Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Басма сөз кызматы жана тил

Басма сөз кызматы жана тил

Башкы прокурор мыйзам бузган жок

Быйылкы ноябрь айынын башталышында мамлекеттик кызматтын жетекчиси менен журналисттердин ортосундагы бери эле болгондо өз ара түшүнбөөчүлүк орун алган окуя жүз берди. Бул бир эсе журналисттердин укуктарына, бир эсе мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына тиешелүү маселе эле.

Тактап айтканда, 4-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы журналисттер үчүн басма сөз жыйынын уюштуруп, анда Башкы прокурор Курманкул Зулушев орус тилдүү журналисттердин берген суроосуна расмий тилде жооп берүүдөн баш тарткан жана мамлекеттик, башкача айтканда, кыргыз тилинде жооп берген. Журналисттердин берген маалыматында, К. Зулушев орус тилин жакшы билээрин, бирок мамлекеттик тилге болгон сый-урматы үчүн кыргыз тилинде гана сүйлөй турганын айткан. Ошондой эле журналисттерди, демек, башка тилдүүлөрдү кыргыз тилин үйрөнүүгө чакырган.

Vesti.kg сайты 2020-жылдын 4-ноябрь күнү саат 11.47де интернетке жайгаштырган Курманкул Зулушев: Я не буду отвечать на официальном языке” аттуу жаңылык маалыматында, Башкы прокурор кириш сөзүн сүйлөгөн соң ушул сайттын кабарчысы андан сүйлөнгөн сөздөрдү мамлекеттик тилде да кайталанарын же кайталанбасын сурагандыгы, ал эми Башкы прокурор аны мамлекеттик тилде кайталагандан баш тартканын жазат. Мындай маалыматты башка сайттар да жазып чыгарышкан.

Албетте, мамлекеттик жогорку органдын жетекчисинин мындай аракети социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Мамлекеттик тилди билбеген журналисттер жана аларга жан тарткандарга бул нерсе жакпаганы, ал эми мамлекеттик тилдин күйөрмандарына өтө жакканы дароо эле билинди. Фейсбук социалдык тармагында К. Зулушевдин бул аракетин мактагандар, мамлекеттик тилди жактагандар көп болду. Айрымдары бардык эле чиновниктер мамлекеттик тил жагынан Башкы прокурордун позициясын карманышы керектигин жазышты.

Эген унута элек болсок, Кыргыз Республикасынын премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да журналисттер үчүн уюштурулган басма сөз жыйынында расмий тилде берилген суроолорго кыргызча жооп берген. Жооп берердин алдында ал өзүнүн ой-пикирлерин кыргыз тилинде эркинирээк жана жеткиликтүүрөөк айта аларын, ошондуктан кыргыз тилинде эле жооп берүүнү туура көргөнүн айткан. Кыргыз тилин билбеген журналисттер арасында анын бул аракетин ошол убакта сынга алышкан эмес, балким түшүнүү менен кабыл алышкан.

Чынына келгенде Башкы прокурор басма сөз жыйынында мамлекеттик жана расмий тилде, эгер кааласа экөөнүн биринде сүйлөөгө, жооп берүүгө укуктуу, ал өзүнүн иши. Ушул жагынан алганда ал мыйзамды деле бузган жок, аны бул жагынан айыптоого дегеле мүмкүн эмес. Кааласа англис тилдүү журналисттерге деле кыргыз тилинде жооп бериши мүмкүн, анын эрки, мыйзам жол берет. Бирок, эгер бул окуяга, маселеге тереңирээк үңүлө карасак, жөн-жайын чечмелесек, анда башка жыйынтыкка келүүгө да мүкүн. Анткени кеп таптакыр башка жакта.

 

Басма сөз кызматы өз кызыкчылыгын камсыз кылбады

Канткен менен жогорудагы мисалда мамлекеттик тилди билбеген журналисттердин мамлекеттик органдардан же кызмат адамынан маалымат алуу жагынан чектөөгө кабылып калышканын жашырбайлы. Бул жерде басма сөз кызматынын даярдыгынын жоктугу көзгө даана көрүнүп турат, себеби басма сөз жыйынындагы келип чыгуучу бардык нерселерге, дегеле басма сөз жыйынынын уюштурулушунун максатынын ишке ашырылышына да басма сөз кызматы жооптуу экенин унутпашыбыз керек.

Деги эле басма сөз жыйыны, брифингдер, маалымат жайылтуу же алмашуу багытындагы медиа-жыйындар эмне максатты көздөйт. Максат – тигил же бул кызматтын, компаниянын маалымат саясатын ишке ашыруу, анын ишмердүүлүгү, тигил же бул тема боюнча позициясы тууралуу маалыматты коомчулукка, ал эле эмес эл аралык коомчулукка болушунча толук жеткирүү, ал кызматтын аракеттерине болгон сырткы дүйнөнүн түшүнүүсү, демек, ага болгон ишенимди камсыз кылуу. Демек, бул максаттын аткарылышы үчүн басма сөз кызматы иштеп жатат, демек, ал кызмат ошол максаттын ишке ашырылышын болгон аракети менен камсыздашы ылаазым.

