Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Маалымат берүү милдетинен качкан маморгандар

Маалымат берүү милдетинен качкан маморгандар

Журналисттер кесиптик ишинде айрым мамлекеттик органдардан маалымат алуу татаалдыгына көп туш болуп жатышканын айтышууда. УКМК, прокуратура, сот, бажы кызматы, каржы полициясы журналисттер үчүн дээрлик жабык мекемелер. Журналисттик иликтөө, аналитика менен алектенген журналисттер гана атайын суроо-талап менен кайрылбаса, жаӊылыктар менен иштеген кабарчылар, дээрлик суроо-талап жазышпайт.

“Клооп” сайтынын кызматкери Хамидулло Узаков жакын арада болгон окуялар боюнча маалыматтарды дароо алуу журналист үчүн маанилүү экенин белгиледи:

“Мындан 1-2 жыл мурдагы окуялар боюнча, же кандайдыр бир архивдик документтерди суроодо запрос жөнөтүп, анын жообун күтүү негиздүү эле. Бирок, Улуттук коопсуздук кызматы жакында эле болуп өткөн окуя боюнча маалымат сурасаӊ деле, “запрос жөнөт” дешет. УКМКнын Оштогу пресс-кызматы Бишкек жооп берет деп айтат. Бир жолу УКМКдан бир маалыматты тактоо үчүн кайра-кайра чалып, ала албадым. Кийин билсем, менин номуруму кара тизмеге киргизип коюптур.

Мисалы, милициядан телефон чалып, дароо эле маалымат алууга болот. Ал эми прокуратурадан маалымат сурасаӊ,” ага чал”, “буга чал” деп, бири-бирине оодарышат. Ал эми Финполициянын пресс-кызматы болсо кээде такыр жооп бербей да коет. Ошондой башаламандык”, – дейт Хамидулло Узаков.

Журналист-оператор Жусупбек Кошмат уулу жеке менчик ишканалардан да маалымат алуу татаал экендигин белгиледи:

“Курулуштар боюнча материал даярдоодо жеке менчик ишканаларга кирүүгө уруксат алуу, тасмага тартуу, маалымат үчүн интервью алуу татаал. Ал эми мамлекеттик органдарда, прокуратурада маалыматты берүүдө бири-бирине шылтап, убара кылышат, интервью такыр бериштейт. Кайсы бир маалыматты тактоо үчүн кайрылганда да оӊойчулук менен жооп беришпейт.

Мен күнүмдүк жаӊылыктарды даярдаганым үчүн дайым эле запрос жазып, анын жообун күтө албайм. Иш тажрыйбамда мыйзамсыз курулуштар боюнча материал даярдап жатканда экотехинспекцияга 2-3 жолу запрос менен кайрылдым”, – деди Жусупбек Кошмат уулу.

Ал эми Арген Нуров иликтөө макалаларын даярдап жүргөн журналист. Ал өзгөчө коррупция темасын иликтөөгө зарыл болгон маалыматтарды маморгандардан алуу абдан татаал экенин белгиледи.

“Жерлердин мыйзамсыз сатылышы, кайсы бир кландардындын жерлерди мыйзамсыз сатып алып, турак-үйлөрдү кургандыгы, тендерлердин мыйзамсыз өтүшү ж.б. боюнча иликтөөлөрдү жасоого аракет кылдык. Мисалы, А.Шакиров көчөсүнө асфальт басуу боюнча тендерди Жолдор башкармалыгы өткөргөн. Жолду “Тасико” деген фирма курган экен. Тендер боюнча порталды карасак, 3-4 бөлүм менен өткөн тендерлердин баарын ошол фирма утуптур. Мисалы, жолго асфальт төшөөдөн сырткары жолдон өткөн канализация түзүмүн оӊдоо, арыктарын оӊдоо боюнча миллиондогон сомдук тендерлер өткөн. Башка фирмалар да бул тендерлерге катышкан, бирок кайра эле “Тасико” фирмасы ута берген. Миллиондук тендерлердин артында кимдер турат, коррупциялык кандай байланыштар бар, мунун түбүнө жете албадык. Эмне үчүн жете албадык? Прокуратурага, мэрияга кайрылганыбызда бизге толук малыматты бербей коюшкан. Коррупцияны кайсы органдар билет? Капиталдык курулуш башкармалыгы, Ош мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы, прокуратурадан маалымат ала албайбыз”, – деди Арген Нуров. Ал суроо-талап жөнөтүп, анын жообун эки апта күтүү, эгер жооп берилбесе, ал маморган менен соттошуу журналисттен убакытты жана майтарылбас эркти талап кыла турганын кошумчалады. Арген Нуров “ТMG” телеканалынын кызматкери.

