Деги эле адамзаттын тарыхында коомду алга жетелөөчү, алтын казык жылдызындай жол көрсөтүп туруучу баалуулуктар, багыттар жана үлгү болчу инсандар болушкан. Коомчулук ошолорго карап түздөнгөн, алардын жолун жолдоп, артынан ээрчишкен. Ошентип, айрым инсандар да жалпы коомдун кай жакка карап өсүшүнө, кайсы баалуулуктарды кармана жүрүшүнө, деги жалпы коомдук бейпилдикке салымын кошуп турушкан.
Бул, албетте, журналистика тармагына да тиешелүү нерсе. Журналистиканын узак жана ар түрдүү оош-кыйыш тарыхында башкаларга эталон катары саналган, өз өрнөгү менен башкаларды жетелеген не бир кыйын журналисттер чыгышты. Алардын өрнөгү жалпы журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө, багытына жана баалуулуктарына кыйла күчтүү таасир көрсөткөн.
Батыш журналистикасынын өрнөгү
Журналистика негизи ошол жактан келди. Жалпы коомду өнүктүрүүдөгү негизги кыймылдаткыч күчтөрдүн бири болуп калды. Коомдун кантип, кайсы баалуулуктар жана багыттар менен алга жылышына журналистиканын таасири улам барган сайын арта берген эле. Анткени жалпы өнүгүү өз ара карым-катнаштарсыз алдыга жылышы такыр мүмкүн эместигин адамзат коому мурда эле аңдаган. Ал эми ошол коомго таасир берип турган журналистиканын өзү да тигил же бул баалуулуктарга, багыттарга, өрнөк-үлгүлөргө мужтаж болуп турат, ансыз дүкүлдөп өнүгүү, локомотив болуу мүмкүндүгү кайдан?
Биз суктанган АКШнын журналистикасында ушундай эталон журналисттер көп болду. Американы өзгөрүүгө дуушар кылган, өз мезгилинде коомго катуу таасир этип, коомдук пикирди, кабыл алуучу чечимдерди өзгөртө алган атактуу, кыйын журналисттер менен азырга чейин сыймыктанышат. Албетте, эч ким периште эмес, эч ким кынтыксыз эмес, бирок башкаларга үлгү боло алган кыйын чыкма кесипкөйлөр тууралуу азырга чейин расмий аңыз кеп айтылат.
Мисалы, 19-кылымдагы дискуссиялык журналистиканын королу атанган Хорас Грили, ошол мезгилдеги “сары” прессанын королу Уильям Херст, бетчүмбөттү ачуу журналистикасынын королу Ида Тарбел, саясий журналистиканын королу Эдвард Марроу сыяктуулардын өз мезгилинде жасаган иштери, ийгиликтери тууралуу ушул күнгө чейин суктануу менен айтылып келет. Башкасын айтпа, 19-кылымдын экинчи жарымынан 20-кылымдын башталышына чейин Джозеф Пулитцердин журналистика майданындагы аракеттери канчалаган ызы-чуу жаратып, коомдогу адилеттиктин, ачык-айкындуулуктун башкы критерий экенин ташка тамга баскандай көрсөтүп бериши эле эмнени айтып турат. “Чыныгы жоопкерчиликтүү сезим-туюм гана журналистиканы өзүмчүл максаттарды көздөгөн жана коомдук бейпилдикке каршы аракет кылган колунда бар таптын алдында кул болуудан сактап кала алат” деген анын айтып кеткен кеби азырга чейин унутулбайт. Анын керээзи боюнча 1917-жылдан бери коомду өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошо алган журналистика жана өнөр багытындагы мыкты инсандар менен жамааттарга Пулитцер сыйлыгы ыйгарылып келет жана ал сыйлык Америка коомунда бараандуу деп эсептелинет.
Жыйырманчы кылымдагы америкалык журналистика иликтөөчүлүк багытында өнүгүп, дүйнөлүк журналистика тармагына жакшы үлгү көрсөттү. “Уотергейт” ишин иликтеген журналисттер, “Вашингтон пост” гезитинин кабрачылары Карл Бернстайн жана Боб Вудворд 2 жыл бою Уотергейт жаңжалын иликтеп, бүткүл дүйнөгө чындыкты алып чыгышты. Ошол кездеги президент Никсондун администрациясы кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ошол кезден бер жакка иликтөө журналистикасы улантылып келе жатат жана бүгүнкү күндө Кыргызстанда да колго алынып калды.
Деген менен, 20-кылымда америкалык журналисттер не бир шедевр аракеттерин жасабады дейсиң, ошол эле “Вашингтон пост” гезити Вьетнамдагы согушка байланыштуу Пентагондун аскердик жашыруун документтерин жарыялап, эмне деген ызы-чуу жаратышпады. Деги эле ушул гезит менен “Нью-Йорк таймс” гезитинин өз ара атаандашуусунан Америка коомчулугу эмне гана утуштарга ээ болбоду. Санай берсе өтө көп.
Бүгүнкү күндө да америкалык журналисттер коомдун ачык-айкындуулугун, коомчулукка бийликтер жана башка кызыкдар тараптар жашырган маалыматтарды ачык жеткирип берүү ишинде ийгиликтерди жаратып келишет. Алардын кесипкөй аракети аркасында жалпы Америка утуп жатат жана бул башкаларга үлгү.
А кыргыз журналистикасында кандай?
Эгемендик алгандан берки кыргыз журналистикасында өзгөрүүлөр көп болду, бардык өзгөрүүлөрдүн артында, албетте, бир катар журналисттердин, журналисттик жамааттардын иш-аракетти турат. А негизинде эгемендик мезгилдеги алгачкы аракеттер мурдагы советтик-партиялык журналистиканын көчүн улай жаралып, бирок ага 20-кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымында келген “маалымдуулук” процессинин эпкини кыйла таасир берди жана ачык-айкындуулук үчүн болгон умтулуштар кыйла жандуу жүрдү.
Эгер эгемендик мезгилиндеги кыргыз журналистикасынын өсүп-өнүгүшүнө үңүлө карап көрсөк, анда негизинен үч этап байкалат. Биринчи этап, бул 90-жылдарга мүнөздүү. Мурдагы советтик-партиялык журналистиканын принциптеринен, баалуулуктарынан жаңы, батышта калыптаган чыныгы журналистиканын принциптерине өтүү мезгилиндеги чабуул коюучу журналистикага туура келет. Экинчи этап болсо, бул 2000-2010-жыл ичиндеги журналистика, мында эл аралык стандарттарды жайылтуу, аймактарда медиа-инфраструктураны кеңейтүү, жаңы стандарттык базаларды түзүү, көз карандысыз журналистика менен өкмөттүк медиа-каражаттарынын ортосундагы карама-каршылыктын күчөгөн мезгили болуп калды. Андан кийинки мезгил 2010-жылдан бери кайра келет, бул олигархиялык басма сөз каражаттары өкмөттүк басма сөз каражаттарынан демилгени жулуп алган, же коомдун кызыкчылыктарына ыктаган жеке менчик журналисттиканын айрым кууш кызыкчылыктарга өтүп кеткен мезгили. Азыр ушул багыт улантылып жаткандагы кербези.
Деген менен, ар бир мезгилдин өз каармандары бар, алар ошол мезгилдеги негизги багытты аныкташкан, башкаларга үлгү болуп, башкаларды ээрчиткен. Демек, кайсы бир баалуулуктарды, принциптерди таркатышкан же бекемдешкен. Жаштар, башкалар аларга карап түздөнүшкөн, багыт алышкан, үйрөнүшкөн. Ошентип журналистикадагы кайсы бир жалпылык келип чыккан. Кайсы бир журналисттин же жамааттын тийгизген таасирисиз жакшы нерселер, жаңы көрүнүштөр өзүнөн өзү болуп калбайт да.
Бирок, алар кимдер? Кайсылар? Кыргыз журналистикасында мээнет кылып жаткандар кимдерди өз мезгилиндеги эталон деп эсептешет? Эмнеге жана кантип? Биз ушул суроолорду айрым кесиптештерге берип көрдүк жана ар кандай жоопторду алдык. Сурообуз негизинен 90-жылдардагы журналистикага жана 2000-жылдардан бери жагына тийиштүү болду.
