Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Экс-омбудсмен «Апрель» телеканалы менен соттошмокчу

Экс-омбудсмен «Апрель» телеканалы менен соттошмокчу

Мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун “Апрель” телеканалынан моралдык компенсация катары 500 миң сом өндүрүүнү көздөп жатат.

Бул тууралу “Журналисттер” КБге Турсунбек Акун өзү айтып берди. Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Октбярь райондук сотуна “Менин ар-намысыма шек келтиргендиги үчүн” деп экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата дагы доо арызы менен кайрылган. Ал өз доосунда мурдагы өлкө башчысынан моралдык зыянды компенсация кылуу үчүн 100 миң сом талап кылууда.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Азиз Батукаевди бошотууга 100 миң америка долларын алган деп, анын аброюна шек келтирген.

“Бул жалган жалаа. Ошол үчүн мен сотко кайрылып жатам. Балким, Атамбаев үчүн бул 100 миң америка доллары анча көп деле эмес акча болушу мүмкүн”, – деп белгиледи өз сөзүндө Турсунбек Акун.

Буга кошумчалай Турсунбек Акун 8-июнда өткөн митингде Алмазбек Атамбаевдин эл алдында чыгып сүйлөп, Трусунбек Акун пара алган деген билдирүүсүн тараткандыгы үчүн жана да “Апрель” телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов даярдаган сюжетте мурдагы акыйкатчы акча алган деп белгилегендиги үчүн “Апрель” телеканалын дагы сотко берүүгө камынып, ал жактан 500 миң сом өндүрүүнү талап кылууда. “Бирок, эгер “Апрель” телеканалы расмий түрдө төгүндөө бере турган болсо, анда мен ошол эле замат өзүмдүн доо арызымды кайтарып алам”, – деп билдирди доогер.

Турсунбек Акун “Журналисттер” КБга сөзүндө учурда “Апрель” телеканалына карата доо арызды камдап койгонун, жакында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна аны берүүгө даяр экенин белгиледи. Доо арызды эки жума мурда эле берген болчу. Бирок доогерге доо арыздын айрым жерлерин оңдоп түзөтүү керектигин айтышкан. Ал оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк болбоду, ошондуктан экс-акыйкатчы журналисттерге каршы жаңы доо арыз менен сотко кайрылууну көздөп жатат.

Ал өз сөзүндө, сотту утуп калса, моралдык компенсациядан өндүрүлчү каражатты каякка жумшаары менен дагы бөлүштү:

“Ал каражатты мен кайрымдуулукка жумшайм. Балдардын интернат-үйүнө берем. Бул акчаны өзү колдонуп жатат деген соз болбошу үчүн мен бул акчаны жумурай журттун алдында бермекчимин” – деп белгиледи Турсунбек Акун.

“Апрель” телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложниковдун билдирүүсүндө, аларга соттон чакыруу келе элек.

Биз, биринчи кезекте, доо арызда эмнелер камтылганын көрүшүбүз керек. Биздин канал аркылуу көрсөтүлгөн берүүдө ага эмне жакпай калганын карап, талдап чыгышыбыз зарыл болот. Албетте, биз соттошобуз. Баса, белгилей кетүүчү жагдай, ошол маалда экс-президенттин сүйлөгөнүн биз эле эмес, башка ЖМКлар жана телеканалдар дагы көрсөтүшкөн. Албетте, телеканал кандайдыр бир деңгээлде Атамбевге таандык, балким ошону үчүн бардыгы бизге каршы болуп жаткандыр. Бул Атамбаевдин бир интервьюсундагыдай болуп, аны биз менен кошо башка телеканалдар дагы көрсөтүшкөн, бирок жыйынтыгында доо арыз биздин гана дарекке келип түшкөн”, – деп билдирди телеканалдын жетекчиси.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнин Чүй облусу менен Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор