Сиздердин назарыңыздарга тарыхчы, журналист, публицист Тынчтыкбек Чоротегин менен болгон маекти тартуулайбыз. Материалдан кыргыз журналистикасынын күнгөй-тескейи, артыкчылыктары менен өксүгү жана өзгөчөлүгү тууралуу окуй аласыз.
— Саламатсызбы, Тынчтыкбек агай. Сиз көп жылдар бою кыргыз журналистикасынын эталону саналган «Азаттыкта» иштедиңиз. Эгемендик алган жылдардан бери телчигип баскан кыргыз журналистикасын ичинен көрүп билдиңиз. Акыркы жылдары интернет технологиясынын өнүгүшү менен дүйнө да өзгөрүп жатат. Анын ичинде маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү да кеңейди. Сурайын дегеним, Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгон жылдар менен бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү журналистиканын айырмачылыгы, өзгөчүлүгү, окшоштугу эмнеде?
— Суроону тактайын. Көз каранды болгон мезгил – 1991-жылдын 31-августуна чейинки советтик учур. Көз карандысыздык мезгили – ошол күндөн башталат.
Ал эми совет доору – коммунисттик тоталитардык түзүлүшкө таандык цензура үстөмдүгүнүн мезгили болгон.
Азыркы тапта эгемен Кыргызстанда идеологиялык цензура деген жок, жеке менчик жана башка эркин маалымат каражаттары арбын. Медиа каражаттары сөз эркиндигинин шартында иштеп жатышат. Бул – өзгөчөлүгү.
Окшош жагы – «коомдук» деп аталганына карабастан, өкмөт каржылаган сыналгы каналдар жана басылмалар расмий бийликтин гана көз карашын бир беткей чагылдырууну улантып жатышат. Аларды да боштондукка чыгаруу абзел.
— Кыргызстандагы журналистика, басма сөз эркиндиги дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү эске алуу менен кайсы тармакка басым жасашы керек?
— Менимче, бейтарап болуу – башкы стратегиялык багыт. Калыстыкты кармануу менен бирге кыргыз журналистикасы санарипти, интернетти, мультимедиа усулдарын терең өздөштүрүүсү абзел.
— Балким күнүмдүк жаңылыктардан тышкары аналитикалык, же мультимедиалык материалдарга көбүрөөк басым жасаганы дуруспу? Себеби, азыр дата-журналистика, подкаст, иликтөөчү журналисттерге коом муктаж болуп жүрбөсүн?
— Жогорудагы сөзүмө үндөш суроо экен. Албетте, ар бир рубриканын өз жүгү бар. Бардыгын тең өнүктүрүү керек. Серептер, иликтөө маалыматтары күндөлүк жаңылыктарга терең мазмун берет, алар бири-бирин айкалыштырышы зарыл. Албетте, ар тараптуу сереп (талдоо) көп убакытты жана көлөмдүү эмгекти талап кылат. Коом бардыгына тең муктаж.
Кабарчы маалымат топтогондо өз материалынын кайсы бөлүгү оперативдүү кабарга кетээрин, кайсы бөлүгү көлөмдүү серептин ичине кире тургандыгын ченеп-бычып алат. Ал эми кээ бир татаал иликтөө рубрикалары ар кыл тармактарда иштеген бир нече адистин баш кошуусун талап кылышы – күтүлгөн нерсе.
— Кыргыз журналистикасынын өзгөчөлүгү менен өксүгү эмнеде?
— Кыргыз журналистикасынын азыркы өзгөчөлүгү – тема тандоодогу жана чагылдыруудагы эркиндиги.
Өксүгү – улам жаңы муундагы кабарчылардын жана башка журналисттердин бир кыйласынын тили келегей боло баштады. Андан башка дагы бир байкаганым – айрымдар «эркин журналистика» дегенди кимдир-бирөөнү кемсинтүү, фактыга таянбастан жаманатты кылуу, ушак айтуу, өзүнүн бир беткей оюн таңуулоо укугу катары аңдап алышыптыр. Мындай көрүнүштөр четтен кезигет. Бул – укуктук сабатсыздык менен байланыштуу.
Дагы бир өксүк – жемкорлордун саясий тапшырыгын (буюртмасын) аткарганга маашырланган катмардын пайда болушу.
— Соңку кездери Ютуб каналдар Кыргызстанда бир кыйла өстү. Алардын коомго тийгизген таасирин иликтеген атайын иштер деле жасалган жок. Ошентсе да, алардын көрүлгөнүн (айрымдары 100 миңден ашат) эске алганда кайсы бир катмарга таасир берип жатканы турган иш. “Тез көр”, “Жаман болду”, “Өткөрүп жибербе” деген темалар коюлган видеолорго оюңуз кандай? Аны “жаңы журналистика” же “журналистиканын бир багыты” деп айтууга болобу?
