Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Аймактык маалыматтар жетишсиз. Эмне себеп жана эмне кылуу керек?

Аймактык маалыматтар жетишсиз. Эмне себеп жана эмне кылуу керек?
https://pixabay.com/

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет сайтарда, социалдык тармактарда да Жалал-Абад областынын аймактарынан алынган жаңылыктар жеткиликтүү эмес, анын сапаты да жакшыртууну талап кылат. Мындай пикирлерин жарандык коомдун өкүлдөрү да, журналисттер да, бийлик структураларынын кызматкерлери да билдиришүүдө. Алардын пикиринде, мындай абалга кептелүүнүн айрым себептери бар жана андан чыгуунун жолдору да жок эмес.

Атуулдар аймактардан маалымат жетишсиз дешет

Жарандык коомдун өкүлдөрү, карапайым окурмандар, көрөрмандар жана угармандар ар кайсы аймактардагы калктын жашоосунда эмнелер болуп жатканы, кандай окуялар жүз бергени, карапайым жарандын жашоосунда эмне өзгөрүүлөр барлыгы, жергиликтүү бийлик органдары эмне иш жасап жатышканы, элет жашоосунун күңгөйү менен тескейи тууралуу маалыматтар аз болуп жатканын, журналисттер, маалымат таркатуучулар ушул маселеге азыраак көңүл буруп, негизинен эле саясий темалар көптүгүн айтышууда.

Сузак районунун тургуну Абдурасул Дарманов маалымат таркатуучулар саясий жаңжалдарды таркатуудан башкага азыраак көңүл буруп жатышкандарынан тажаганын айтат.

“Мен телевизорду аз көрөм, негизги маалыматтарды интернеттен алам. Бирок, интернетте саясат жана жаңжалдар эле көп чагылдырылып, коомдун турмушу, аймактардагы калктын жашоосу, жергиликтүү бийликтердин ишиндеги ийгилик менен кемчиликтер тууралуу өтө аз берилет. Мен, мисалы, алыскы Чаткалда же Токтогулда эмне болуп жатканына кызыгам, бирок ал жактар тууралуу маалымат жок. Кала берсе биздин районубуздун аймагындагы жаңылыктарды билбей калабыз. Журналисттер аймактардагы жашоо тууралуу аз чагылдырышат. Менимче, Жалал-Абад облусунун бардык аймактары тууралуу интернетте бат-бат чагылдырып турушса, баары үчүн жакшы болот эле. Элибизге да, бийликтерге да”, – дейт А.Дарманов.

Ноокен районунун тургуну Илясбек Камалов да ушундай эле пикирде. Аймактык жана борбордук жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү калктын турмушуна тиешелүү жаңылыктарды аз чагылдырып жатканына кейийт. Баары эле саясий темадан алыстай алышпайт деп эсептейт.

“Жергиликтүү аймактар тууралуу маалыматтарды аймактык жана борбордук маалымдоо каражаттарынан, интернет булактардан алып турам. Чынында аймактардагы кырдаал тууралуу маалыматтар өтө жетишсиз, кайсы бир райондордо, шаарларда эмне иштер болуп жатканы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Баары эле саясатты чагылдырып жатышат. Жергиликтүү телеканалдардан берилген аймактык жаңылыктар да жетишсиз, аз, деңгээли да орто же төмөн. Адамдар өз районунда, кошуна аймактарда, област аймагында эмне болуп жатканын жакшы билиши керек деп ойлойм. Бул жерде журналисттердин орду бар, бирок жакшы болбой жатат”, – дегей оюн айтты И.Камалов.

 

Журналисттер болсо маалымат таңкыстыгынын себептерин айтышат

Аймактардан маалыматтардын аз болуп жатканын бир гана карапайым тургундар эмес, журналисттер өздөрү да айтып, моюнга алышат. Алардын пикиринде, чынында эле ар кайсы аймактардан алынган кабарлар, ар кайсы маалыматтар жетишсиз. Мунун өзү маалымат таңкыстыгын пайда кылат, коомдун жана карапайым адамдын өнүгүшүнө жакшы шарт түзө албайт.Деген менен буга бир катар себептер бар, алар аймактык кабарлардын көп болушуна жолтоо болуп жатышат.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, ардагер журналист Нурмамат ажы Сапарбаев дегеле журналисттердин азыркы маалымат таркатуу ишине ичи чыкпай атканын, баары саясатташып кеткенин, таркатылган маалыматтын сапатынын начарлыгын айтат.

