“Глобалдык медиафорум – 2020” жыйынында журналисттерди жаңы дүйнөлүк тренд катары конструктивдүү журналистикага кайрылууга чакырышты.
Онлайн режиминде декабрда өткөн “Глобалдык медиафорум — 2020” жыйынында ар кыл өлкөлөрдүн абройлуу эксперттери аудиториянын жаңылыктарга карата жалпы терс мамилесин белгилешти. Коронавируска байланыштуу кырдаал жана бардыгын чырмаган көңүл чөгүү менен үмүтсүздүк адамдарды телени өчүрүүгө мажбурлады. Дүйнө боюнча жалпы тынчсыздануу күч алды – кеп адамзаттын психикалык ден соолугунун начарлашы жөнүндө болуп жатат.
Форумдун катышуучулары иштин мындай абалына көп жагынан ЖМК күнөөлүү деген жыйынтыкка келиши, көбү маалыматты берүүнүн белгилүү бир ыкмасына көнүп калган: көп учурда факт кабарланат же көйгөй коюлат, бирок аны чечүү жолдору сейрек сунушталат. Бүгүнкү күнү так ошол нерсе адамдарга жетишпей турат.
Глобалдык суроо-талап
Журналистиканын алтын эрежеси болгон үч W — What-Where-When (Эмне-Кайда-Качан) – эми мурдагыдай иштебейт. Адамдар караңгылыктын артынан жарыкты көргүсү келет, алар көйгөйдү кантип чечүү жолун айтып берүүнү каалашат. Так ушундай журналистиканы форумдун эксперттери конструктивдүү деп аташты.
Негизи конструктивдүү журналистика — жаңы көрүнүш эмес. Көптөгөн басылмалар көйгөйлөрдү чечүү жолдору сунушталган материалдарды мурда да чыгарып, азыр дагы жарыялап келет. Бирок бүгүн конструктивдүү журналистикага глобалдык талап жөнүндө жана журналисттик материалдарды берүүнү жалпы өзгөртүү тууралуу сөз болуп жатат.
Конструктивдүү журналистика “Глобалдык Медиафорумдун” жыйыныктоочу сессиясына арналган, анда ушул мамиле аудиториянын басма сөзгө карата терс көз карашын басаңдатууга жардам бере турганы айтылган. Конструктивдүү журналистика окурман (көрүүчү) менен жоготулган ишенимдүү алаканы кайра курууга көмөктөшөт. Эң акыры барып ал адамдардын психикалык абалын жакшыртууга жөндөмдүү, бул аларга оптимисттик маанайда болушуна жардам берет, шыктандырат жана дем-күч берет.
Журналисттик материалдарды мындай берүү, жаңылыктар кызматтарына аудиториянын сенсациялар жана дезинформация бузган ишенимин калыбына келтирүүгө жардамдашат.
Бөлүктөргө көңүл буруу
Форумда негизги баяндама менен сөз сүйлөгөн Германиянын Федералдык мекемесинин мамлекеттик министри Мишель Мюнтеферинг коронавирус пандемиясы ЖМК карата ансыз деле өсүп бара жаткан нааразылыкты күчөттү.
«Белгисиз вирус» алдындагы коркуу» кутумчулук теориясы үчүн мыкты себеп болуп берет. Белгисиздикке туш келген адамдар мүмкүн болушунча анык маалымат алууну эңсейт. Бирок биз дагы майда-чүйдөлөргө кыраакы болуп жана бүгүн биз ошол вирус жөнүндө аз биле турганыбызды дагы түшүнүүбүз керек», – деди ал.
Даниялык журналист жана Room of Solutions консалтинг фирмасынын негиздөөчүсү Герд Мария Мэй, конструктивдүү журналистика – бул «бүткүл көрүнүшкө жалпы көз караш» – деген пикирин кошумчалады. Ал окуялар жана адамдар жөнүндө материалдарды жазууда «перспектива бар окуяны» кадам артынан кадам менен көрсөтүү үчүн STEP ыкмасын (solution, trust, engagement, perspective — чечим, ишеним, катышуу, перспектива) пайдаланууга кеңеш берди. Анын пикири боюнча, мындай мамиле журналистиканы адамдарга жакындатат.
Шашылыш тыянак чыгарбагыла
Бирок бул, тескерисинче, журналисттер жагымсыз окуяларды чагылдырбаш керек дегенди билдирбейт. Форумда Splice Media уюмун негиздегендердин бири Ришад Патель, журналист чагылдырылып жаткан көйгөйдүн ыктымал өнүгүшүнө жана чечүү жолдоруна абдан кылдат жана тең салмактуу карашы керектигин айтты. Эгерде ал маалыматтын жетишсиз экенин жана аны текшерүүгө болбой турганын билсе, анда кандайдыр бир божомолдордон жана тыянак чыгаруулардан таптакыр карманганы туура болот.
«Биз тараптан сунушталган чечимдер чындап эле реалдуу экенине өзүбүздүн көзүбүз жетиши керек. Аудитория журналист текшерилген жана анык маалыматты бергенде гана ЖМКга ишене баштайт», – дейт Ришад Патель.
Бейтараптык
Мындай мамиленин тобокелдиктеринин бири, журналист кээде материалдын темасына абдан катуу кызыгып алган болот жана айрым учурда тигил же бул көйгөйдүн чечимдерин сунуштоо менен чындап адашып калышы ыктымал. Мындай тобокелдиктен сактануу үчүн журналист биринчи кезекте фактыларды кабарлай турганын, жеке кеңеш бербестигин унутпаш керек.
Журналист жана Solutions Journalism Network уюмунун европалык менеджери Нина Фашионун жеке пикири боюнча, журналисттер «кандайдыр бир активизм менен алектенбеш керек», – деп айтты. Кээде журналист кандайдыр бир коммерциялык эмес коомдук уюмдун мүчөсү болуп калат жана ага «көйгөйдүн үстүнө чыгууга» кыйын болот.
Конструктивдүү журналистика глобалдык тренд катары
Талкуунун бардык катышуучулары конструктивдүү журналистика бүткүл дүйнө боюнча кабыл алынат жана кабылданууга тийиш деген пикирге токтошту. Бул эч кандай материалдык чыгым талап кылбаган, бирок бүткүл адамзатка зор жагымдуу таасирин тийгизе турган саналуу жаңы ыкмалардын бири болуп саналат.
Ой жүгүртүүнүн башкача мүнөзүн кабыл алуу дүйнөнү өзгөртөт. Ал эми материалдарга карата конструктивдүү журналистика мамилесин өнүктүрүү менен биз көптөгөн адамдарды жаңылыктардан качырбай, аларды которуп көрүүгө түрткү беребиз.
Елизавета Александрова, “Журналист”
Макаланын түп нускасы бул жерде.