Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби журналисттер үчүн көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча окутуу өткөрдү

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби журналисттер үчүн көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча окутуу өткөрдү

Кыргызстандын 17 ММКсынын репортерлору көп түрдүүлүктү чагылдыруу, мультимедиялык контентти жасоо боюнча көндүмдөрүнө үйрөнүшүп, мыкты медиа-долбоор үчүн сынакка катышышты.

Сынак Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби тарабынан “Сорос – Кыргызстан” Фондунун “ММК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу” долбоорунун алкагында “Маалымат эркиндиги” программасынын финансылык колдоосу менен уюшулган.

Интенсивдүү тренинг Бишкекте, 2014-жылдын 7-июлунан 11-июлуна чейин, этникалык жана инклюзивдик журналистика жана мультимедиялык продуктту өндүрүү боюнча бай тажрыйбага ээ Испаниядан, Казакстандан келген жана Кыргызстандык медиа-тренерлердин жетекчилигинин астында өткөрүлдү.

Катышуучулар беш күндүн ичинде этникалык көп түрдүүлүккө фокус кылган репортаждарды жана макалаларды өндүрүүнүн теоретикалык жана практикалык методдорун өздөштүрүштү, өзүнүн этника аралык кырдаалды, Кыргызстандагы тилдик жаңы саясатты түшүнүүсүн жакшыртышты, ошол жааттагы маселелерди чагылдыруудагы терминологиялар менен таанышты, инфографика, тайм-линия, интерактивдүү фото жана слайд-шоу түзүү үчүн мультимедиялык ресурстарды пайдаланууну үйрөнүштү.

Жарандык өзүн таануу боюнча тренинг өткөргөн, КР президентинин аппаратынын этникалык, дин саясаты жана жарандык коом менен аракеттешүү бөлүмүнүн эксперти, тренер Зайырбек Эргешов ММК Кыргызстандын территориясында жашаган этностордун баардыгынын кызыкчылыгына кызмат кылышы керек деп билдирди.

«Мамлекет журналисттердин ролун объективдүү жана бейтарап материалды сунуштагандыгында, маалымат коопсуздугун камсыздагандыгында көрөт»,- деп баса белгиледи ал.

Интерактивдүү дискуссиянын жүрүшүндө катышуучулар этникалык топтордун жашоосу, каада-салты, маданияты жөнүндө айтып жатып, алар көбүнчө “көп түрдүүлүк“ деген сөздү “өзгөчөлүк” деген сөзгө айырбашкап алаарын байкашкан. Көбүнчө этникалык топтордун жашоосу жөнүндө материалдар ЖМКда ошол жамааттын башка жамааттардан өзгөчөлүгүнө басым жасалып берилет. «ММКда терс маанай берүүдөн качуу керек, терс аракеттерди адамдардын этникалык, тилдик, маданияттык тийиштүүлүгүнө ишарат бербегендей жасоо керек», – дейт Балкан, Түштүк жана Борбор Азиядагы медиада иштеп топтогон бай тажрыйбалуу испаниялык медиа-тренер Эран Френкель.

Френкель кыргызстандык журналисттерге көп түрдүү дүйнөдө жашоону үйрөнүүнү жана ага өзүнүн аудиториясын үйрөтүүнү, толеранттуу болууну, көп түрдүүлүктүн ар кандай түрлөрүн кабыл алууну, түшүнүүнү жан сыйлоону кеңеш берди. «Ар кандай жамааттарды бириктире турган нерселерди билүү, издөө [зарыл]», – деп белгилейт Френкель.

Катышуучулар репортаждын жана макаланын каарманынын этникалык тийиштүүлүгүнө басым жасоонун кереги жок экендиги боюнча пикирди туура көрүштү. Бирок аудиторияга алардын дүйнөнү кабылдоосу, билими, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуусу, кесиби, хоббиси жөнүндө маалымат берүү маанилүү. Мындан бөлөк, медиада Кыргызстандын аймагында жашаган ар түрдүү этникалык топтор өзүн көпчүлүктүн бөлүгү катары бөлүнбөстөн, тескерисинче кабыл алып, урматтагандыгын көрсөтүшү керек.