Мен мурдатан журналистикада иштеп калгандыктан, маалыматты бардык булактардан алууга аракет кылам. Бирок, маалымат таркатуу жагынан эч бир ичим чыкпай жүрөт. Жергиликтүү телеси деле, гезити деле, интернети деле саясатты чагылдырышат, башка темалар өтө аз. Көбүнесе “мэр шайланат экен”, “аким дайындалыптыр” деген эле материалдар көп, бирок элдин, аймактардын жашоосун кабарлаган, талдаган материалдар жокко эсе. Тиги же бул аймакта кырдаал кандай, эл эмне менен алек, жергиликтүү бийликтер кантип атышат, булар тууралуу анализдеп, таасын көрсөткөн материалдарды көрбөйсүң. Темалар майда, орчундуу, жүк көтөргөн маселелер көтөрүлбөйт. Себеби азыр бизде журналистер эле көбөйүп кетишти, баары сабатсыз, жазса ката кетиришет, жөндөп сүйлөй да алышпайт. Анан ошолор кантип калкка ар тараптуу, толук кандуу маалымат жеткиришет?, – дейт ал. – Дагы бир нерсе, өкмөткө караган маалымат булактары өкмөттү, жеке менчиктер өз ээсин мактап, ошонун таламын талашып отура беришет. Качан элдин көйгөйүн, жашоо-шартын, ийгиликтери менен жетишпестиктерин көрсөтүшөр экен? Мен кээде Өзбекстандын телесин көрүп калам, аларда саясат дээрлик аз, элдин турмушу, кубанычы-кайгысы, ар кандай окуялар тууралуу жакшы анализдерди беришет. Жеке адамдардын ийгиликтерин көп чагылдырышат, а бизде андай жок. Үйрөнүшүбүз керек да”.

“7-каналдын” журналисти Руслан Калматовдун пикирине караганда, мындай таңкыстыкка бир катар себептер бар. Негизинен аймактык медиа-инфраструктуранын начарлашы менен аймактагы жаңылыктар азыраак таркап жатат.

Ал жок жерден эле чыга калган көйгөй эмес, анын бир катар себептери болушу мүмкүн. Мисалы, мурда жер-жерлерде аймактык гезиттер, ар кандай бюллетендер чыгып турчу. Азыр алардин бирөөсү да жок, анысы аз келгенсип райондук гезиттерди да жоюп салышкан. Райондук гезиттерден карапайым калк бир катар маалыматтарды алып турушчу, алардын өз окурмандары бар эле. Биздин оюбузча, райондук гезиттерди жойбой эле, аларды электрондук форматка өткөргөн дурус болчу. Бул натыйжалуу болмок. Эми аларды жоюп, областтык Медиа-борборго кошуп салган соң, калкка аймактардагы маалыматтарды жеткирүү жакшырып кетпеди. Саясат темасы, борбордон алынган маалыматтар үстөмдүк кылып жатат да, айылдарыбызда эмне болуп жатканы тууралуу маалымат жокко эсе. Буга кошумча жергиликтүү бийликтер, кызмат адамдары да калктын кеңири маалымат алып турушуна анчалык кызыкдар болбой жатышкансыйт. Өздөрү жасап жаткан иштер тууралуу калкка жеткирүүгө аракеттери байкалбайт”, – дейт Р.Калматов таңкыстыктын себептерин талдап.

Жалал-Абад областында азыркы тапта өкмөттүн маалымат саясатын областтык Медиа-борбор алып барат. Областтагы эң чоң медиа жамаат да ушул эсептелет. Андан башка эки жеке менчик телеканал жана эки-үч жеке менчик маалымат сайттары иштеп турат. Аталган областтык Медиа-борбордун “Акыйкат” гезитинин редактору Арстанбек Якубов да аймактардан алынган маалыматтар аз экенин моюндап, буга бир катар себептер барлыгын айтат.

“Биздин областтык Медиа-борбор башка маалымдоо каражаттарына, айталы, жеке менчик каражаттарга салыштырмалуу аймактардагы жашоо-турмушту көбүрөөк чагылдырабыз. Бирок, бизде жетишпестиктер бар, мисалы, алыскы Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча атайын тележурналист, операторубуз болгону менен ошондой эле алыскы Токтогул, Үч-Терек, Кара-Көл аймактарында жок, штаттык орун жетишпейт. Медиа-борбордун областтын аймактарын күн сайын толугу менен камтыганга штаттык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү да жок. Ошого карабастан биздин жамааттын чыгармачыл топтору болушунча элге толугураак, кененирээк маалымат берүү аракетин жасап жатышат”, – дейт ал.

 

Эми эмне кылуу керек?

Биз жарандык коомдун өкүлдөрүнө да, журналисттерге да, бийлик органдарына иштеп жаткан жетекчилерге да ушундай суроо берип көрдүк. Чынында эле эмне кылуу керек? Кандай кылсак абал жакшырат? – деген суроо салдык. Алардын пикирлери ар кандай болду.

Мисалы, Ноокен районунун тургуну Илясбек Камаловдун пикиринде, муну жергиликтүү райондук администрациялар, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөр колго алышса болот.

“Албетте, журналисттер саясатка эмес, аймактардагы жашоо-турмушка, маселелерге көбүрөөк көңүл бурушса, аракет кылышса, абал өзгөрөт. Бул турган сөз. Анан дагы жергиликтүү бийликтер аракет кылышы керек да. Мисалы, жергиликтүү бийликтер: шаар мэриялары, райондук мамлекеттик администрациялар менен айыл өкмөттөрү өз аймактарындагы маалыматтарды атайын сайттарды иштетүү, социалдык тармактар аркылуу таркатууну активдүү колго алышса, жакшы болмок. Тилекке каршы, мындай нерсе бардык эле жерде бирдей эмес, көпчүлүк аймактарда пассивдүү десек жаңылышпайбыз”, – дейт ал.