Албетте, бул кичинекей гана чалгын-аракет, бул жалпы иликтөө эмес, ир алды үйрөнүү, билүү максаты гана болду. Ошондуктан мындан жалпы жыйынтыктарды чыгарып ийүү да туура эмес болуп калар. Деген менен, ушул багытта каза турган дың, жасай турган аракеттерибиз көп болорунан кабар берди.
Мурда кимдер эталон эле?
Айрым кесиптештерге “Эгемендик жылдарынын башталышында, 1991-2000-жылдары кыргыз журналистикасында эталон катары саналган, башкалар аларга карап түздөнүшкөн үлгүлүү, алдыңкы журналисттер болгон. Сиздин оюңузча алар кимдер эле? Алардын кайсы сапаттары башкаларга үлгү болчу?” деген собол узаттык. Чынында, бул оңой көрүнгөн суроого дароо бышыктап жооп берүү айрым кесиптештерге кыйын окшоду, бирок жооп беришти. Борбордо иштегендер менен аймактарда иштегендер берген жооптор да айырмаланды, ал түшүнүктүү.
Айрым журналисттердин айтымында, мурдагы этапта (90-жылдар, 2000-жылдардын башталышы) айрым журналисттер тайманбас, коркпос болушкан, ар кандай иликтөөлөрдү жүргүзүп, коом алдында айрым элементтердин, фактылардын бетин ачып турушкан. Ошентип алар башкаларга үлгү боло алышкан. Бирок, балким алар саналуу гана болушса керек.
Мисалы, “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редакторлугу кызматынан жакында эле баш тарткан журналист, Бишкектеги “Журналисттик иликтөөлөр агенттиги” менчик ишкананын ээси Курманбек Мамбетовдун оюнча төмөнкүдөй.
“Албетте, ошол мезгилдерде чыгаан журналисттер бар эле, алардын башкаларга таасири болгон, башкаларга үлгү көрсөтө алышкан. Мисалы, “Вечерний Бишкек” гезитинде Кабай Карабеков деген журалист иштеген. Ошол маалда ызы-чуу салган иликтөө макалалары, бет алганынан кайра тартпаган, коркпогон сапаттары бар ушул сыяктуу журналисттер болгон. Бирок, буларды эталон деп караса болобу же жокпу, анысын так кесе айта албайм. Кантсе да алар башкалардан айрымаланышканын айтууга болот”, – дейт ал.
Ал эми “Азаттык” радиосунда көп жыл аймактык кабарчы болуп иштеген, кала берсе коммунисттик доордо да аймактык гезитти башкарып келген, азыркы учурда Жалал-Абад областтык медиа-борборунда иштеп жаткан ардагер журналист Ырысбай Абдыраимов 90-жылдары “Respublca” гезити кыргыз журналистикасына жаңы көрүнүштөрдү алып кирип, коомчулукка жаңы таасирлерди бергенин айтат.
“Өткөн кылымдын 90-жылдарында эталон болгон журналисттердин ана башында, менин оюмча, совет мезгилинде “Комсомолец Киргизии” гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеп, өлкөбүз көз каранды эместикке жетишкенден кийин коомдук-саясий “Respublca” гезитин ачкан экс-элчи Замира Сыдыкова жана аны менен чогуу ошол басылмада кызмат кылган кабарчылары турат. З. Сыдыкованын өзгөчөлүгү – 2000-жылга чейинки саясий-экономикалык, коомдук жана маданий окуяларды объективдүүлүк жана жан тартпастык менен, өмүрүнө коркунуч туулуп турса да коркпостон, куугунтук жана бийликтин басым жасаганына карабай, өз көз карашын түз чагылдыргандыгында. Акаевдин бийлиги учурунда эч кимге сатылбай, камакка түшсө да, өз максатынан кайтпай, беттегенин берген эмес”, – дейт ал.
Ошондой эле ал З. Сыдыкова менен эле бирге журналистикадагы мыкты сапаттары менен белгилүү болгон кинорежиссер Дооронбек Садырбаевди, журналисттер Эсенбай Нурушевди, Нарын Айыпты, экс-элчи Кубан Мамбеталиевди, Оксана Малеваннаяны башкаларга үлгү болчу жактары көп журналисттердин катарына кошот. Бул журналисттер мурда-кийин коомдун өзгөрүүсүнө, көз карандысыз журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошо алган деп эсептейт.
