Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

«Азаттык Медиа» мекемесинин билдирүүсү

«Азаттык Медиа» мекемесинин билдирүүсү

«Азаттык» Оштогу окуяны сөз эркиндигине коюлган чабуул деп баалайт.

«Азаттык Медиа» мекемеси Ош шаарында өзүнүн оператору Айбек Кулчумановду уруп, колундагы техникасын карактап кеткен окуяны кескин сындайт жана укук коргоо органдарынан бул окуянын терең иликтенишин талап кылат.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, чөнтөк телефонун, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Медициналык кароонун жыйынтыгында Айбек Кулчуманов белинен жабыркаганы аныкталып, тийиштүү дары-дармектер жазылып берилген. Каракталган жабдыктардын жалпы суммасы 1 580 100 (бир миллион беш жүз сексен миң бир жүз) сом. Алар – видео камера, штатив, телефон жана дрон учуруучу пульт, автоунаанын ачкычы жана документтери. Пульт каракталган соң асманга учурулган дрон да дайынсыз жоголгон.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду. Милиция журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазганын билдирди. Ишембинин кечинде шаардык милициянын «Фейсбук» баракчасына чыккан маалыматта Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну А. уулу О. «короодо турган учурда башына белгисиз учуп жүрүүчү дрон келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин» билдирип, арыз менен кайрылганы айтылат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын айрым туугандары жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү буга чейин 29-майда жарыяланган. Коомчулукта резонанс жараткан бул иликтөө дагы улантыларын буга чейин «Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукка жарыялаган. «Азаттык Медиа» Оштогу акыркы видео тартуу ушул иликтөөлөрдүн алкагында жүргүзүлүп жатканын жана жакынкы күндөрдө бул иликтөөлөр коомчулукка жарыяланарын билдирет.

Маалымат каражаттарынын ичинен «Азаттыктын» иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө маанилүү экенин коомчулуктун да, бийликтин да өкүлдөрү да белгилеп келишет. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков «Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алган учурда ушундай пикирин билдирген. Жээнбеков радионун иликтөөлөрүнө көз салып турарын жана андагы айрым фактылар боюнча чоң иштер жасалып жатканын кошумчалаган.

«Азаттык Медиа» мекемеси соңку окуяны Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн чоң коркунуч, чабуул катары баалайт жана ушундан улам бул иштин укук коргоо органдары тарабынан ачык, так иликтенишине кылдат көз салып турмакчы. «Азаттык» курч темаларды, орчундуу маселелерди көтөрүп, коррупцияга каршы иликтөөлөрүн уланта берет.

“Азаттык”, 30.09.2019-ж.

Окшош посттор