Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Пандемия алсыраткан кыргыз медиасы

Пандемия алсыраткан кыргыз медиасы

“Карантиндик режим жана андан кийинки 4 айда жарнама бергендер жок болду. Кирешени 0% деп койсок болот. Эми абал жакшырып келе жатат. Ошондон үмүт кылып турабыз,” – дейт Баткен районундагы “Салам” радиосунун жетекчиси Гүлбарчын Амирова.

Пандемия дүйнөнүн ири бизнес компанияларынын ишин тушаган сыяктуу эле кыргыз медиасын кыйла кыйын абалга кептеди. Контент даярдоодогу каржылык жана кадрдык таңкыстык көбүнүн башын катырып турат. Карантин маалындагы түйшүк өзүнчө болсо, андан кийинки жашап кетүү да ойго салды.

Айла жоктон онлайн

Коронавирус Кыргызстанга келгенден кийин бийлик өлкө боюнча көзөмөлдү күчөтүп, Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларына өзгөчө абал режимин киргизди. Коменданттык саат да коюлуп, шаардыктар күндүз да сыртка чыга албай калышты. Алардын арасында күн сайын жумушка каттап иштеген журналисттер да бар эле. Бул кырдаалда ЖМКлардын иши мурдагыдай болбой калганы дароо байкалды. Телеканалдар мурда тартылган эфирлерин жана фильмдерди койсо, радиолор көбүнчө контентин ырлар менен толтуруп жатты. Маалыматтык сайттар аралыктан иштеп жатканы менен мурдагыдай ыкчам чагылдыруу, мультимедиалык продукцияларды чыгаруу анчейин байкалбай калган. Чектөө киргенден кийинки 10 күндө ЖМКлардагы боштук сезилип турду. Андан кийин социалдык тармактар аркылуу түз эфирлерди уюштуруп, Zoom, Streamyard сыяктуу тиркемелерди колдонуу менен аралыктан же онлайн негизде иштөөнү өздөштүрө баштады.

Киреше кескин азайып, айрым ЖМКлар жабылып кетти

Пандемиянын айынан ири компаниялар да жарнама үчүн бөлүнгөн бюджетин кыскартууга аргасыз болду. Бул аргасыздыктын кесепети айрыкча телеканалдарга тийди. Ансыз деле бул тармакта онлайн платформалар алдыга чыгып, телеканалдардын рекламадан түшчү “нанын” талашып жаткан эле. Коронавирустан улам киргизилген карантинден соң иштеп кетишине көзү жетпей, жабылган телеканалдар да болду. “ТНТ-Кыргызстан” каналынын башкы директору Илим Карыпбеков башка жеке каналдардын да азыркы каржылык абалы мышык ыйлай тургандай дейт.

4-5 телеканал жанын бага албай, жабылып кетти. А калгандары болсо “өлбө, жаным, өлбө” болуп келе жатат. Карызга белчесинен батып калды. Биз да каналдын лицензиясы үчүн Орусияга акы төлөп турабыз. Азыр акча жок деп, кечиктирип төлөөгө же көрсөтүлгөн суммадан азайтып төлөөнү суранып жатабыз.

Карыпбеков бул жагдай жакын арада жолго салынып кетишине ишенбейт. Ал үчүн өлкөдө бизнес тармагы мурдагы абалына келип, жарнаманын көлөмү өскөндө гана медиалар (өзгөчө телеканалдар) бутуна турат. Бул кыйынчылык 4-5 жылга созуларын болжоду.

Чыгым тарткан медиалар жалаң телеканалдар болду деп айтуу жарабайт. 3 платформаны (сайт, радио, ТВ) колдонгон “Марал” радиосу да пандемиянын келиши менен ишмердүүлүгүн өзгөртүүдөн башка жол таппай калды. Анткени ири реклама берүүчү деп саналган күйүүчү май саткан ишканалар, мобилдик операторлор рекламалык бюджетин кыскартты. Анын айынан медианын айрым берүүлөрү токтоп, кызматкерлеринин саны да азайган.

Бул көйгөйдү гезиттер да айланып өтө алган эмес. Мамлекеттик гезиттер карантиндик режим башталгандан бери ишин толугу менен токтоткон. Ал эми жеке менчиктегилери болсо каржылык дараметине жараша аралыктан иштеп турган. Жалал-Абаддагы “Аймак” гезити бул учурда сайты аркылуу ишин уланткан. Басылманын директору Анара Алимова гезиттер жаңы тенденциялардан калбай, улам жаңыланып туруу керек деген чакырыгын таштады.

Мамлекеттик буйрутмага болгон муктаждык эске түштү

Мурдагы советтик өлкөлөр мамлекеттик буйрутма аркылуу медиаларга колдоо көрсөтүп турат. Анда өкмөт керектүү темаларды чагылдыруу үчүн сынак жарыялап, ага татыктуу болгон медианы тандайт да, каржылык жактан жардам кылат. Муну менен мамлекет унутта калып жаткан, ЖМКлар көп көңүл бурбаган маданият, экология жана искусство тармактарын сунуштай алат. Медиа-эксперт Азамат Тынаев бул ыкма аркылуу өкмөт да, медиалар да пайда табат деп эсептейт.

Өлкөдөгү глобалдуу көйгөйлөр тууралуу эч ким жазбай жатат. Социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу маселеге да эч ким кызыкпайт. Себеби ал үчүн тажрыйбалуу кадрлар керек. Андай журналисттер аз акчага иштебейт. Ошол үчүн мамлекет келишим түзүп, медиаларга чагылдырыла турган тармактарды бөлүп бериши керек.

