Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

ЖМКларга каршы арыздарды караган комиссия курамы жаңыланды

ЖМКларга каршы арыздарды караган комиссия курамы жаңыланды

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланды. Ага журналисттерден алты, жарандык коом жана медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн жети киши кирди.

Жаңы курам 23-мартта Бишкекте өткөн медиа форумда жабык добуш берүү менен отуздай талапкердин арасынан тандалды.

Комиссияга журналисттерден Семетей Аманбеков, Али Токтакунов, Асел Сооронбаева, Өмүрбек Сатаев, Кайыргүл Урумканова жана Дилбар Алимова кирди.

Жарандык коом жана медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн Тамара Валиева, Авланбек Жумабаев, Нургүл Абдыкеримова, Алмаз Исманов, Данияр Садиев, Нурбек Токтакунов жана Наргиза Нанакеева бар.

Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия мүчөлөрү журналисттердин макала-баяндарына нааразы болгон тараптардын арызынын негизинде иштешет. Нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарат.

Кесиптик этика нормалары бузулган болсо, журналистке же басылмага эскертүү берилет. Эреже бузуу аныкталбаса, арыз берген тарапка аны түшүндүрүшөт. Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ эмес, тараптарды сотко жеткирбөө максатында, элдештирүү, этиканы сактоо багытында иш алып барат. Айлык албайт.

Комиссия чыгарган чечимдер жогорку окуу жайлардын Журналистика факультеттерине таратылат, социалыдк тармактарга жана medialaw.kg сайтына жарыяланат.

Журналисттердин 23-беренеден турган 2007-жылы кабыл алынган, андан бери бир канча жолу толуктоолор киргизилди. 23-марттагы форумда да алымча-кошумчалар берилди. Комиссия ушул кодекстин негизинде иштейт.

Аталган комиссия мүчөлөрү төрт жыл сайын жаңыдан шайланат. Талапкерлерди жеке жана юридикалык жактар көрсөтөт же өзүн өзү сунуштаса болот. Жыл сайын аларга 10-15 арыз түшөт.

https://www.azattyk.org/a/jurnalistter/31766179.html

Окшош посттор