Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Аудитория менен ишеничтүү алаканы кантип түзүүгө болот: эмне үчүн ЖМК окурмандарын медиа сабаттуулукка үйрөтүүсү керек

Аудитория менен ишеничтүү алаканы кантип түзүүгө болот: эмне үчүн ЖМК окурмандарын медиа сабаттуулукка үйрөтүүсү керек

Медиа маселелерин чагылдырган орусиялык сайт «ЖУРНАЛИСТ» медиа сабаттуулукту жогорулатуу боюнча орусиялык жана чет өлкөлүк кесипкөйлөрдүн сунуштамалары менен таанышып чыккан экен. Бул таанышуунун жыйынтыгын кыргыз тилинде сунуштайбыз.

Заманбап дүйнөдө жаңылыктарды окуу сыноого көбүрөөк окшошуп кетет. Мындагы негизги татаалдык – маалыматтык жүйөлөрүн өзүндө гана эмес, маалыматтык басымдын өтө жогору болуп калганында. Эгер буга конспирологиялык теорияны (кеңири белгилүү тема) жана да пандемиянын саясатташкан хроникасын кошконубузда – абдан зор, көзөмөлгө алынбаган, башты адаштырган жаңылыктар агымын алабыз. Алардын ичинен кайсынысы чындык, кайсынысы жасалмаланган жарым-жартылай чындык же толугу менен ойдон чыгарылганын айырмалап билүү дээрлик мүмкүн эмес.

Ушуга байланыштуу журналистика учурда окурманга фактыларды гана сунуштабастан алар менен кантип иштөөнү жана анык маалыматтарды фейктерден кантип айырмалоону түшүндүрөт. Ошондуктан «ЖУРНАЛИСТ» медиа сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ата мекендик (орусиялык) жана чет өлкөлүк кесипкөйлөрдүн сунуштамалары менен таанышып чыкты.

«Тажрыйбалуу журналист жана сынчыл көз караштагы адис болсом дагы мага досторум же туугандарым жөнөткөн мага анык көрүнгөн жалган маалыматтардын тузагына илинегеним көп болду. Атүгүл кээде бир караганда түп нускасынан эч айырмаланбаган президенттин твиттеринин жасалмаланган скриншотторуна ишенген күндөрүм болгон» – дейт «Trusting news» билим берүү жөнөтмөлөрүнүн авторлорунун бири Молли Мучна.

Анда фейктер менен иштөөнү билбегендер кандай болот? Ким бирөөлөр чындап анык маалыматты табууга умтулат, бирок ага кантип жетүүнүн жолун билбейт?

Анан аудитория менен кантип ишенимдүү алака түзүү керек – айланада ишенүүгө татаал маалыматтар абдан көп шартта «бизге ишенүүгө болот» деп кантип маалымат колдонуучулардын ишенимине жетсе болот?

Reading Eagle гезитинин digital-жаңылыктар бөлүмүнүн редактору Адам Рихтер медиа сабаттуулукту жогорулатуу иши чындык үчүн күрөштө кантип жардам берээри жөнүндө жазган. Ал окурмандарга тексттеги башкы идеяны кантип табыш керек, фактыны пикирден кантип айырмаласа болот, материал башка булактарга шилтеме берип жатканын жана ал булактардын аныктыгын кантип түшүнсө болот, ж.б.д.у.с. суроолор боюнча кеңештерин берген. «Медиа адамдардын ишенимин тездик менен жоготууда, бирок дагы деле үмүт бар. Жаңылыктарды даярдоо өндүрүшүн көрсөтүү жана адамдарга жаңылыктар кандай жазылаарын айтып берүү менен биз окурмандардын ишенимин кайтара алабыз», – дейт Адам Рихтер.

ProPublica репортеру Маршалл Аллен дагы пайдалуу кеңештери менен бөлүшкөн. «Пандемия» жөнүндө видеонун айланасындагы жаралган катуу талкууга жооп катары Аллен тексттин аныктыгын текшерүү үчүн өзүнө бере турган суроолордун тизмесин жарыялаган (ушуга окшош материал RJI (Reynolds Journalism Institute) менен API (American Press Institute) биргелешкен долбоору – «Trusting news» алкагында дагы жарык көргөн). Аллен сайттагы өзүнүн тилкесине адатта досторуна сунуштаган материалдарга анализ жүргүзүү үчүн чек-баракча жарыялаган (ошондой эле автор окурмандарга бардык маалыматтарга – атүгүл ProPublica жарыялаган макалаларга дагы кайсыл бир деңгээлде шектенүү менен кароо керектигин айткан).