“Теле көрсөтүү жана радио уктуруу тууралуу” мыйзамына ылайык, медиалардын чыгарган контентинин 50%ы өздүк өндүрүш болушу керек. Бул телеканаллар менен радиолор үчүн кошумча чыгым алып келет десек болот. Анткени өздүк контент иштеп чыгуу үчүн штатты кеңейтүү же продакшн компаниялар менен кызматташуу зарлдыгы пайда болот. Ушуларды эске алып, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да мамлекеттик буйрутмаларды жасап, медиаларга колдоо көрсөткүсү келет. Министрликтин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары Бектур Ибрагимов маселенин баары каржыга барып такаларын танбайт.

Бизде бул боюнча тажрыйба бар. Учурунда мамлекеттик буйрутмаларды берип, аз болсо да медиаларга каржылык колдоо кылганбыз. Министрликтин бул демилгеге көз карашы түз жана колдойт. Бирок азыркы кырдаалда өкмөт каржылык жактан колдоо көрсөтүүгө чамасы жетпей турат. Алдыда биз муну ишке ашырууга аракет кылабыз. Эл аралык донорлор менен жолугушууда да кыргыз медиаларына колдоо көрсөтүүгө чакырык жасап келебиз, – деди Б.Ибрагимов.

Мындан сырткары бир катар медиа уюмдар жана журналисттер парламенттик шайлоого аттанган партияларга Сөз эркиндиги боюнча келишим сунуштады. Анда: “Мамлекеттик каржылоонун негизинде медиа контентти өндүрүү жана аны жайылтуу боюнча жеке менчик ЖМКларга мамлекеттик заказ берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл” деген пункт да кошулган. Бул келишимди парламенттик шайлоого катыша турган 16 партиянын ичинен 13ү колдоого алды.

Ашар жолу же болбосо краудфандинг

Америкада, Батышта медиалардын иштөөсү үчүн алардын аудиториясы өзүнүн салымын кошуп, айына каржылык колдоо көрсөтүп турат. Бул ыкманы Кыргызстанда да колдонууга мүмкүн. Коомдун бүйүрүн кызыткан темаларды чагылдырып, күмөн санаткан маселелерде журналисттик изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деп калкты ишендирүү керек.

Өзүнө ишеним жараткан медиалар элден акча чогултуп, бюджетин бекемдеп алса болот. Бул практика бизде жокко эсе десек болот. Азырынча бир гана “Klopp.kg” сайты гана колдонуп келе жатат. Башкалар бул тууралуу кабары жок, же кызыкпайт. Бирок эсеп ачып, жарыя кылып коюу менен эле эл дароо колдоп баштабайт. Журналисттик этиканы сактап, мыйзамдарга шайкеш иштеп, ишенимдүү, так маалыматтарды таратышы, элге керектүү темаларды көтөрүшү маанилүү. Биз буга сөзсүз багыт алышыбыз керек, – деди А.Тынаев.

Андан тышкары кризиске кептелген маалда медиалар кызыкчылыгы, багыты туура келсе, биригүүгө да барышы керектигин сунуш кылды. Бул жол аркылуу жабылып калуунун алдын алып, биргелешип иштөө ыкмасы дүйнөлүк практикада жакшы жыйынтык берерин айтты. Кыргызстанда тескерисинче бөлүнүп кетип, өзүнчө иш алып баргандар көп кездешет.

Пандемия себеп болуп кыргыз ЖМКлары өзгөчө кырдаалдарда мобилдүү иштөөгө көнүгүп, иштин калыбын, форматын өзгөртө билүү керектиги сабак болду. Каржылык жактан киреше табуу үчүн ар башка ыкмаларды колдонууну үйрөнүп, дүйнөлүк практикаларга да көз сала жүрүүсү керек экени билинди.

Ушул ыкмалар, жолдор, дүйнөлүк тренддер, тажрыйбалар менен кыргыз медиаларын тааныштырууга journalist.kg сайты аракет кыла баштады. Ал жерде журналисттер үчүн пайдалуу адабиятты табууга жана башка тилден которулган макалаларды окууга болот. Азыркы учурда тенденция улам алмашып, өзгөрүп жатканы себептүү кыргыз журналисттери да замандан артта калбоонун жолун издеп, ушул сыяктуу портал, сайттар аркылуу билимин тереңдете алат.

Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, медиалар, редакциялар журналисттеринин ден соолугу, коопсуздугу үчүн да кам көрүүнү үйрөнүшү керек. Эмесе өткөн окуядагыдай пандемия маалында беткап менен камсыздай албай, арты өлүм менен аяктаган фактылар кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан cөз эркиндиги боюнча 2020-жылы 180 өлкөнүн ичинен 82-орунга көтөрүлгөн. 2019-жылы 83, 2018-жылы 98-катарда болчу. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында сөз эркиндиги жагынан сап башында экендиги айтылып келет. Бирок бул чөлкөмдөгү сөз эркиндиги, ЖМКлардын көз карандысыздыгы жогору деңгээлде эмес экенин эске алып, Борбордук Азияга эмес, соз эркиндиги боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөргө карап түздөнүү негиздүү жана зарыл болуп турат.

Түмөнбай Абдинаби уулу

Окшош посттор