Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КТРК Байкоочу кеңешинин курамы бекиди

Жогорку Кеңештин депутаттары 18-апрелде пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерликтерди бекитти.

Сунушталган адамдардын талапкерлигин бекитүү талкуусуз эле электрондук жабык добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү.

95 депутат каттоодон өттү. Добуш берүү жашыруун рейтинг түрүндө болду.

Натыйжада, президент тарабынан сунушталган 10 талапкердин ичинен Борбукеева Рита Касымбеков Нурбек, Өмүрканов Анатай, Сатаров Абды жана Шестаков Игордун талапкерлиги жактырылды.

Ал эми Жогорку Кеңеш сунуштаган талапкерлерден Тынчтыкбек Чоротегин, Сабырбек Муканбетов, Кылычбек Султанов, Тамара Жаманбаева жана Жылдыз Бакашова тандалып алынды.

Жарандык коом тарабынан сунуш кылган 15 талапкердин ичинен Эрнест Абдыжапаров Фархад Бекманбетов, Илим Карыпбеков, Вячеслав Гончаров жана Мыктыбек Арстанбеков Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп дайындалды.

Маалымат булагы “Баракелде” маалымат агенттиги

Окшош посттор