Айрым кесиптештер мурда-кийин аймактык журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошкон, аймактарда жаңы, эл аралык стандарттардын негизинде аракет кылган журналистиканы калыптандырууга эмгек сиңирген журналисттер болгонун эске алышат. Алардын айтымында, ушул багытта аракет кылган айрым журналисттерди эталон катары бааласа болор эле. Мисалы, Оштогу Т. Турсуналиев атындагы медиа мектебинин жетекчиси, медиа-эксперт Данияр Садиевдин пикиринде, жаңы көрүнүштөрдү жайылтуучулук аракети өз кезегинде журналистиканын өзгөрүшүнө баалуу таасир берди.
“Биз 2000-жылдардан баштап чыйыр салган журналисттер арасында аймактык журналистиканы өнүгүшү үчүн салым кошкондорду эске албай коё албайбыз. Мисалы, ошондой журналисттер арасында Марат Токоев, Бакыт Орунбеков жана Жалил Сапаров сыяктуулардын орду өзгөчө. Өлкөнүн түштүк аймактарында иштеп жаткан жамааттарга, журналисттерге эл аралык стандарттарды кеңири жайылтуу ишин ушул журналисттер активдүү алып барышты. Кайсы бир жакшы өзгөрүштөргө өз салымдарын кошушту. Коомго керектүү маалыматтарды жеткирүү, чындыкты ачыкка чыгаруу, журналистиканын коомго кызмат кылышын башкаларга жайылтуу жагынан булар алдыңкы кесипкөйлөрдөн болушту. Булар жаш журналисттерди тарбиялоо, окутуу, окуу китептерин которуу жана жазып чыгаруу жагын да колго алышып, бир катар мыкты журналисттердин калыптанып чыгышына жол ачышты”, -дейт ал.
Жаш журналисттер, тилекке каршы, 90-жылдардагы жана 2000-жылдардын башталышындагы журналистикадан, журналисттерден кабары азыраак экен. Ал кездеги журналистиканын оош-кыйышы, журналисттердин аракети тууралуу маалыматтардын аздыгынан биз салган суроолорго жооп бере алышпады. Деген менен аймактык журналисттердин арасында ошол 90-жылдардагы журналисттер менен журналистиканын азыркыга салыштырмалуу коом үчүн канчалык мааниси жогору болгону тууралуу жакшы пикирлер барлыгы байкалат. Айрыкча ошол мезгилдеги журналистиканын агартуучулук миссиясы азыркы журналистикада жок экени тууралуу өкүнүү менен кеп кылышат.
Ош шаарында иштеген журналист Гүлбара Мамазияева 90-жылдардагы, 2000-жылдардын башталышындагы журналистика азыркы журналисткага караганда бийик турган деп эсептейт. Ошол кездеги журналистиканын артычылык сапаттарын санап, журналистиканын өзү эле коомдо эталон болгонун эскерет.
“Ошол кездеги телерадиодо айтылган, көрсөтүлгөн, гезитте жазылган нерсе окурмандар үчүн мыйзамдай бекем кабыл алынчу эле. Анткени, анда айтылгандар, жазылгандар жалган-жашык эмес, чындык эле, катасы да болчу эмес экен көрсө. Ошонусу менен ал убактагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын агартуучулук жагы абдан жогору болгон экен. Муну мен 2000-жылдарда мектепте мугалим болуп жүргөндө абдан билдим. Анткени, мугалимдер кокус бир сөздүн кантип жазылуусун билбей же ката жазып алчу болсок, гезитти карап оңдоп алчубуз, себеби, гезитте ката жазылчу эмес. Ошол кезде гезитте да, телерадиодо да түбөлүктүү темаларга орун берилчү, айгай салган майда темалар жок болчу”, – дейт ал ошол кездеги журналистиканын эталондук сапаттары тууралуу.
