Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Медиакербен” Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында болот

“Медиакербен” Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында болот

Сөз эркиндигин, журналисттердин укуктарын коргоо, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып барган бир катар медиа уюмдардын өкүлдөрү бирдин айынын 2-4-күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын журналисттери менен жолугушат.

Ар облуста экиден жолугушуулар пландаштырылган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнун катышуусу менен өткөрүлө турган жыйында аймактагы ЖМКлардын абалы, маселелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен алака-мамилелери, аларды жакшыртуунун жолдору талкууланмакчы.

Ал эми экинчи жолугушууда жергиликтүү медиа кызматкерлер кесиптик ишмердүүлүгүндө баштарынан кечирип жаткан маселелер боюнча медиа адистерге суроолорун узатып, кеп кеңештерди ала алышат.

Медиа тармагында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын, адистердин көбү Бишкек калаасында жайгашып, аймактык журналисттерге алардан эксперттик, юридикалык жардамдарды алуу көп кыйынчылыктарды жаратып келет. Ушул таңсыздыкты чечүү жолунун бири катары курамына белгилүү медиа адистер кирген топ менен аймактарды кыдырып, жергиликтүү журналисттер жана да бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландаштырылган.

“Медиакербендин” курамына “Журналисттер” жана “Журналисттердин көз карандысыз союзу” коомдук бирикмелеринин, “Медиа полиси институту”, “Медиа өнүктүрүү борбору”, “Журналисттик иликтөөлөр фондусу”, “ММКга колдоо көрсөтүү” коомдук фондуларынын, “ЖМКларга даттанууларды териштирүү” комиссиясынын, Жамааттык медиалар бирлигинин, Prevention Media, Factcheck.kg сайтынын өкүлдөрү кирет.

Ар бир аймактагы жолугушуулардын жыйынтыгында аймактагы медианын абалы тууралуу аналитикалык материалдар даярдалып турмакчы.

Буга чейин медиа адистер Талас облусунда болуп келишкен.

“Медиакербен” “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен ишке ашырылууда.

2022-жылдын чын куранына чейин медиа адистер өлкөбүздүн бардык аймактарында болуп келет.

Окшош посттор