Бирок, дайыма эле биз ойлогондой болбой калат. Буга Башкы прокурор катышкан басма сөз жыйыны ачык мисал болуп бере алат. Маселен ошол басма сөз жыйынын өткөрүү ойдон жок жерден чыга калбаса керек. Бул Башкы прокурор менен басма сөз кызматынын алдын ала пландаган, конкреттүү максаттарды камтыган расмий иш-чарасы болгондон кийин, демек, ошого жараша жыйынга келүүчү медиа-контингентти да аныкташкан. Ал контингентте кыргыз тилдүү эле эмес, башка тилдүү журналисттер да чакырылары да алдын ала каралган болуш керек. Ошону үчүн да 4-ноябрь күнү ал басма сөз жыйынына башка тилдүү журналисттер барышты да.

Басма сөз жыйыны тууралуу маалымат таркатылып, журналисттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарын чакырган соң, басма сөз кызматы аны эч бир кемчиликсиз өткөрүү багытында алдын ала даярдык иштерин көрүүгө милдеткер. Жыйын өткөрүлүүчү жайды даярдоо, андагы техникалык каражаттардын камсыз болушуна көңүл буруу ж.б. Ошол эле кезде жыйынга катышуучу негизги объект – жетекчи же адис, же башка киши кайсы тилде сүйлөй турганы, котормо менен камсыз кылуунун зарылдыгы барбы же жокпу, аны да карап коюш керек. Балким негизги объект мамлекеттик тилде же расмий гана тилде сүйлөй алат, анда журналисттер үчүн котормо болуусу зарыл да. Мындай нерсени, болгондо да Бишкек сыяктуу баш калаада, эске алуу бүгүнкү күндүн талабы.

Деген менен, басма сөз кызматынын ишмердигин жүргүзүүнүн конкреттүү принциптери болот. Жалал-Абад шаарынан 2013-жылы жарык көргөн “Басма сөз кызматы” аттуу китепте (Ж. Сапаров, “Басма сөз кызматы”, Жалал-Абад, 2013-ж.) басма сөз кызматынын 4 пункттан турган иштөө принциби тууралуу айтылат. Анын бири “Тең укуктуулук же тең бирдейлик принциби” деп аталат. Анда минтип жазылган:

“Тең укуктуулук же тең бирдейлик принциби – бардык массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун маалыматка болгон мүдөөлөрүнө, керектөөлөрүнө, суроо-талаптарына бирдей, тең, тегиз кароо жана аны камсыз кылуу. Басма сөз кызматтары өз өнөктөрүн дос же кас бөлүү менен, же болбосо айрым тараптар менен жылуу алакалар түзүп, башкаларга сыртын салуу менен компаниянын аброюна жана кийинки имиджине катуу сокку даярдайт. Маалыматка жетүүнүн эркиндигин камсыз кылган мыйзамдар жана Башкы мыйзам басма сөз кызматтарынан маалымат булагы катары ачык-айкын гана эмес, маалыматка жетүү укуктарынын камсыз кылынышын да талап кылат. Ошону үчүн маалымат менен камсыз кылууда бардык тараптардын, атуулдардын укуктарын бирдей сакташы тийиш”.

Басма сөз кызматы жыйынга келген журналисттердин мүдөөлөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн, керектөөлөрү менен суроо-талаптарын толук камсыз кылуу аркылуу гана өз максатынын – коомго максаттуу маалыматтарды таркатууну жана сиңирүүнү ишке ашыра алат. Журналисттерге маалыматтардын көбүрөөк, жеткиликтүүрөөк жетишине карата шарттарды түзүүгө аракет кылышы абзел. Жогорудагы китепте басма сөз жыйынын даярдоо жана өткөрүү тууралуу кеңири жазылып келип, жогоруда айтылгандардын маанисине токтолот:

“…басма сөз жыйынынын негизги максаты – компаниянын же уюмдун максаттарына, кызыкчылыктарына туура келген маалыматты коомчулукка кеңири таркатуу жана түшүндүрүү, коомчулукту кайсы бир деңгээлде тигил же бул нерсеге ынандыруу… Эгер компания басма сөз жыйыны аркылуу өзүнүн көздөгөнүн журналисттерге кенен жана терең жеткире салса, аларды ынандыра алса, анда бул иш-чара ийгиликтүү өткөн болуп эсептелет”.

Ал эми андай болбосо, албетте, ийгиликсиз болот.

Эгер Башкы прокуратурада өткөн басма сөз жыйынындагыдай башка тилдүү журналисттердин кенен жана толук маалымат алышын тил аркылуу чектесе, алардын мүдөөлөрү жана керектөөлөрү камсыз болбосо, ошентип алар тийиштүү маалыматты ала албай калышса, анда басма сөз жыйыны максаттына толугу менен жетти деп эсептөөгө болбойт. Андай болсо, техникалык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып котормо менен камсыз кылуу зарыл эле. Эгер аны да жасоого болбосо, анда башка тилдүүлөрдү жыйынга чакырыштын да зарылчылыгы болбойт калат. Ал эми бул Башкы прокуратуранын басма сөз жыйынын өткөрүү боюнча көздөгөн максаттарына канчалык туура келерлигин айтуу кыйын.