Г. Мамазияева ал кездеги журналистиканын жакшы сапаттарын ошондой сапаттагы сабаттуу, кесипкөй журналисттер түзүшкөнүн бегилейт. Ошол кездеги аймактык журналисттер артынан өчпөс из калтырышканын айтат.
“Айтылуу “Ош жаңырыгы” гезитинде раматылык Алмаз Нурдинов, Талант Моңолбаев сыяктуу журналисттер менен иштештим. Алардан гезитке жазуунун көп сырларын үйрөндүм. Алар канча окусаң да эскирбеген макалаларды жазышчу, башкаларды тарбиялашчу. Аймактык журналистика тармагындагы өчпөс из калтырган инсандар эле. Тилекке каршы, ошондой журналисттерибиз калбай баратат”, – дейт ал.
Азыркы журналистиканын эталону барбы?
Кантсе да учурдагы журналистикада башкалардан ат чабым алдыга кетип, журналистиканын миссиясын ишке ашырып жаткан журналисттер бар экен. Жаңы багыттар, көрүнүштөр, кала берсе ийгиликтер болуп жатканын айтышат. Деген менен, ар кайсы кесиптештин өз пикири бар, өз баасы бар, ал жалпы пикирди билдире албайт, бирок жалпы тенденция барлыгын көрөтөт.
Биз кесиптештерге “Азыркы учурдагы кыргыз журналистикасында жаш журналисттер карап түздөнүшө турган, үлгүлүү, алдыңкы журналисттер барбы? Болсо кимдер деп ойлойсуз? Алардын кайсы сапаттары үлгүлүү?” деген собол таштадык. Жооптор төмөнкүдөй болду.
Оштогу “Ынтымак” телеканалынын Жалал-Абад областындагы кабарчысы, жаш журналист Кабылбек Көчкөнбаев өзү эталон катары эсептеген журналисттер тууралуу минтип ой бөлүшөт:
“Учурда Кыргызстанда көп кыйын журналисттер бар. Мен билгенден, мындан 10-15 жыл мурдагы журналисттер менен азыркы журналисттердин сапатында өтө чоң айырма бар. Бизде учурда кесипкөй журналисттерге караганда кайсыл бир топ же кайсыл бир адам үчүн иштеген журналисттердин агымы күч. Мен, маселен, Эрнис Кыязовдун аналитикалык материалдарын көрүп, ушул тармакка кызыга баштагам. Ар бир берүүсүн (“Багыт”) күтүп, кызыгуу менен көрчүмүн. Анткени ал мамлекеттик телеканалда (КТР, ЭлТР) иштегени менен коомдун көйгөйүн ачык алып чыкчу. А азырчы? Мамлекеттик медиада иштегендер акты кара, караны ак кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Андан кийин раматылык Улан Эгизбаев жарк этип чыга келди. Анын иликтөөлөрүндөй иликтөө Кыргызстанда, кыргыз тилдүү журналисттер арасында жасала элек болчу. Анын ар бир материалы мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, резонанс жаратчу. Улан Эгизбаевге ошол иликтөөлөрү үчүн, коркутуулар, эскертүүлөр болду. Бирок, ал чындыкты айтуудан кайтпады. Ар бир журналист эле билет, иликтөө материал үчүн өмүрү коркунучта экенин. Улан да билген, бирок, анысынан баш тарткан жок. Чынында Улан Эгизбаев чыныгы журналист кандай болушун жаш журналисттерге көрсөтүп кетти”.
Деген менен, азыркы учурда Улан Эгизбаевдин жолун жолдоп келаткан журналисттер жок эместигин эске алат К. Көчкөнбаев. Мындай учурда өз демилгеси менен коомдогу ачык-айкындуулук үчүн аракет кылып жаткан эркин журналисттерге жеңил эмес.
“Ал эми учурда Ыдырыс Исаков эркин журналист катары элдин көйгөйүн жакшы чагылдырууда. Ушул сыяктуу журналисттердин бизге эң эле үлгү болчу жактары – тайманбастыгы, кайсыл бир адамга, же адамдардын тобуна, же өкмөткө көз каранды эместиги. Анткени Кыргызстандын шартында эркин журналист, иликтөөчү журналист болуунун өзү кыйын – бизде коррупция эң жогорку чекте! Андан калса, финансылык тартыштык да журналисттердин калыс, коом кызыккан темаларды алып чыгуусуна жолтоо болуп келет”, – дейт ал.
