Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жаңы ыкма жана платформалар аркылуу социалдык мааниге ээ темалардагы медиа демилгелерди колдоо

Жаңы ыкма жана платформалар аркылуу социалдык мааниге ээ темалардагы медиа демилгелерди колдоо

«Сорос – Кыргызстан» фонду “Жаңы ыкма жана платформалар аркылуу социалдык мааниге ээ темалардагы медиа демилгелерди колдоо” сынагына ЖМКлардан, онлайн басылмалардан, продакшн студиялардан жана көз карандысыз авторлордон долбоордук сунуштарды кабыл алат.

Бул гранттык сынак ЖМКлар, активисттер, блогерлер, көз карандысыз журналисттер жана өндүрүштүк жамааттар арасында өткөрүлөт.

Конкурстун максаты – социалдык мааниге ээ темаларга коомдук дискурс жүргүзүү үчүн ЖМКларда жана маалымат аянтчаларына көбүрөөк сапаттуу контент чыгаруу.

Форматтары иликтөө, даректүү, анимациялык фильмдер, атайын репортаждар, дата материалдар, сериялуу программалар, лонгриддер, мультимедиялык долбоорлор, подкасттар, ток-шоулар, Youtube жана башка платформаларды пайдалануу менен контенттик долбоорлор түрүндө болушу мүмкүн.

Конкурска катышуу үчүн медиа материалдардын моделин жана форматын сүрөттөө, аудиторияны жана көтөрүлгөн социалдык мааниге ээ темаларын көрсөтүү, ошондой эле долбоордун катышуучуларын, команданы көрсөтүү менен билдирме берүү керек.

Долбоорлордо билим берүү, саламаттыкты сактоо, ишкердик, экологияны жана шаардык өнүгүүнүн көйгөйлөрүн чечүү, адам укугу жана жарандык катышуу, Кыргызстанда жаңы технологияларды жайылтуу жана өнүктүрүү, этникалык жана маданий көп түрдүүлүк, искусство жана маданият сыяктуу темалар камтылышы мүмкүн.

Долбоордун жалпы фонду 60 000 АКШ доллары.

Долбоордун милдеттери:

* Медиа чөйрөсүндө көп талкууга алынбаган социалдык мааниге ээ темаларды жана багыттарды актуалдаштыруу;

* Социалдык мааниге ээ темаларды чагылдырууда креативдүү мамилелерди өнүктүрүү;

* Кыргызстан үчүн маанилүү темаларда актуалдуу жана сапаттуу контенттерди түзүүдө жарандык секторлордун, ЖМКлардын, продакшн студиялардын, онлайн ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

* Долбоордун алкагында өндүрүлгөн контенттерди бир же бир нече ЖМКларда, маалымат аянтчаларында жана социалдык тармактарда милдеттүү түрдө жайгаштыруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү форманы толтуруу керек:

кыргыз тилинде https://forms.gle/XWDsFqhHsjDfaZzQ7

орус тилинде: https://forms.gle/Dw2VPPNbjhjaxwwZ8

Өтүнмөлөр 2020-жылдын 3-мартына саат 17.00ке чейин кыргыз жана орус тилдеринде жогоруда көрсөтүлгөн шилтеме боюнча электрондук түрдө кабыл алынат.

Эң кызыктуу идеялар экинчи турга өтөт, анда питчинг сессияда авторлор жана чыгармачыл топ каалаган форматта беш мүнөттүн ичинде анын актуалдуулугун жана аткаруунун реалдуулугун далилдөө менен, өзүнүн концепциясын көрсөтүшү керек.

Питчинг сессияга өткөн бардык конкурстанттар билдирмеде көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу кабар алышат.

Билдирмелерди баалоо үчүн критерийлер:

— Мурдагы иштердин портфилиосу;

— Тандалып алынган темаларды/көйгөйлөрдү терең түшүнүү;

— Креативдүүлүк жана инновациялуулук;

— Өндүрүлгөн медиаконтентти жайылтуу масштабы;

— Билдирме берилген ресурстарда өз мөөнөтүндө долбоорду аткаруунун реалдуулугу;

— Өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн тартуу;

— Маалыматтарды жана мультимедиялык жабдууларды пайдалануу;

— Бир нече тилдерди колдонуу;

— Долбоордун инклюзивдүүлүгү (долбоорду ишке ашырууда ар түрдүү топторду тартуу);

— Чыгым жагынан алганда максатка жараша ылайыктуулук жана натыйжалуулук;

— Контентти жайылтуунун так планы.

Кошумча маалымат:

Документтер толук болбосо, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн билдирмелер каттоого алынбайт жана каралбайт. Алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт. Бир уюм жана автор бир нече идеяларды берүүгө болот.

Суроолор болсо, Салима Джетыбаевага salima@soros.kg байланышыңыз.

Окшош посттор