Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Баткенде жакында кыргыз, тажик жана орус тилиндеги жаңы гезит чыгып баштайт

Баткенде сентябрдын биринчи жарымынан тарта кыргыз, тажик жана орус тилиндеги гезит чыгып баштамакчы. Баткен жана Согди областтарынын биргелешкен бул маалымат каражатын Бишкектеги “ЖМКларды колдоо борборунда”  басуу пландалууда.

Эл аралык бул гезит 8 беттен туруп, айына бир ирет 5000 нуска менен чыгат. Азырынча Кыргызстан тараптан төрт журналисттин иштээри аныкталды. Гезиттин чыгымын  бир жылга чейин Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму көтөрөт.

“Баткен менен Согди областтары чекташ аймактар болгондуктан жыл сайын өз ара кызматташуу боюнча кол коюлган келишим түзүлүп, социалдык, экономикалык тармактарда иш алып барылат. Анын алкагындагы  дагы бир иш чара – эки тараптын биргелешкен гезит ачуу планы болду. Мындай идеяны Кыргызстан тарап Тажикстанга сунуштап, коңшулар кызыгуу менен кабыл алышты. Гезиттин түзүүчүлөрү эки тарап тең болот”,-деди Баткен областтык мамлекеттик администрациянын басма сөз катчысы Кубат Айбашов.

Алдыда Кыргызстан менен Тажикстандын Адилет министрликтеринен каттоодон өткөрүү, басылмага ат ыйгаруу, журналисттерди аныктоо сыяктуу иштери турат. Жакында Согди областынын губернаторунун орун басары, басма сөз катчысы Баткенге келип, кыргызстандык кесиптештери менен  дагы бир ирет сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

“Гезит эки элдин маданиятын, тарыхын, майрамдарын ар кыл рубрикалардын алдында алып чыгат. Андан сырткаркы негизги максат – чек ара саясатын туура жана элге түшүнүктүү кылып чагылдыруу. Себеби, көп учурда чек ара боюнча абал курчуп кетип, абал чыңалууга жеткен учурлар бар. Басылма ошондой жагдайларды жумшартуу, элге туура маалымат берүү милдетин алат”,- деди басма сөз катчысы К.Айбашов.

Окшош посттор