Бир сөз менен айтканда, Башкы прокуратурадагы басма сөз жыйыны жакшылап ойлонулуп, толук кандуу пландалып даярдалбаганы көрүнүп калды. Эгер бул орган маалымат таркатуучулар – журналисттерди өзүнүн түпкү максаттарын орундоо жагынан олуттуу өнөктөшү, жардамчылары деп эсептесе, алардын мүдөөлөрүн, укуктарын, суроо-талаптарын эске алуусу, тең укуктуу жана тең бирдей кызматташуусу ылаазым. Мында эң башкы ролду басма сөз кызматы ойнойт.

Биз чет өлкөлөрдө басма сөз кызматтары кандай иштээрин, алар коомчулукка маалымат таркатуу жагынан журналисттер менен кантип иштешерин да билебиз. Журналисттерге техникалык, тил, байланыштар жагынан канчалык ийкемдүү жардам беришерин билебиз. Кыргызстанда да ушундай эле тийиштүү деңгээлде кызматташууну камсыз кылуу зарылдыгы, басма сөз кызматтарынын жалпы деңгээлин жогорулатуу жагын ойлонуу, аракет кылуу зарылдыгы бар.

 

Тилди колдонуудагы укук жана кызыкчылык

Кыргыз Республикасында кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий тил макамында. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинде ташка тамга басылгандай жазылган. Тактап айтканда, ушул берененин 1-пункту Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат”, 2-пункту “Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат”, 3-пункту “Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет” деп турат.

Демек, өлкө аймагында жарандар же башка атуулдар мамлекеттик органдардан же кызмат адамдарынан карым-катнаш тили катары мамлекеттик тилди да, расмий тилди да бирдей эле талап кылууга укуктуу. Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызыкчылык барлыгы үчүн орус тили расмий макамды алып, орток тил катары колдонулууда, бул реалдуудуктан ар ким, анын ичинде Башкы прокурор да өз алдынча чыгып да кете албайт. Демек, жогоруда айтылгандай, башка тилдүү журналисттердин капачылыгы да жок жерден эмес, мыйзамдуу негиз бар экен.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамдын 7-статьясынын 3-пунктунда “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган документ бир нече тилде болгон учурда, ал документ маалымат сураган адам кайрылган тилде берилүүгө тийиш” экени жазылган. Демек, маалымат берүүчү тарап расмий тилди билсе, колдоно алса, анда башка тараптын расмий тил аркылуу маалымат берүү суроо-талабын канааттандырбай баш тартышы туура эмес.

Буга чейин мамлекеттик чиновниктер басма сөз жыйындарында, башка да форматтагы иш-чараларда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, суроо кайсы тилде берилсе, ошол тилде жооп берип эле келишкен. Коомчулук тигил же бул чиновниктин расмий тилди жакшы билбегенин, жакшы сүйлөй албаганын сындап, мазактап да келишкен. Бул деле биздин реалдуулугубуз. Акыркы кездерде жаштардын жана чиновниктердин басымдуу бөлүгүнүн кыргыз тилинен башка тилди жакшы билбестиги даана эле көрүнүп турган көйгөй. Антейин десең, жаштар менен чиновниктер жада калса мамлекеттик тилди – эне тилин да жарытып билбей жатышат. Бул өзүнчө көйгөй, өзүнчө кеп.

Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү гана эмес, сактап калуу, улам кийинки муундардын жалгыз энчисине айландырып, анын өмүрүн узартуу умтулуштары күч. Айрыкча коомчулук арасында мындай умтулуу, аракет арбын жана бул көрүнүш кай жагынан албайлы өзүн актаган нерсе. Бирок, Кыргызстан эл аралык коомчулуктун субъекти болгон себептүү, биз каалайбызбы же жокпу, ааламдашуу процесстери артка кайтпай турган нерсе болгондуктан, бизде көп тилди билүү зарылдыгы да жок эмес. Биздин өлкө сырткы дүйнө менен мамлекеттик да, жамааттык да карым-катнашын Бириккен Улуттар Уюмунун жумушчу тили катары кабыл алынып, кеңири таркалган тилдер аркылуу жүргүзүүгө мажбур. Ошондуктан, биздин мамлекеттик тилден башка тилди обу жок жээрий бергенибиз туура болбой калат. Бул биздин зарылдык, биздин кызыкчылык эсептелет, биз дүйнөгө башка тилдер менен гана чыгабыз.

Ал эми биздин ишмердикти чагылдыргысы келген журналисттерге карата тилдик же башка белгилер боюнча жээриме адатты таштап, алар менен жакын кызматташуу, өз ара түшүнүүчүлүк менен сабырдуулук – бул биздеги элементардык укуктун урматталышы жана маданияттын барлыгы. Анан калса, бул биздин кызыкчылыгыбыз да эсептелет.

Жалил САПАРОВ,
“Контент-медиа” коомдук фондунун директору,
Жалал-Абад шаары

Окшош посттор