— Азыркы тапта өндүрүлгөндүн бардыгын журналисттик материал катары кабылдоого болбойт. Себеби, санарип жана интернет ыңкылабы ар бир замандашка «анча-мынча журналист» болууга эркиндик берди. Мунун жакшы жагы – саны аз журналисттер жете албаган чөйрөлөрдөн оперативдүү маалыматты калайык өзү жарыялап, жарандык коомду өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандыгы.
Көч жүрө-жүрө түзөлөт эмеспи, террорчулукка, расизмге, диний жана этностук араздашууга, башка жыныстагыны кемсинтүүгө ж.б. антигумандуу жорукка алып келбеген өз демилгелүү видео тасмаларга таптакыр тыюу салбастан, кемчиликтерин ачык сындоо аркылуу сапатын жогорулатса болот.
— Айрым кесиптештер “биздин журналисттер универсал, эртең менен спортту, түштөн кийин саясатты деле “чагып” жазышат” деп калат. Негизи эле журналист өзүнүн кесиптик тажрыйбасын бир тармак боюнча өнүктүрүшү керекпи? Же бул норма Кыргызстандын шартында иштебейби, туура келбейби?
— Журналист көп тилди, көп адистикти өз алдынча үйрөнүү үчүн дилгирлик менен алпурушса, аны колдоо гана керек. Мындан 10 жыл кийин жасала турган ачылыштарга карата биз сөзсүз дилетанттык кылабыз. Бирок дилетант бойдон кала бербестен, мээбизди бир аз иштетип, заманага татыктуу адис болуу үчүн ар тараптуу жана ырааттуу күрөш жүргүзүшүбүз керек.
Өзгөчө саныбыз кыйла аз болгон биздин улутубуздун журналисттери көп тарамдуу болууга умтулушу абзел. Эгерде бир гана кесипке киши байланып калса, анда Чыңгыз Айтматов мал доктур бойдон гана калууга тийиш болчу да.
Мына, кыргызча «Википедияны» толтурууга көп адистер шымалана киришип жатышат, ал коомдук жүрүмдөн кыргыз журналисттери четте калбашы керек, ал үчүн алар интернетти, маалымат технологиясын жакшы үйрөнүүсү абзел. Журналист бир эле учурда компүтердин сырын билсе, сүрөт, видео тасма тарта алса, интернетте текст жана мультимедия материалын редакциялай алса, өз макаласын ар башка тилдерге которо алса – эмнеси жаман?
— Жогоруда сөз кылгандай азыр бизде иликтөөчү журналисттер аз да болсо чыгып келе жатат. Алардын ичинен эң эле көрүнүктүүсү деп Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн айланасындагы окуялар тууралуу иликтөө. Коомдун бүйүрүн кызыткан дагы кандай тармактарда журналисттик иликтөө болсо дейсиз?
— Кыргызстанда айрымдар бир нерсени жакшы түшүнбөй жатышат. Иликтөөчү журналист – бул иликтөөчү ири топтун бир чыгаан мүчөсү.
Кайсы бир журналисттин ысымы алдыга коюлат, бирок анын артында ошол журналисттен кем эмес каарман болгон оператор, мультимедия тейлөөчү, компүтерде ар кыл программаларга жайгаштыруучу, редактор, продюсер, адвокат (укук адиси) сыяктуулар, даярдалган маалыматты туура платформага жайгаштырып, калайыкка үгүт жасачулар коштоп жүрөт.
«Жоону сайса – мен сайдым, аты калды Манаска» деген эр Чубактын айтканынын сыңарындай, орток топтук чыгармачыл ишмердик (team work) жүзөгө ашырылат. Алардын максаты бир болот, ичинен (инсайдер катары) сатып кетчүлөр чыкпайт. Кээде өмүрлөрү тобокелге салынат.
«Азаттык» айрым өрнөктүү изилдөөлөрдү башка шериктер менен чогуу жүргүздү. Ал эч качан «жалгыз жоокер», кыялкеч Дон Кихот эмес.
Мен иликтөө журналистикасы жаатындагы дал ушундай көп тарамдуу кызматташтыкты Кыргызстандагы журналисттер жана медиа каражаттары да уюштура алат деп ишенем. Аларга бейөкмөт уюмдар да колкабыш кыла алышат.
Кызматташтык үчүн алгачкы кадам – бул оболу башка маалымат каражатынын мыкты изилдөөсүн ак дилден колдоого ала баштоо.
Улан Эгизбаев, Али Токтакуновдорго жемкорлукка каршы мыкты иликтөөлөрү үчүн чабуул жасалганда, кайсы ЖМК өкүлдөрү аларды колдоого алышты? Өтө аз колдоо болду, бирок колдогондор чыкканына ыраазыбыз.
— Кыргызстанда актуалдуу, бирок журналисттердин колу, балким убактысы тийбей жаткан темалар кайсылар деп ойлойсуз? Сиздин оюңуздагы өлкө үчүн маанилүү болгон көйгөйлөр кайсылар?
