COVID – 19 коронавирус жугуштуу илдетине байланыштуу окуяларды чагылдырууда журналисттер менен ЖМК өкүлдөрү төмөндөгү эрежелерди эске алуулары сунушталат.
- Эгерде жугуштуу илдетти жугузуп алган адамга жакын болсоңуз сөзсүз түрдө коргонуучу бет капты кийүүңүз зарыл.
- Коронавирусту жуктуруп алган адамдан интервью алып жатканда микрофонду атайын узарткыч таякча менен сунган оң.
- Интервью маалында микрофондун башындагы шамалдан коргой турган кийгизмесин чечип койгула. Интервью алып бүткөн соң үн жаздыруучу жабдуу менен микрофонду сөзсүз түрдө инфекциядан тазалоо керек.
- Маектешип жаткан адамыңар эгерде чүчкүрсө, же жөтөлсө, же болбосо дене табы ысып турса, анда ал адамдан 1-1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл. Эгерде сиз ал адамга жакын турсаңыз жугуштуу илдет жөтөл, чүчкүрүү маалында сизге жугушу мүмкүн.
- Иштеп бүткөн соң колдонулган бет каптын ички бетин жүзүңүзгө тийгизбей акырындык менен чечип, андан кылдаттык менен арылуу зарыл. Андан соң колду самындап жууйбуз. Бет капты 2 сааттан ашык пайдаланбоо керек.
- Иш маалында пайдаланган буюмдарыңарды утур бир нече саат сайын атайын тазалоочу каражаттар менен сүрүп, тазалап турууңар зарыл.
- (COVID – 19) коронавирусту жугузуп албоо үчүн жалпы эрежелерди сактооңор зарыл: колду тез-тез самын менен жууп тургула. Бет, көз, мурун менен оозуңарга колуңарды тийгизбегиле. Чүчкүргөндө мурун менен оозуңарды жаап тургула.
Маалымат булагы: www.stopcov.ge; * www.cdc.gov