Жалал-Абад шаарындагы жаш журналист, “Акипресс” басылмасынын Жалал-Абаддагы пунктунун кабарчысы Эмир Сариев өзүнүн журналист катары калыптанып келатышына кимдер таасир эткенин айтып, дегеле аймактардагы айтылуу журналисттердин коомчулукка көрсөткөн таасири маанилүү экенин эске алат.
“Мен 2000-жылдары жан үрөп иштеген журналисттерден Ырысбай Абдыраимов, Элима Джапарова, Гүлбара Кенжеева жана Гүлжан Алтымышбаева сыяктууларды билип калдым. Алардын мага жакшы таасирлери болду. Баарынан да 2002-жылкы Аксы коогалаңындагы элдик көтөрлүштү чагылдырууда Ырысбай Абдыраимовдун эмгеги чоң болду. Ошол мезгилде ал агай “Азаттык” радиосунда эмгектенип, ыңкылабдын жүрүшү тууралуу так маалыматты үзбөй берип турганын өзгөчө баалайм”, – дейт ал.
Ошол эле кезде Эмир Сариев азыркы жаш журналисттерге өзгөчө таасир калтырып жаткан окуялар, иликтөөчү журналистиканы алдыга сүрөп, башкаларга үлгү болуп келаткан журналисттерди атайт. Алардын коомго, журналистикага тийгизген таасирин жогору баалайт:
“Ушул мезгилде көпчүлүк окурмандар, жада калса биздей жаш журналисттерди иликтөө журналистикасы кызыктырып жатат десем калп айтпайм. Буга чейин кыргыз бажысынын мурдагы төрага орун басары Р. Матраимовдун мыйзамсыз иштери, алардын шектүү байлыктары тууралуу “Азаттык медиа”, “Кloop” жана анын өнөктөшү OSSR менен бирге Али Токтакуновдун иликтөөлөрү өзгөчө суусап турган окурман, көрарманга жеткиликтүү болду. Иликтөөчү журналисттин ар бир сөзү жөндүү, факты менен айтылганы таңдантты. Азыркы учурда жаштар үлгү алчу журналисттерден Али Токтакунов, Болот Темиров жана Сабыр Абдымомунов бар деп эсептейм. Алардын ар бир жасаган материалдары өзгөчөлөнүп турат”.
Жалал-Абаддык ардагер журналист Ырысбай Абдыраимов азыркы журналистика айдыңында бир эмес, бир өңчөй журналисттер башкаларга үлгү таратып иштеп жатканын айтат. Мурдагы үлгү журналисттердин жолун улай, изден тайбай бараткан журналисттерди белгилейт.
“Азыркы учурдагы эталон журналист деп Эсенбай Нурушевди, Нарын Айыпты, Али Токтакуновду, Ыдырыс Исаковду, Кубанычбек Жолдошевди атай алам. Себеби, булар ар бир макаласында козгогон темаларын айныксыз далилдер менен ар тараптуу иликтеп чыгарышууда. Айрыкча Али Токтакунов сынга алган каармандары жана ал каармандарынын кошоматчылары түрдүү жалаалар менен ушактап, интернет желелерде байма-бай көөлөп-шыбап жатса да, миллион сомдук доолору менен сотко берип, коркутушса да максатынан, терең маанилүү макалаларын жарыялоодон баш тарта элек. Каршылаштары сатып алабыз дешсе да ага макул болгон жок”, – дейт ал.
Деген менен, азыркы учурда да мыкты, эталон журналисттер жок эмес, бирок жалпы журналистика өзү эталон боло албай калды, жагымсыз тендениялар жүрүп кетти деп, мунун өзү азыркы журналистиканын мактанарлык абалын түшүндүрбөйт деген пикирлер да жок эмес экен. Мисалы, Оштогу Т. Турсуналиев атындагы медиа мектебинин жетекчиси, медиа-эксперт Данияр Садиев азыркы журналистика бир катар позициялардын, өзүнүн накта эркиндиги жагынан утулушта экенин айтыт.
