Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда журналисттердин өмүрүнө тобокелдиктер жаралган

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда журналисттердин өмүрүнө тобокелдиктер жаралган

“Бир учурда эле тажик аскерлери тарабынан ок чыгарылып, кыргыз-тажик чек арасынан алыстап, Баткен шаарына барып, аралыктан эле маалымат ала турган болдук. Биз өтө турган жолдо да ок атуу болуп жатканы, өтүү кооптуу экени айтылгандан кийин орто жолдо калдык, – деп 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасынадагы каргашалуу окуяны журналист Нургазы Жайнаков баяндап отурду.

 

“Башыбыздан октор учуп өтүп жатты”

28-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр “Головной” суу бөлүштүрүүчү объектисине камера көзөмөлүн орнотуудан башталган. Алгачкы күнү жергиликтүү эл бири-бирине таш ыргытканын расмий органдар ырастаган. 28-апрелге караган түнү ок атылганы айтылып, маселени жеринен чагылдыруу үчүн эртең менен Баткен шаарынан 10дой кыргызстандык журналист Көк-Таш айылына барат. Күтүлбөгөн жерден ок атылганы үчүн медиа өкүлдөрү артка кайтып, окуяга редакциянын кеңсесинен эле көз салып турушмай болот. Өтө турган жолдо да абал кооптуу экенин уккан соң орто жолдо коопсуз жайга турууга туура келген.

“Көк-Таш айылынын жогору жагында туруп калдык. Ал жер журналисттер үчүн аябай кооптуу эле. Буга чейин мындай кырдаалга туш болбогонубуз үчүн коопсуздук эрежелерин сактоо, өзүбүздү кантип алып жүрүүнү билбегенибиз даана байкалды. Жөнөкөй да, артиллериялык да октор атылып жатты. Ал учурда өмүрүбүз коркунучта эле”, – дейт Н.Жайнаков.

Журналисттер 28-апрель күнү алгач Көк-Таш айылынын борборуна барышкан (1-локация). Түшкө чукул “Головной” суу бөлүштүрүүчү аймагында болушкан (2-локация). Ок атылган соң кайра Көк-Ташка кайтып келишкен. Жол жабылып, унааларга, ал жерде турган жарандарга ок атылганын угуп, Көк-Таштын жогору жагында баш калкалап турушкан (3-локация).

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, абалдын курч экени өлкө аймагына желдей эле тарады. Чек арадагы кырдаал күндүн темасына заматта айланып, башка аймактардан да медиа өкүлдөр Баткенге барып жатты. “Клооп” сайтынын кыргыз редакциясынын журналисти Эльвира Султанмуратова Баткендин Көк-Таш айылына барганда Төрт көчө аймагы жабылып, ал жерди күч органдары кайтарып турган. Бирок абалды туруктуу деп айтууга болбос эле. Анткени атылган октордун үнү даана угулуп турган.

“Биз чек арадагы элдин үнүн угуп, ал жердеги кырдаалды чагылдыруу үчүн барганбыз. Журналист экенибизди билдириш үчүн атайын кийимдерди кийип жүрдүк. Медиа өкүлдөрүнө карата ал жердеги элдин эки башка көз карашы бар эле. Айрымдары биздин жүзүбүздү, позициябызды билип калса, тажик тараптын органдары артыбыздан түшүп, издөө салып, чара көрүшү мүмкүн деп чочулап жатты. Чогулуп тургандардын бир бөлүгү бизди кубаттап, өз оюн айтып, бийликке үнүбүз жетиши керек деген ойдо болду. Биз дагы алардын уруксаты жок тарткан жокпуз. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жүзүн, санын көрсөтпөгөнгө аракет кылып жаттык”, – деди Э.Султанмуратова.

Ал дагы жогоруда баяндалган журналисттердин абалына туш болгон. Ошол эле күнү “Головной” тараптан Көк-Таш айылына кайтканда тынымсыз ок атышуу башталган. Ошол замат коопсуз жерге өтүп, бетон тосмого жашынып турууга аргасыз болгон.

