Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Ачык саясат плюс” гезити “Кожобек Рыспаевге 1 сомдон” аттуу акцияны баштады

“Ачык саясат плюс” гезити “Кожобек Рыспаевге 1 сомдон” аттуу акцияны баштады

17-декабрда Жогорку Сот “Ачык саясат плюс” гезитине карата берилген депутат Кожобек Рысбаевдин доо арызы боюнча каралган соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырган. Эми гезит депутатка келтирилген моралдык чыгым катары 300 миң сомду төлөп берүүгө аргасыз.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты гезит менен 2018-жылдын августунда жарык көргөн макаласы үчүн соттошкон. Редакция макалада депутат бир партиядан экинчиге ооп тургандыгын белгилеп, аны “Хамелеон” деп атаган.

“Биз “Кожобек Рыспаевге 1 сомдон” деген аталыштагы акцияны баштадык. Акча чогултуу демилгесин аргасыздан көтөрдүк. Себеби, редакциянын анчалык акчасы жок. Биз кеңседеги эмеректерди сатсак дагы андан түшкөн каражат жетпейт. Менин жеке пикиримде, кайдыгер эмес адамдар бизди колдоп кетишет деп ойлойм. Эгерде биз ал сумманы чогулта албасак, анда гезитти жабууга аргасызбыз”, – деп билдирди басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова.

Ал эми моралдык компенсация тууралуу кеп кыла турган болсок, соттор керек болсо, ошол гезиттин бюджети менен дагы кызыгып коюшкан жок. 2,8 миң нуска менен басылып чыккан гезит үчүн 300 миң сом өтө эле көп болуп саналат. Бул өтө көп акча. Моралдык чыгым деген акылга сыйарлык өлчөмдө каралышы керек эле”, – деп билдирди өз оюн медиа өкүл жана гезиттин жактоочусу Акмат Алагушев.

“Соттор саясий буйрук менен иштеп жатышкандыгы байкалып эле турат. Себеби, Кыргызстанда бүгүнкү күнү бул гезит кыргыз тилиндеги жалгыз оппозициялык маанайдагы басылма болчу да. Бийликтеги жеке булактардын канчасынан уктук. Ал жактагы айрым жетекчилер бул гезиттен кантип арылуу керек деген сөздүн тегерегинде сөз кылышкандарын. Эми бул гезит 300 миң сомду кантип төлөйт? Бул тизгиндөө аракети менен жеке менчик гезиттерди банкротко учуратуу амалы гана болуп жатканын байкаса болот”, – деп ойлойт КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор