграм баракчасында 900 миӊ аудиториясы бар, косметика менен алектенген бир блогердин коронавирус боюнча видеосун көрүп калдым. Видеосунда ал «Клексан», «Гепарин» ичкиле деп кеӊеш берип жатат. Ал кесипкөй дарыгер, вирусолог болбой туруп, жалпыга кайрылуу кылып жатат. Ага жазылгандар видеону дагы таратып жатышат. Мындай сезимтал темаларды кесипкөй журналисттер даярдап берсе, блогерлер өздөрүнүн кенен аудиторияларына таратса, натыйжалуу болот», – дейт медиа-серепчи Икбол Исаков.

Ал эми «Идар Медиа» уюмунун мүчѳсү, медиа-серепчи Тургунбай Алдакулов журналисттердин кызматын пайдалануучу тараптар: мамлекеттик институттар, саясатчылар, бизнес-структуралар соцтармактагы популярдуу блогерлердин кызматын көбүрөөк пайдалана баштаганын, кесипкөйлүккө эмес, аудиториясынын көптүгүнө карап кызматташып жатканын айтты.

Тургунбай Алдакулов

Медиа-серепчи журналисттер менен блогерлер өнөктөш болуп, ѳз ара тажрыйба бѳлүшүшсѳ, натыйжалуу иштер аткарыларын белгиледи:

«Миӊдеген аудиториясы бар блогерлер журналистиканын этикасын, маалымат алуу, жайылтуу мыйзам-ченемдерин үйрөнсө, ал эми журналисттер «дипломум, 30-40 жылдык тажрыйбам бар» деп чыйт түкүрбөстөн, блогерлер колдонгон мультимедиалык каражаттарды, ресурстарды колдонууну, алардын өнүгүү тажрыйбасын өздөштүрүү керек», – деди Тургунбай Алдакулов.

Кыргызстанда блогерлик 2000-жылдардан тарта өнүгө баштаган.

Гүлзат Газиева

Окшош посттор