“Биз турган жердин жогору жагында аскердик кароол мунара болгону үчүн октор, жардыруучу каражаттар улам атылып жатты. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаасы келип, бизди эвакуация кылды. Кийин ошол жерде турган унааларга ок атылып, ал жерден каза тапкандары да болду. Эгер ӨКМдин унаасы келип, бизди куткарбаса, биздин өмүрүбүз коркунучта кала бермек”, – дейт журналист.

 

Тажикстандык журналисттердин да өмүрүнө коркунуч жаралган

Тажикстандын Asiaplus.info маалымат агенттиги да чек арадагы окуяга тынбай көз салып турган. Бизге аталган басылманын ошол учурда жасаган иши тууралуу журналист Бахманёр Надиров маалымат берди. Айтышына караганда, 28-апрелде кырдаал курчуган маалда аталган медианын жергиликтүү кабарчысы Халимжон Джураев окуя болгон жерден чагылдырып баштаган. 29-апрелде абал дагы эле оор бойдон калганы үчүн агенттиктин Согду облусунун борбору Худжант шаарындагы журналисти “Головной” жакка барган. Ал журналисттик жумушун аткарып жатканда ок атуу башталып, өмүрүнө коркунуч жаралган.

“Кыргыз тараптан атылган октор журналисттин өмүрүн тобокелге салып, коопсуз жерде баш калкалоого аргасыз кылган. Кийин жергиликтүү жашоочулардын биринин үйүндө, андан соң ошол жердеги мечитте коргонду. 4 сааттан соң аны коопсуз жайга, тагыраагы, Чорку аймагына баруусун камсыздадык”, – дейт Бахманёр Надиров.

 

Расмий маалыматтар жетиштүү берилип жатты

“Клооп” сайтынын журналистинин айтымында, 28-30-апрелдеги окуяда жергиликтүү элден маалымат алууда кыйынчылык жаралган эмес. Болгону айрым адамдардын өздүгүн ачыкка чыгарбоо, аскердик техникаларды, куралдуу күчтөрдүн жоокерлерин тартпоо сыяктуу эрежелерди сактоого туура келген. Бирок да блогерлер жана айрым жергиликтүү тургундар окуя болгон жердеги бардык көрүнүштү, кыймылды тартып, интернетке кеңири жайгаштыра башташкан. Мындай көрүнүштөн чочулаган жергиликтүү эл журналисттерге да маалымат айтып, оюн билдирүүдөн баш тартып калышканын Нургазы Жайнаков ырастады.

Бахманёр Нодировдун айтышында, Тажикстандын тиешелүү органдары да бул жолку чек ара чырында буга чейинкилерине караганда оперативдүү иштеп, тиешелүү маалыматтарды бат таратып турду. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдар расмий маалыматтарды болушунча ыкчам берип турганы үчүн бул жагынан маселе жаралган эмес. Бийлик буга көңүл буруп, алгачкы жолу фейк маалыматтарды колдонбоо керектигин эскертти.

“Окуя болгон жерден маалымат берип туруу үчүн журналисттин коопсуздугу коркунучта болчу. Ошол себептүү чегинүүгө туура келген. Биз эл аралык стандартты сактаган медиа катары эки өлкөнүн тең маалыматын тең бергенге аракет кылып жаттык. Биздин бийлик дагы маалыматтардын ачык-айкын айтылышына кызыкдар болду. Себеби блогерлер жана жарандар такталбаган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салганы үчүн ЖМКлар кеңеши кайрылуу жасап, эскертти”, – дейт Б.Нодиров.