“Албетте, азыркы кезде бизде эркин журналистиканын майданында эталон болгон журналисттерибиз жок эмес, бир топ бар. Бирок, алардын бар экени жалпы журналистиканын утушу менен коштолгон жок. Кийинки кездерде жеке менчик, партиялык, жеке кызыкчылыкты коргогон маалымдоо каражаттары көбөйүп, эл аралык донорлор эркин журналистиканы мурдагыдай көп колдобой калып, ошонун натыйжасында накта эркин журналистика мурдагыдай канатын кеңири жая албай калды. Ошонун кесепетинен бир катар мыкты деп эсептелген журналисттер да эркин позциясынан тайып кетишкенсиди”, – дейт ал негизги тенденцияга баа берип.
Ошентсе да кыргыз тилдүү журналистикада терс нерселерге чабуул коюучу журналистика жашап, иштеп жатканын Данияр Садиев мойнуна алат. Ал чынында эле бар, аракет кылып жатат.
“Азыркы учурда эталон болуучу аракеттерди “Азаттык”, БиБиСи сыяктуу радиолор, “Клооп.kg” сыяктуу басылмалар көрсөтүп жатышат. Айрыкча Али Токтакунов өзүнүн иликтөө материалдары менен үлгү болууда. Азыр арабызда жок Улан Эгизбаев дагы бизде актуалдуу. Ушулар азыр жаш журналисттер арасында эталон болуп турушат. Мына Болот Темиров азыркы кезде журналистикадагы жаңы багытты – фактчекингди алып чыкты, жакшы аракет жасап жатат. Бул жаш журналисттерди тартып, кызыктырып, ээрчитип жатат. Жакшы көрүнүш”, – дейт ал.
Ошол эле кезде Д.Садиев кыргыз тилдүү журналистика орус тилдүү журналистикадан артта калганын жашырбайт. Айрыкча маалыматтарды коомго жеткирүүдө заманбап медиа-инструменттерди, технологияны колдонуу жагынан кууп жете албай жатканын баса белгилейт. Мунун себеби катары кыргыз тилдүү ЖМКлардын маалымат саясатынын туура эместигин көрсөтөт, себеби алар эркин эмес, кайсы бир саясатчынын же бай кишинин колундагы инструменттер. Демек, алардын алдында турган милдеттер да, алардын колдонуучу инструменттери да примитивдүү.
Айрым журналисттер, кантсе да, учурдагы журналисттер менен журналистикага бир аз пессимисттик көз караштан карашары маалым болду. Алардын пикиринде, азыр журналисттерге чыныгы эталон боло ала турган журналистти так кесе атоо кыйын. Канчалык мыкты болгону менен толук эталон боло албай жатышат.
Бишкектик белгилүү журналист Курманбек Мамбетов өзүнүн мындай пикирине себептерди да атайт.
“Ооба, азыркылардын ичинде көп эле белгилүүлөрү, салыштырмалуу мыктылары бар, жок деген деле туура эмес. Бирок канча айткан менен да алар эталон боло албайт го. Боло албаган себеби: журналисттер саясий топтор менен байланышып кеткен, алардын кызыкчылыгын коргойт, алардын душмандарын сындайт, объективдүү маалымат катары бергенге аракет кылганы менен даана калыстык жок. Мындай учурда бир беткей эле ким бирөөнү эталон деп атап коюу туура эмес. Биз баа бергенде да объективдүү болууга аракет кылалы”, – дейт ал.
Ал эми Ош шаарындагы журналист Гүлбара Мамазияева жалпы жонунан журналистика артка кеткенин, себеби сабаттуу жаштар аз болуп калганын айтып, мындан ары өнүгүп кетүү кыйынчылыгын белгилейт.
“Тилекке каршы, илгеркидей сабаттуу журналисттерибиз калбай баратат десем болот. Сабаттуулардын көпчүлүгү пенсияда жүрүшөт. ЖМКларда анча-мынчалары иштеп жүрүшөт. Өкүнүчтүүсү – сөз кадырын билбеген, сөздү таптап барктап жаза албаган журналисттер көбөйүп кетишти. Кээ бир жерлерде эптемей эле журналисттер иштеп жатышат, муну менен коомду, жаштарды алдыга жылдыруу кыйын”, – дейт ал.