“Спутник” сайтынын кабарчысы Зульфия Тургунова да тендерлерге байланыштуу маалыматтарды алууда татаалдыктарга туш болгон:

“Биздин башкы кеӊсе Бишкекте болгондуктан, жазуу жүзүндө суроо-талап даярдап, ага мөөр коюлуп, борбордон келгенче убакытты алат. Сайт болгондуктан, материалды чыгарууда оперативдүүлүк талап кылынат да. Ошондуктан, оозеки түрүндө маалымат суралат.

Мисалы, Ош шаарында жаӊы жылдык балатыны “Турар” ЖЧКсы бир катар жыл бою орнотуп келген. Тендерге башка фирмалар да катышканы менен, бир гана ушул фирма утуп турган. Тендердин өтүшү, жол-жобосу боюнча Муниципалдык менчик башкармалыгынан такыр маалымат ала алган эмесмин. Жетекчиси Ашым Семетеевге бир нече жолу телефон чалып, ал телефондон да жооп берген жок.

Ош шаардык жана облустук прокуратура да журналисттер үчүн дээрлик жабык мекемелер. Ал жерде журналисттерге маалымат бере турган жооптуу адис жок. Эгер прокуратурадан маалымат алуу зарыл болсо, ал материалыӊ чыкпайт дегенге эле тете. Кароолчудан ары кире албайсыӊ. Же “маалымат бере турган жетекчи жумуш ордунда эмес эле” деген жоопту угабыз”, – деди Зульфия Тургунова.

“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу көпчүлүк ЖКМ кызматкерлери күнүмдүк темалар менен алектенгени үчүн маалымат алууда суроо-талап менен кайрыла бербегенин белгиледи:

“Суроо-талапты кантип жазганды, маалымат алуу үчүн кантип кайрылуу керектигин эл аралык уюмдар үйрөтүп келет. Суроо-талапты, негизинен, иликтөө, тереӊдетилген аналитикалык материал даярдаган журналисттер жазышат. Күнүмдүк кабарлар менен иштеген журналисттерге күнүмдүк маалыматтарды алуу көп деле тоскоолдуктарды жаратпайт. Бирок, толук эмес, кыска гана маалыматтарды берген учурлары да болот. Ошол болсо да пайдаланууга туура келет. Анткен менен, прокуратурадан, сот органдарынан кээде маалымат алуу абдан татаал. Бюрократтык мамиле кылып, суралган маалыматты аныкталуу бир адам берет дешет, ал адам башка бирөө берет деп, бири-бирине оодаруу боло берет”, – деди журналист.

Дастан Үмөтбай уулу журналисттерге, ЖМКларга ачык маморгандарды да белгилеп өттү:

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынан маалыматты ыкчам алууга болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да маалыматка ачык, сайты да улам жаӊыланып турат. Ош шаардык мэриясынын пресс-кызматынан маалыматтарды кайсы учурда болсун алууга мүмкүн. Пандемия учурунда түзүлгөн республикалык штабдын телеграмм каналы ЖКМлар үчүн гана эмес, бардык жарандарды да маалымат менен камсыздоодо. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү да телеграмм каналын ачкан. Айрым маморгандар маалымат алууга ыӊгайлуулук түзүүдө”, – деди Дастан Үмөбай.

Маалыматты мыйзам негизинде сурап, алса болот

Кыргызстанда журналисттер гана эмес, ар бир жаран жергиликтүү жана мамлекеттик органдардан маалыматтарды алып, таанышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясыннын 33-беренесинде көрсөтүлгөндөй:

“… Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу…

Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу…

Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат…”

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү үчүн журналист же жаран суроо-талап менен кайрылса болот. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга маморган эки жума аралыгында жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде бул мөөнөттө суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбосо, кийинкиге жылдыруунун себебин көрсөтүү менен суроо-талап жиберген адамга билдириши шарт. Эгер белгиленген мөөнөттө жооп берилбесе, же жооптун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарланбаса, суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат. Бул учурда маалымат берүүдөн баш тартууга мыйзам негизинде даттанууга болот. Анткен менен, суроо-талапка толук жооп бербеген мамлекеттик органдын үстүнөн арыз менен кайрылгандар дээрлик жокко эсе.

Гүлзат Газиева,
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү

Окшош посттор