Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Вице-спикер «Азаттыктын» кызматкерине байланыштуу окуяны кылдат иликтөөгө чакырды

Вице-спикер «Азаттыктын» кызматкерине байланыштуу окуяны кылдат иликтөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Азаттыктын» операторуна кол салууга байланыштуу Ички иштер министрлиги тез арада билдирүү жасашы керек экенин билдирди. Ал 30-сентябрда «Азаттык» радиосунун эфиринде ушундай оюн айтты:

– Мен укук коргоо органдарын бул окуяны кылдат иликтеп, калыс чечим чыгарууга чакырам. Коом да аны талап кылышы керек. Бул бир гана журналисттин кызыкчылыгы эмес, бул коомдун кызыкчылыгы. Себеби, маалымат ачык болгондо гана алдыга жылуу болот.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Окуяны Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы теришитирүүдө.

Ошол күнү тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Кулчумановдун саламаттыгы текшерилип, адистер ал дарыланышы керек экенин билдиришти.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

“Азаттык”, 30.09.2019-ж.

Окшош посттор