Биздин корутунду
Албетте, биздин кесиптештерге таштаган собол, аларга алынган жооптор кеңири иликтөөдөн алыс, кеңири корутунду чыгарууга кеңири маалыматтык негиз да боло албайт. Бирок, кечээки менен азыркынын негизги тенденцияларына, жалпы жонунан назар салып, бүтүм чыгарууга жардамы тиер деген үмүт гана.
Жогорудагы кесиптештердин жоопторуна карасак, кыргыз журналистикасында коомго да, журналистикага да таасир эткен тенденциялар, журналисттер дайыма эле болуп келе жатат. Ар бир мезгилдин өзүнүн кыйынчылыктары, каршылыктары, мүмкүнчүлүктөрү бар экен, ошолор аркылуу муктаждыктар жаралып, зарыл процесстер от алат экен. Ал процесстер ошол мезгилдин каармандарын, эталон-үлгүлөрүн жаратат экен. Бул кыргыз журналистикасындагы өзүнчө таржымал, мектеп, негиз катары терең изилдөөлөрдү талап кылган, баасын алышы керек болгон көрүнүштөр экен.
Дагы бир нерсе, жаш журналисттер арасында эми гана отуз жылдык тарыхы бар эгемен кыргыз журналистикасынын басып өткөн жолу, анын оош-кыйыштары, эталондору менен кейиштүү жагдайлары тууралуу маалымат дээрлик жок экен. Бул жаштар арасында тигил же бул көрүнүштөрдү, багыттарды же баалуулуктарды тандоо маалында таасир эте турган нерсе, ошондуктан да бизде бул өксүктү толтуруу зарылдыгы бар экен.
Ойлондурган нерсе, жооп берген дээрлик бардык кесиптештер журналистиканын жана журналисттердин эркиндиги, көз карандысыздыгы мурдагыдай бекем эместиги, калыстыктан, принциптерден тайып кетишкендиги, жеке саясий кызыкчылыктарга жем болуп жатканы тууралуу айтышты. Кызыккан тараптар, күчтөр журналистиканы өз миссиясынан кайтарып, жеке кызыкчылыктарга багындыруу аракетин жасап, бул маанилүү тармак жеке максаттарга жетүүнүн инструменти болуп калып жатканын бегилешти. Бул кейиштүү көрүнүш.
Бирок, ошол эле кезде жакшы тенденция бар экен. Ушундай кыйын кезеңде кыргыз журналистикасы чыныгы эркин журналистикага кайрадан жаңы из салып жатканы тууралуу жакшы кабар айтылды. Муну журналист Данияр Садиев төмөнкүчө белгиледи:
“Ырас, бизде журналисттердин, жалпы журналистиканын кыйынчылыктары арбын. Каршылыктар да көп, кемчиликтер да андан көп. Бирок, эң башкысы, бизде журналистиканын жаңы, үмүт туудурган толкуну пайда болду. Бул – жаштар арасында эч кимге көз каранды болбогон, эркин журналистиканы карманган журналисттердин келиши. Мурда айтканыбыздай эле Али Токтакунов, Болот Темиров сыяктуулар жаңыча аракеттерди башташты. Булар эч кимден көз каранды болбогон эркин журнализмге чыйыр салышты. Алардын артынан эркин багытты тандаган жазма жана видео блогерлер да пайда болушууда. Мисалы, Ыдырыс Исаков сыяктуулар. Булардын пайда болушу менен Кыргызстандагы маалымат майданын ээлеп алган олигархиялык-партиялык медиа-каркас бузулду, маалыматтык моноплия сынды, эми чыныгы эркин көз караштарды таркатуучу медиа калыптанып келе жатат. Жеке кызыкчылыктар ээлеп алган социалдык тармактарда эми чыныгы эркин көз караштардын, жалпы коомдук кызыкчылыктардын желаргысы жүрө баштады. Бул абдан жакшы көрүнүш, үмүт тутанткан жакшы тенденция. Чыныгы эркин, көз карандысыз журнализмге негиз салынып жатат”.
Жалил Сапаров