Аллен жаңылыктар менен таанышууда төмөнкүлөргө көңүл бурууну сунуштаган:

    • Текстте бардык катышуучулардын пикири берилгенби же бир тараптын эле ою жазылганбы?
    • Автор чынчылдык принциби менен жазып жатабы же жеке кызыкчылыгын көздөп жаздыбы?
    • Автор фактыларга таянабы?
    • Текстте айыпталгандарга дагы өз пикирин айтуу укугу берилгенби?
    • Булактарга шилтемелер барбы? Эгерде жок болсо, автор алардын жоктугунун себебин көрсөткөнбү?
    • Текст башка эч кимге жеткиликтүү болбогон «жашыруун» маалыматты камтыган материал катары жарыяланганбы?

Эгерде ар бир адам видеону көрүүдө, радиопрограммаларды угууда жана макалаларды окууда өзүнө ушундай суроолорду берип турса, аудиторияга фейктен чындыкты айырмалоо канчалык оңой болмок? Албетте, оңой болот.

Мындай эскертмелерди ата мекендик (орусяилык) ЖМКлар дагы жарыялашат. Алар айрыкча акыркы мезгилдерде коронавирус пандемиясына байланыштуу оору жугузгандардын жана айыккандардын саны, ооруканалардын абалы, медициналык кызматкерлердин жүрүм-туруму жөнүндө жана ушактардын таралышынан улам абдан белгилүү болуп калды.

Пайдалуу кеңештери менен «Российская газета» же «5 канал» сыяктуу борбордук ЖМКлардан сырткары аймактык басылмалар да окурмандарына жардам берүүгө аракет кылды. Петербергдук «Бумага» интернет-медиасы фейк жаңылыктар менен күрөшүү боюнча кыскача эскертме жана өлкөдө жана дүйнөдө коронавирус тууралуу маалыматтарды жарыялаган текшерилген булактардын тизмесин түздү. «Челнинские известия» адистер менен баарлашкан: анда маалыматтык бороон убагында адам өзүн кандай алып жүрүш керектигин культуролог менен психолог түшүндүргөн. Алар баш аламан ушактардын бир себеби катары тынчсызданууну, ал эми аларга каршы күрөшүүнүн бир жолу катары – маалыматка сынчыл мамиледе болууну жана аларды кылдат талдоого алууну аташкан.

«Биз такталбаган маалыматтарды көзөмөлдөй албайбыз, биз анын таралышын дагы токтото албайбыз. Бирок биз окурмандарга жаңылыктарды ылгап алуу жана жазуунун жүрүшү жөнүндө базалык маалыматты бере алабыз жана аны менен аларга сабаттуу медиа керектөөчү болушуна жардам көрсөтө алабыз. Аудитория журналисттик фактыны фейктерден кантип айырмалоону канчалык жакшы түшүнсө, анда алардын силердин аудиторияңар болуп калуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот – ал үчүн силер өзүңөрдү «ишенимдүү жаңылык булагы» деп атай алышыңар керек», – деп эсептейт Молли Мучна.

М.Мучна окурмандарга карай биринчи кадам катары коомдук түйүндөргө пост жазууну же чек-баракчасы менен толук материал жазууну жана аларга такталбаган материалдар менен таанышууда кереги тие турган маалыматтар менен бөлүшүүнү сунуштайт.

Ишти эмнеден баштоо керектиги боюнча «Trusting News» медиасынын директору Джой Мейерден мисалдар:

  • Эң алгач шилтемелерди текшергиле. Автор кайрылган фактылардын артында анык булактардын турганын текшергиле. Кандай булактар экенин карап көргүлө.
  • Андан соң макаланын датасын текшергиле — балким маалыматтар эскирген болушу мүмкүн?
  • Анан акырында, эгерде маалымат дагы деле шектүү сезилсе жана ага ишенимдүүлүк жетишпесе, анда ал жаңылыктын бардыгын тастыктоо үчүн гуглдан карагыла жана аны башка булактардан издегиле.

Окурмандарды маалыматтарга карата ишенбестик көз карашта болууга көндүргүлө жана аларга бардык материалдар бирдей шартта даярдалбай турганын эскертип тургула. Жаңылыктарды түзүү кандай жүргүзүлөөрү жөнүндө билим менен бөлүшкүлө: бул окурмандарга тажрыйбалуу жана сабаттуу медиа керектөөчү болууга, ошондой эле, силердин маалымат менен иштөөгө жөндөмдүү экениңерди жана «силерге ишенүүгө болоорун» далилдөөгө мүмкүндүк берет.

Анна Золотавина, «Журналист»,
макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор