Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Тумар” радиосунун үн режиссерун өлтүргөн киши бошотулду

“Тумар” радиосунун үн режиссерун өлтүргөн киши бошотулду

2011-жылы 16-октябрда “Тумар” радиостанциясынын үн режиссёру 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиев Бишкектеги “Мото” соода комплексинин жанында сабалган.

Жакында КР Жогорку сотунун токтомуна ылайык “Тумар” радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиевди мыкаачылык менен ур-токмокко алып, өлтүргөндүгү үчүн соттолгон Максат Эралиев түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 2011-жылы 16-октябрда “Тумар” радиостанциясынын үн режиссёру 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиев Бишкектеги “Мото” соода комплексинин жанында сабалган. Ал сөөк-мээден жаракат алып, ооруканага жеткирилип, бир нече операциядан кийин 9-ноябрда көз жумган. Анын өлүмүнө шектүү деп Максат Эралиев үч айдан кийин кармалган.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык 2012-жылы 24-майда Биринчи май райондук соту Абдразак Боромбаев Максат Эралиевди №47 абакта күчөтүлгөн режимде кармоо менен 14 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. 2012-жылы 5-сентябрда Бишкек шаардык соту өкүмдү 4 жылга кыскарткан. 2013-жылы 19-мартта КР Жогорку соту соттолгондун мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскартып, Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы №44 жатак-абагына которулган. Абакта Максат Эралиев башы ооруганын айтып кайрылган, ошол жердеги ооруканада текшерилгенден кийин Бишкектеги Улуттук госпиталга жөнөтүшкөн. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы белгилегендей, Максат Эралиев азыркы тапта абакта түнөбөй, бирок кайда жана эмне кылып жүргөндөрү тууралуу абактын администрациясына кабарлап турушу керек. Мындан сырткары абактын жетекчилиги уруксат берсе Кыргызстандын аймагында жүрө алат экен.

2011-жылы Жаныбек Айдаралиевди өлтүргөн Максат Эралиевди айыптоочу тарап убагында он жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Жаныбекти мыкаачылык менен ур токмокко алган М.Эралиев убагында кылмыш жазадан качып, 26-январга чейин изин билдирбей жүргөн. Ал ошол учурда төрт жолу мыйзамсыз паспорт алып, атүгүл туулган жерин бурмалап, аты жөнүн да Максат Аскарбеков, Максат Аскаров кылып өзгөртүп, Түркияга барып төрт жолу депортацияланганы айтылган. Мурда да темир тордун даамын татып, эркиндикке чыкканы да далилденген эле. ЖК депутаты Улан Чолпонбаевдин расмий эмес жардамчысы деген да маалымат тараган.

М.Эралиев депутаттын Бишкектеги бизнестеринин бири болгон “Бакарди” эс алуу клубунун “смотрящийи” болуп жүргөнү да ошол кезде ММКларда маалымдалган.

Албетте, адам өмүрүн алып, оор кылмышка кириптер болгон күнөөкөр КР КЖКнын адам өлтүрүү беренеси менен сот жообуна тартылган. Мурда да соттолгону, анын качып жүргөнү, жасалма документ менен атын өзгөрткөнү күнөөкөрго оордотуучу жагдай катары каралмак. Эгер жабырлануучу тараптын жакындары тосмо арыз жазып, кечирдик деген күндө да мындай оор кылмыш жасаган адамга өтө чоң жеңилдиктер болушу мүмкүн эмес экени КР КЖКнын беренелеринде бакыйып жазылып турат.

Маркум Жаныбек Айдаралиевдин жубайы Айжан менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди: “Чындыгында мен жолдошум Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө карата болгон сот процесстеринин бирөөнө да катышкан жокмун. Себеби, мени эч ким сотко чакырган жок. Жаныбек жаңы каза болгондо милицияга арыз жазып, анын кесиптештери менен чогуу Башкы прокуратуранын алдына митингге чыкканбыз. Жаныбектин кыркы өткөндөн кийин мен эч нерсеге катышкан эмесмин. Анын апасы жок, каза болуп калган, ал эми атасы менен менин мамилем жок болгондуктан байланышпай калдык. Анын үстүнө ошол учурда “сен бул ишке аралашпай эле кой, өзүбүз чуркайбыз” деп коюшкан. Жаныбек каза болгондон кийин мен ал үй-бүлөөгө эч ким болбой калдым. Ошол кезде ахыбалым да оор болчу. Алар өздөрү чуркап, сот акыйкат чечим чыгарып, ишти аягына чыгарышат го дегем. Сотко да чакырышпады, мени менен эч ким макулдашкан да жок. Болгону Жаныбекти өлтүргөн Максат Эралиев качып жүрүп кармалып, ал он төрт жылга кесилди деп ММКлардан уктум. Ал эми жакында эле Максат Бегалиевдин жаза мөөнөтүн кыскартылганын билдим”.

Ошондой эле Айжан соттун чечимине нааразы пикирин билдирди. “Албетте, кара башыл адам өлүп жатса күнөөкөргө берилген үч жылдык жаза туура эмес. Максат Эралиев убагында күнөөсүнөн качып, эки-үч ай жашырынып жүрсө ага кандай жеңилдиктер берилип, үч жылга кесилгенине кесиптештери да шок болуп жатышат. Албетте, буга Жаныбектин же Максат Эралиевдин туугандарынын тиешеси жок, бул оор кылмышка жазаны соттор гана чече алат. Ошондуктан соттук системага мындай суроо бергим келет, эмне үчүн мындай оор кылмышка кириптер болуп, адам өмүрүн алган кылмышкерге үч жыл гана жаза беришти? Бул Максат Эралиев мурда да соттолгон эле, ал кылмышынан шарттуу түрдө чыгып кеткен экен. Эми эркиндикке чыккан Максат Эралиев коомго эч кандай коркунуч туудурбайт, түз жүрөт деп ким кепилдик бере алат? ” деп суроо салат маркумдун жубайы.

“Жаныбек экөөбүз 2009-жылы мусулманча никеге турганбыз, бирок, расмий түрдө ЗАГСга катталган эмеспиз. Ага жетишебиз деп ойлогонбуз. Бир чети Жаныбек экөөбүздүн ортобузда бала болбогондуктан анын туугандары менен мамилебиз алыстай түшкөнү да себеп болсо керек. Жаныбектин атасын, туугандарын сыйлайм. Эгерде Жаныбекти сакайтып, тирилтип ала турган болсок аягына чейин чыкмакмын. Бирок, тилекке каршы, эми аны эч качан кайрып алалбайбыз… Соттук системанын чечимине нааразымын”, деп жыйынтыктады өзүнүн оюн Айжан.

Назгүл Калмамбетова, «КАБАР ОРДО»

Окшош посттор