Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы улуттук валютанын негизделиши жана өнүгүүсүнө арналган темаларды мыкты чагылдырууда ММК өкүлдөрү арасында республикалык сынак жарыялайт.
Сынактын максаты – калктын калың катмарын улуттук валюта (сомдун негизделиши, анын артыкчылыгы, коргоо деңгээли ж.б.у.с) жагдайларга көңүл бурдуруу.
Сынак төмөндөгү номинацияларда каралат:
– эң мыкты ТВ матерал кыргыз тилинде
– эң мыкты радиоматериал кыргыз тилинде
– ММК арасындагы эң мыкты басылма кыргыз тилинде
– Интернет булактарындагы эң мыкты басылма кыргыз тилинде
– эң мыкты ТВ материал орус тилинде
– эң мыкты радиоматериал орус тилинде
– ММК арасындагы эң мыкты басылма орус тилинде
– Интернет булактарындагы эң мыкты басылма орус тилинде
– аймакта обого чыккан эң мыкты ТВ материал
– аймакта жарыяланган эң мыкты радиоматериал
– аймактарда ММК арасында жарык көргөн эң мыкы басылма
– аймактагы интернет- булактарында жарык көргөн басылма
Сынактын байгелик фондусунан баалуу сыйлыктар ыйгарылат: ноутбуктар, фотоаппараттар, планшеттер, мындан тышкары шыктандыруучу сыйлыкка – КРУБ баалуу тыйындар коллекциясынан атайын монеталар каралган.
Ар бир номинацияда бир гана материал жеңүүчү болуп аталат.
Сынактын шарттары
Сынакка басылма жана электрондук ММК эмгектенген журналистер катыша алат (Басма сөз каражаттары, ТВ, Радио жана Интернет булактары).
Тандоо комиссиясы кыргыз жана орус тилиндеги материалдарды кабыл алат.
Бир автор бир нече матералды, каалаган көлөмдө жөнөтсө болот- чектөө жок.
Сынакка жөнөтүлгөн материалдар 2013 жылдын 20-мартынан тарта 2013 жылдын 1-октябрына чейинки аралыкта жарыяланып же обого чыгышы абзел.
Сынакка материалдарды жөнөтү тартиби:
- ММК басылмаларындагы журналистер үчүн: сынакка деп жарыяланган макала гезит же журналдын түп нускасы же болбосо анын электрондук версиясы (гезит бетин толук сканерден өткөрүү зарыл) ошондой эле e-mail: sbalakina@nbkr.kg
- Электрондук ММК өкүлдөрү конкурстук материалдарын жарыяланган интернет-булагын электрондук дарегин (линк) көрсөтүп, маалыматтын чыккандыгын тастыктоосу зарыл. Материалдарды электрондук почта аркылуу же КРУБ туркутуу дареги 720040 Кыргыз Республикасы Бишкек шаарындагы, Т. Үмөталиев 105/1 алып келсе болот. Ошондой эле баардык электрондук версияда кабыл алынат.
- Радиожурналистер : материалдарын аудиофайлда обого чыкан күнүн көрсөтүү менен электордук почтага sbalakina@nbkr.kg
- Тележурналистер : эфирге чыккан материалдарын видеофайлын (телекөрсөтүү) чыккан күнүн көрсөтүү менен жөнөтүүгө тийиш.
Сынакка катышуу тууралуу маалымат жөнөтүүдө автор өзү жөнүндө эркин формада кыскача баяндама берүүгө тийиш ( толук аты-жөнү, эмгектенген ММК, байланыш каражаттары).
Сынакта тандап алуудагы критерийлер:
- теманын актуалдуулугуу жана анын терең ачылышы
- ойдун аргументүү жана калыс берилиши
- сөз чеберчилигине, иштин так жана жеткиликтүү берилиши
- ар тараптуу , өзгөчөлөнгөн чеберчилик
- материалдын социалдык мааниси
Конкурстун жыйынтыгы 2013 жылдын 1 ноябрында чыгарылып, салтанаттуу аземде КРУБ төрайымы жеңүүчүлөргө өз колу менен байгелерди жана жеке аты чегерилген сертификаттарды тапшырат.
КРУБ сынактык материалдарды авторлорун көрсөтүү менен өз шартына ылайык колдонуу укугуна ээ.