Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну чагылдыруу боюнча вебинарга жазылуу башталды

Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну чагылдыруу боюнча вебинарга жазылуу башталды

Урматтуу журналисттер жана блогерлер

Сиздерди майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну чагылдыруу боюнча вебинарга чакырабыз.

Вебинар кыргыз тилинде өтөт жана ага өлкөнүн бардык аймактарынан катыша алышат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас журналисттери жана блогерлери үчүн вебинар 2020-жылдын 19-сентябрында саат 12:00 – 14:00 өтөт.

Чуй, Ысык-Көл, Нарын жана Бишкек шаарынын калемгерлери үчүн 21-сентябрда саат 12:00 – 14:00 өтөт.

Бул вебинарда калемгерлер шайлоо участокторунда майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн шарттарды чагылдыруу, шайлоого келген майыптыгы бар адам менен маек куруунун өзгөчөлүгү, майыптыгы бар адамдарга байланыштуу стереотипсиз маалыматтарды даярдоо, алардын укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясынын негизги нормалары тууралуу маалымат ала алат.

Вебинарда журналисттер жана блогерлер өздөрүнүн кесиптик билимин дагы бир баскычка өстүрүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы. Андыктан вебинарга катышууга шашылыңыздар. Катышуучулардын саны чектелүү.

Катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча форманы толтуруп жиберүү зарыл – https://forms.gle/BCNxW27FKqMcL1Kd9.

Өтүнмөнү кабыл алуу мөөнөтү 17-сентябрда саат 18:00дө токтойт.

Кошумча суроолорго жоопту 0555 883 799 телефону аркылуу алсаңар болот.

Вебинар БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорлорунун колдоосунда өткөрүлүүдө.

Окшош посттор