— Ар бир тармактын көйгөйү бар. Бир журналист экономиканы мыкты териштирсе, ага медицинаны да жамап салганыбыз майнапсыз болот эмеспи. Бирок ал экономист журналист мыкты дарыгер менен өз багытына тиешелүү өңүттө маек кура алаары да бышык. Изденүүгө, сыноого чек жок. Адистердин кайчы бүтүмдөрүн журналист эч бурмалабай элге жеткире алса, чыныгы турум кимге таандыктыгын эл өзү салыштырып ылгап алат.
Жалпы эле журналистикабызга авторитаризмге жол бербөө, демократиялык баалуулуктарды кеңири жайылтуу, этностор аралык ынтымакты чыңдоо, тар диний капаска жаш муундарды алдырып жибербөө, маалымат технологиясын эне тилде жайылтуунун жогорку сересине чыгууга салым кошуу, маданий жана тарыхый мурасыбызды кастарлоо сыяктуу узак мөөнөттүк көйгөйлөрдү эскертип айтаар элем.
Бул тармактардын ар биринин өзүнүн көйгөйү көп. Мисалы, Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин экспонаттарды баяндоо мазмуну (контенти) эскиче түзүлүп калды деп уктум, окуу китептерде алешемдиктер орун алганын окудум, коронавируска каршы чалагайым күрөшкөндөрдү ачык сындагандар кысымга алынды деп окуган элем, айрым үй куруучу компаниялар бир үйдү бүтө элек жатып, үч-төрт башка жерде пайдубал орнотуп сугалактанып жатат, деп коомдук тармактардан окудум. Эми ошолор кийинки маалда кантип оңдолуп жатат?.. Маанилүү эмес делчү көйгөй жок ко дейм.
— Акыркы убактарда фейкньюс деген терминди дээрлик бардык эле киши түшүнүп калды. Элди адаштырган жалган маалыматка, бурмаланган кабарларга кантип туруштук берүү керек? Бул нерсе Кыргызстанда соңку парламенттик жана президенттик шайлоо учурунда байкалды.
— Фейктердин уурулугун ачыктык, маалымдуулук, орток ашкерелөө жана жалпы коомдук сабаттуулук аркылуу жеңе алабыз. «Клооп», «Factcheck.kg» сыяктуу медиа каражаттары, өз демилгелүү атуулдарыбыз өрнөктүү иш алып барышууда.
— Социалдык тармактын сиздин күнүмдүк турмушуңуздагы орду кандай? Бул жерден мен сизге дал ушул социалдык тармактын жардамы менен байланыштым. Көп эле кесиптештер айрым мамчиновниктер менен дал ушул соцтармак аркылуу байланышат. Анын коомго тийгизген таасиричи?
— Интернеттеги коомдук тармактар азыркы заманабыздын турмушун демократиялаштырды. Мисалы, «Инстаграмда» ар кыл ийримдер иштеп жатат, «Фейсбукта» жана «Телеграмда» олуттуу маалыматтар ортого салынып жатат. «Твиттерди» падышалар, президенттер, карапайым кишилер, анын ичинде кайырчылар деле бирдей колдонуп жатышат.
Киши кээде иш чачтан көп болгондугуна байланыштуу өз атын деле унутуп коюшу мүмкүн, ал эми интернеттеги коомдук тармактар жакыныңыздын же досуңуздун туулган күнүн, мааракесин эскертет; өзүңүз алыста жүрсөңүз да, видео аркылуу тилек айтып, бата бере аласыз; миңдеген чакырымдар алыста туруп маанилүү эл аралык же жергиликтүү илимий жыйынга катышып, баяндама жасап, дарс окуп, ал түгүл диссертациялык кеңеште добуш берип коё аласыз. Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясы дал ушундай заманбап реформаны жүзөгө ашыргандыгын ыраазычылык менен кошуп айта кетейин. Айтор, виртуалдык дүйнө аркылуу тиричиликтин түркүн көйгөйлөрүн чече аласыз.
Чарчап кетсеңиз, досуңуздун «ВотсАпп» аркылуу келген ыр дестесин же юмор камтылган тасмасын көрө аласыз. Дарыгерлер дары рецептин да электрондук кат аркылуу сизге салып коюшат. Банк эсебиңизде канча тыйын калгандыгын банк кеңсесине барбастан онлайн тактай аласыз.
Эң башкысы – мамлекет кызматкерлери өз кызмат көрсөтүүсүн улам көбүрөөк санарипке жана интернет тейлөөсүнө өткөрүүсү кажет. Бул жаатта да журналисттер ырааттуу түрдө атаандаш байкоо жүргүзүшү зарыл.
Кыргызстан – чакан жана салыштырмалуу либералдуу өлкө болгондуктан, ушул тапта да чөлкөмдөгү коңшуларга караганда алда канча артыкчылыктарыбыз бар.
— Рахмат!
Суроо салган Расул Мурат