 

Изилдөө: Жергиликтүү жашоочулар медианын иши алардын келечек планына таасир берерин айтышкан

2018-жылы Deutsche Welle Academie долбоорунун алкагында чек ара аймактарында тынчтыкты орнотууга көмөктөшүү жана эки өлкөнүн журналисттеринин кызматташтыгын жакшыртуу максатында сурамжылоо жүргөн. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарынын жашоочуларынын дээрлик 90% ЖМКларда жаңжалдардын чагылдырылышы алардын эмоционалдык абалына, тынчсыздануусуна жана келечек пландарына чоң таасирин тийгизерин тастыкташкан. Тургундар такталбаган фактылар, эмоционалдык билдирүүлөр, толук эмес жана такталбаган маалыматтар, жаңжалдын курчушу жөнүндө ушактар алардын жашоосуна терс таасирин тийгизип жаткандыгын – бул коркуу сезимин, тынчсызданууну, туугандарынын жашоосу үчүн коркуу сезимин жаратарын белгилешкен.

“МедиаКонсалт” фондунун жетекчиси, жогорудагы долбоорго координатор болгон Эльмира Токтогулова чек арадагы кырдаал, жашоо-турмуш чыр чыккан учурда гана чагылдырылып жатканын сынга алды. Бишкекте жүргүзүлгөн сурамжылоодо жаш жигиттин Баткен Кыргызстанга караган облус экенин билбегенин айтып, көйгөйдүн олуттуу экенин түшүндүрдү.

“Кыргыз тараптагы медиалардын кемичилиги катары чыр-чатак болгон учурда жаңылыктарды жаратуу менен чектелбестен, чек ара аймагындагы жашоону толук жана туруктуу чагылдырып туруу үчүн ал жерде жакшы жабдуулары бар туруктуу иштеген корреспонденттик пункттардын жоктугун айтсак болот. Бишкек шаарынын жаштары сурамжылоого кандайча жооп беришкени эсиңиздеби? Алар Баткен Кыргызстандын бир бөлүгү экендигин билишкен эмес. Бул маалыматтык вакуум – ар бир региондун жана борбордун бири-биринен обочолонушунун натыйжасы. Ал эми тажик тараптагы чоң маселе – маалыматтын жабыктыгы жана цензура”, – дейт Э.Токтогулова.

Чек ара көйгөйлөрүн чагылдырууда журналист эмоцияга, агрессияга алдырбай, такталган маалыматтарды бейтарап негизде таратуу маанилүү жана оор иш болуп саналат. Анткени бул теманы көбүнчө жергиликтүү журналисттер көтөргөнү үчүн өзүнүн же жакындарынын позициясы аралашып, сезимдерине алданып калышы мүмкүн. Ошол себептүү Интернет айдыңында ар кандай троллдордун, фейк маалыматтардын таасири артып бараткан учурда медиа өкүлдөрү журналистиканын этикалык нормаларын бекем сактоонун мааниси артат.

“Тренингден өтүп, туура жана бейтарап чагылдырган 5-7 ЖМК социалдык тармактардын жалпы агрессивдүү-жасалма тонун жана алардын аудиторияга тийгизген зор таасирин жок кыла албайт. Бирок ЖМК журналистика эрежелерин сактоого милдеттүү, биз дагы деле болсо алардан фактыларды издеп жана эрежелер менен иштешин каалайбыз. Буга тиешелүү стандарттарды окутуу жана аны сактоо түшүнүгүн жайылтуу уланат, антпесе башаламандык болот”, – дейт Э.Токтогулова.

2018-жылы өткөн сурамжылоодо кыргыз-тажик эли бири-бирин жакындан тааныбай турганын, жашоонун жакшы жактары, адамдар жөнүндө кызыктуу, оң маанайдагы окуяларды, айрыкча жаштар арасындагы кызматташтык жөнүндө көбүрөөк материалдарды жасоону өтүнүшкөн. Эки өлкөнүн тең журналисттери жана медиалары бул корутундуга да маани бериши абзел. Андан тышкары чек арага жакын жайгашкан эки өлкө аймактарынын тең ар кандай социалдык-экономикалык, турмуштук маселелерин байма-бай көтөрүп, алардын чечилишин камсыздоо менен элдин нааразычылыгын, агрессиясын төмөндөтүүгө да басым жасалышы керек. Бул иштердин баары журналистиканын эл аралык стандарттарына, этикалык нормаларга таянылып жасалышы – баарынан маанилүү.

Түмөнбай Абдинаби уулу

Окшош посттор