Шавкат Умаров, Оштун «Ынтымак» КТРК продюсери тренингде көп нерселерди билди. Бул Кыргызстандагы элдердин биримдигин бекемдөөнүн Концепциясынын элементтерин жана этника аралык мамилени түшүнүүгө, журналист өзүнүн репортаждарын ошого жараша жасоосун жана көп түрдүүлүктү чагылдыруунун эл аралык тажрыйбасына да тийиштүү.

«Мен түшүндүм, этника аралык кырдаалды чагылдыруу ар тарабынан комплекстүү болушу керек, – деп оюн бөлүштү өзүнүн таасири менен Умаров. – Ошондой эле материалдарда балдарга айрыкча көңүл буруу керек, себеби аларды тарбиялоо этника аралык дүйнөнүн келечегинде чоң роль ойнойт».

«Достук» КТРКнын продюсери Нуркыз Исакова, өзүнүн коллегаларынын арасында жайылта турган көп билим алганын айтууда. «Биз муну менен токтоп калбашыбыз керек: тема кызыктуу жана керектүү, – дейт Нуркыз,- биз бул багыттагы маалыматтарды тереңдеп казабыз, көп түрдүүлүктү чагылдыруу тармагындагы жаңылыктарды билгенге дилгир болобуз, себеби бул биздин радионун абдан олуттуу миссиясы».

Тренингдин акыркы күнү катышуучулар этникалык, тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча оригиналдуу идеяларды сунуштаган өзүнүн долбоорлорунун үстүндө иштешти.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун өкүлү бар көз карандысыз комиссиясы жана жергиликтүү

белгилүү журналисттердин түзүмү 15 сунуштаманы карашып, алардын ичинен ФСКнын “Маалымат эркиндиги” программасынын гранттык колдоо алуу үчүн 6 жеңүүчүнү тандаган. Жеңүүчүлөр 2014-жылдын июль айынын ортосунан баштап өзүнүн идеясын ишке ашыра баштайт. Мыкты деп табылган долбоорлор булар:

«ЭлТР» телеканалы (Ош ш.) –«БизМыWe» теледолбоору жаштардын арасында тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү жайылтууга багытталган. Ток-шоунун жана репортаждын каарманы спорт жаатында ийгиликке жетишкен көп улуттуу үй-бүлөлөр, бир нече тил билген жаштар болот.

«Баткен ТВ» телеканалы – «Ынтымак» («Единство») теледолбоору – этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө, бири-бирин жактырбоочулукту жоюуга, аймактагы маданий көп түрдүүлүктү жайылтууга шарт түзөт.

«Ынтымак» КТРК (Ош ш.) – «Менин жашоом» («Моя жизнь») телерубрикасы, өсүп келе жаткан муунга арналган. Анын максаты ар түрдүү улуттагы балдар менен өспүрүмдөрдү достукка, сабырдуу, билимдүү болгонго үйрөтүү. Программанын радиоверсиясы да болот деп күтүлүүдө.

Format.kg медиа-порталы (Ош ш.) – «Биздин каармандар» («Наши герои») репортаждары – ар түрдүү этностун өкүлдөрүнө, атактуу жана карапайым адамдарга арналган. Жашоодогу үлгү боло турган окуялар адамдардын бири-бирин жакындан билүүсүнө, күнүмдүк тирилиги, маданияты, салттары менен таанышканга мүмкүнчүлүк берет.

«Кабар» КУМА (Бишкек ш.) – «Аймактагы этникалык турмуш» («Этническое многообразие в регионах») теледолбоору – мамлекеттин аймагындагы баардык этникалык топтордун жашоосун жарандык өзүн таануу маселесине басым жасоо менен айтып берет.

«Волна Иссык-Куля» (Каракол ш.) – «Менин Кыргызстаным» («Мой Кыргызстан») радиодолбоору Ысык-Көл облусунун жаштарынын тилдик, маданий, этникалык көп түрдүүлүгүн жана жогорку жарандуулук сезимин тарбиялоого багытталган.

“ММК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу” долбоору көп түрдүүлүк боюнча контентти өнүктүрүүгө, этника аралык диалогдо ЖМКнын конструктивдик ролун, журналисттердин маданий, тилдик жана этникалык көп түрдүүлүк темаларын чагылдырууда көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.

Кошумча маалымат алуу үчүн «ММК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоорунун координатору Алика Карабаевага +996312 69 40 15, +996772 21 32 57 кайрылыңыздар. email: alikakarabaeva@gmail.compeacemakingschool@gmail.comwww.ca-mediators.net

Окшош посттор