Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Мурдагы акыйкатчы, экс-президентке болгон доо арызын чакыртып алат, бирок “Апрель” телеканалына болгон доо арызы ошол бойдон калмакчы

Мурдагы акыйкатчы, экс-президентке болгон доо арызын чакыртып алат, бирок “Апрель” телеканалына болгон доо арызы ошол бойдон калмакчы

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мурдагы президентке болгон 100 миң сомдук доону өндүрүүнү өтүнгөн доо арызын чакыртып алмай болду. Ал эми “Апрель” телеканалына болгон арызы ошол бойдон калмкчы.

Укук коргоочунун айтымында, Алмазбек Атамбаевдин камакка алынып, ага карата кылмыш жана жазык кодексинин негизинде оор жана өтө оор деп саналган кылмыш иштери козголууда. Алардын арасында Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгарылышы дагы бар.

“Андыктан, ал адам менен жарандык тартипте ушак-айыңдар үчүн соттошуунун кажети жок деп ойлойм. Ал адамдын мени 100 миң долларлык пара алган деген кеп таратып, менин абийириме шек келтиргендиги бул карандай жалган. Көрөсүздөр, ал жакында далилденет, буюрса” – деди Турсунбек Акун.

Ошондой эле ал өз сөзүндө, “Апрель” телеканалы менен анда эмгектенген журналист Канат Каниметовго карата жазылган 500 миң сомдук доону талап кылган арыз ал телеканалдын мүлкүн камакка алгандыгына жана ал каналдын эфирге чыкпай калгандыгына карабастан күчүндө экенин белгиледи.

Эгерде “Апрель” телеканалы чыгарган материалдарын төгүндөп, кечирим сураса, мен ошол замат арызымды чакыртып алам. Алардын ютубда өздөрүнүн каналы бар, мына ошол жерден деле кечирим сурашса болот. Мен тууралу абдан туура эмес, чын төгүнү жок маалыматтарды таратышты”, – деп кабарлады доогер.

Эскерте кетүүчү жагдай, мурдагы акыйкатчы “Апрель” телеканалынан 500 миң сомду доо өндүрүүну талап кылып келет.

“Биз Турсунбек Акун менен мындан ары дагы соттошобуз. Айта кетүүчү жагдай, экс-президенттин билдирүүсун башка ЖМКлар дагы беришкен. Бирок, эмнегедир экс-акыйкатчы биздин каналды гана сотко бериптир. Ошону менен бирге Акун мырзанын логикасына түшүнө албай жатам. Эмнеге экс-президент менен соттошуудан баш тартат дагы, биз менен соттошууну улантууда. Биздин журналисттер ансыз деле жабыркашты, алар келечекте ишсиз калышы мүмкүн деген дагы тобокелдик бар”, – деп билдирди телеканалдын башкы директору Дмитрий Ложников.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБсынын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Окшош посттор