Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ошто “Ийгиликке КАДАМ” Медиа форуму өтөт

Ошто “Ийгиликке КАДАМ” Медиа форуму өтөт

“Журналисттер” коомдук бирикмеси негизделгенинин 20 жылдыгына карата 9-сентябрда Ошто ОшМУнун башкы жыйын залында кыргыз тилдүү ЖМКлардын “Ийгиликке КАДАМ” аттуу республикалык Медиа форумун өткөрөт.

Аталган форумда учурдагы кыргыз журналистикасынын маселелери жана жетишкендиктери талкууланат. Мисалы, анын катышуучулары журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторингдин беш айдагы жыйынтыктары менен тааныша алышат. Бул долбоорду учурда «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун колдоосу менен “Журналисттер” КБ ишке ашырып жатат.

Ошондой эле ийгиликтүү ЖМКлардын, сайттардын жана медиа долбоорлордун он өкүлү өзүлөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшмөкчү. Анан сырткары катышуучуларга IREX уюмунун жаңы медиа долбоорлору тууралуу маалымат берилип, подкасттар боюнча мастер-класстар өткөрүлмөкчү.

Мындай иш-чара кыргыз тилинде биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилей кетишибиз керек.

Аталган форумдун өткөрүлүшүнө Kyrgyz Concept, «Сорос-Кыргызстан» Фонду, IREX, IFES, Ош мамлекеттик университет, Т-Медиа Group уюмдары чоң колдоо көрсөттү.

“Журналисттер” КБ Кыргызстандагы алгачкы медиа уюмдардын бири болуп саналат. Ал 1998-жылдын 24-ноябрында негизделген. Анын негизги вазийпасы – журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарын коргоо, сөз эркиндиги баалуулуктарын жылдыруу. Уюм түзүлгөнүнөн баштап журналисттерди соттордо коргоп, журналисттерге жана ЖМКларга кысым көрсөтүүлөр боюнча билдирүүлөрдү кылып, өлкөбүздө биринчилерден болуп журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзө баштаган. Ошондой эле ЖМКлардын шайлоо кампаниясы учурундагы ишине байкоо жүргүзүү боюнча чоң тажрыйбасы бар.

Аны менен катар уюм журналисттердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча окутууларды активдүү жүргүзүп, өлкөдөгү медиа жаатындагы бардык ири иштерге катышып келет: Кыргызстан журналисттерини этикалык кодексин түзүү жана кабыл алуу; Коомдук телеберүүнү түзүү идеясын жылдыруу, түзүү жана бекемдөө ж.б.д.у.с.

2018-жылдын июнунда “Журналисттер” КБ сөз эркиндигин коргоо боюнча абройлуу эл аралык International Freedom of Expression Exchange (IFEX) уюмуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Медиа форумдун спикерлери:

Кененирээк маалымат алуу үчүн байланышуу маалыматтары:

«Журналисттер» КБ:  (312) 29-94-52, 0772 28-18-78, 0777 45-10-83,

journalist.kg@gmail.com, https://journalist.kg/

Окшош посттор