Областтык Медиа-борбордун өкүлү Арстанбек Якубов да ушундай эле пикирде. Эгер жергиликтүү бийликтер өз аймагындагы калкка маалымат таркатуу жагын колго алышса, эл үчүн жакшы иш болмоктугун айтат.

“Менимче, жергиликтүү бийликтер атайын адис дайындап, социалдык тармактардан, сайттар аркылуу өз иши тууралуу көбүрөөк маалымат берип турушу керек болуп калды. Эгер алар ушундай аракет кылышса, биз да кошумча маалымат булагына ээ болуп, аймактык маалыматтарды таркатууну күчөтүүбүзгө жардам болот эле”, – дейт А. Якубов.

Ал эми “7-каналдын” журналисти Руслан Калматов жергиликтүү бийликтердин аракетин арттыруу менен эле чектелбей областтык Медиа-борбордун иштөө концепциясын да өзгөртүү зарыл дейт. Айрыкча, жергиликтүү бийликтерде пресс-катчы кызматынын жоктугун баса белгилейт:

“Абалды оңдосо болот. Мисалы Медиа-борборлордун иштөө концепциясын өзгөртүү, жакшыртуу керек болот. Аларда элеттин жашоосун үзгүлтүксүз чагылдырып туруу мүмкүндүгүн арттыруу керек. Экинчиден, жергиликтүү бийликтер, мисалы, ошол эле райондук акимдиктер менен айыл өкмөттөрү же шаар мэриялары бүгүнкү интернет технологияларынан кеңири пайдаланып, маалымат саясатын активдүү жүргүзүүлөрү керек. Алар бир эсе маалымат булагы да, бир эсе маалымат таркатуучу да боло алышат. Муну жасоого аларда толук шарттар бар. Социалдык тармактарда, жеке сайттары аркылуу аймактагы калкка тынымсыз маалымат таркатууга болот. Муну басма сөз кызматы, же коомчулук менен байланышуу кызматы аркылуу жасашы абзел. Ошондо жалпыга маалымдоо каражаттары да алар менен оңой жана натыйжалуу иштеше алар эле. Тилекке каршы, азыр андай эмес, пресс-катчылардын штаты да жок”.

Журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн пикирине жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери да макул. Алар да аймактык маалымат таңкыстыгын сезип жатышат жана аны оңдоо зарылдыгын түшүнүшөт. Мисалы, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бакыт Козуев ушул багытта аракет кылып жатышканын айтат:

“Жер-жерлерде абдан көп иштер аткарылууда, аракеттер болууда, кыйынчылыктар жүз берүүдө, ошонун баары тууралуу калк кабарсыз калып жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында саясат маселеси көптүгүнөн элибиз деле тажады окшойт. Элдин баары азыр маалыматтарды социалдык тармактардан издеп калды. Албетте, бир тараптуу эле журналисттерди же жалпыга маалымдоо каражаттарын айыптабаш керек, алардын да өз кыйынчылыгы бар. Ушундай учурда аймактарда сутка бою же андан азыраакпы, айтор ар жарым саат сайын жаңылыктарды берип турган атайын телеканал ачылса, элеттин, аймактардын турмушун кеңири чагылдырып турса дейм. Анан биз да өзүбүз активдүүрөөк болсок. Биздин райондо жер-жерлердеги иштер тууралуу элге маалымат берели деп Фейсбукта аккаунтту, атайын баракчаны ачып, иштетип жатабыз. Анан атайын маалыматтык сайтыбыз да бар. Эл кызыгып окуп жатат, пикрилерин да айтып жатышат, кыскасы, жандуу байланыш түздүк. Бирок, жетиштүү эмес, себеби бизде басма сөз катчыбыз жок, өкмөттөн бизге андай штаттык бирдик берилген эмес”.

Жалпысынан алганда, Жалал-Абад областы өнөр жайлуу, кайра иштетүү тармагы өнүккөн, айыл чарбалуу ири аймактардан. Областтагы 8 район, 5 шаарда, айыл аймактарында тынымсыз иштер, окуялар, жаңылыктар болуп турат. Ошол эле кезде жогоруда айтылгандай, аймактык маалымат таңкыстыгы күч. Анын себептери журналисттердин саясат, бүйүр кызыткан темаларга жакындыгы, даярдалган материалдардын сапатынын төмөндүгү, материалдык-техникалык жетишпестиктер, райондордогу гезиттердин жоюлуп кетиши жана жергиликтүү бийликтердин маалымат саясаты багытында иштебей жаткандыгы экенин жогоруда айтылган пикирлерден билдик. Башкасын айтпа, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пресс-катчынын орду дээрлик бир жылдан бери бош турат. Демек, маалымат саясатын жүргүзүү жаатында жергиликтүү бийликтин кызыкчылыгы жок.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү

Окшош посттор