Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Саякатчы бала

Аңгеме

Негедир, бала кезимен эле Мекенден сыртка чыгып, саякаттоо тууралуу кыялдана берчү элем. «Эне тил» сабагындагы каздар жылуу жакка алып учкан «Саякатчы бака» баянын окугандан кийин ал оюм ого бетер бекемделгенсиди. Ошондонбу, бассам-турсам алыскы өлкөлөр көз алдыма тартылып, андагы элдер бир башкача турмушта, жомоктогудай күн кечиргендей туюлчу. Бул кыялдануум мени жыйырма алты жашка чыкканчакты көлөкөдөй ээрчип жүрдү. Үй-бүлөм, жандай көргөн кызым, жаркылдаган жарым, көңүл сүйгөн ишим, акындык атым, эл ичинде аздыр-көптүр аброюм бар экенине карабастан, кайсыл бир күнү алардан бөлүнүп, алыс-алыс жактарга сапарга аттангым келе берчү. Баарынан да улуу Орусия койну өзүнө көп тартчу. Ак кайыңга толгон токою, учу-кыйырсыз кенен аймагы, дүйнөдөгү улуттар арасында улуу эл катары калыптанышы, Сергей Есенин, Александр Пушкин башында турган орошон поэзиясы, айтор орус улутуна тиешелүү бардык сапаттарга кызыгуум артчу. Ошол себептүү, эртели-кеч Мукай Элебаевчесинен «Москва, Ташкент ураанын, жакшы деп элден угамын. Ошолорду мен угуп, канткенде чыдап турамын?..» деп зарлаган көз ирмемдерим жадыман чыкпастыр.Анан «Жаштын тилегин берет» дегендей 2006-жылдын 18-декабрында ак калпактуу Ала-Тоом менен кош айтышып, «Кайдасың, Россия?» деп Екатеринбургду көздөй сапар тарттым, кербенчинин төөлөрүндөй чубалган поезд менен.

Ошондогу, абалымы айтпай ак коелу. Жүрөгүм элеп-желеп. Көңүлүм алда кайда алып-учат. Кандайдыр бир зор бактыга, жаңы ачылыштарга бой салчудай бир бөлөкчө толкунданганым, ай! Дүйнөдө менден өткөн бактылуу жан жоктой. Ошентип, арадан үч күн өткөн соң, Екатеринбургга да келдим. Поездден түшөрүм менен эмелеки таттуу кыялдарым кыйрап, тап-такыр мен күтпөгөн турмуш башталды. Чу деген жерден эле алдын-ала убадалашкан, мени тосупалчу адамым вокзалга келбей калды. Колумда дипломат, кийгеним костюм-шым, мойнумда галстук. Турам, ары-бери басып. Суук шамал беттен урат. Мындай шамалды Кыргызстанда кыштын чыкыроон чилдесинде деле учуратпайсың. Табиятыман үшүкчөөл жаным, «Эми, энемди Үч-Коргондон көрөт турбаймбы?» деген ойго жетелендим. Мени менен бирге келгендер эбак эле шаар ичине сиңип кетишти. Эл аягы сээлдеп калган маалда күтүүсүздөн бир эже келди, жаныма. «Чоң жигит, кыргыз эмессиңби, не турасың, жалгыз?» деди. Эжени көрүп, көзү өткөн энем тирилгендей кубандым. Катуу эреркеп, өзүмүн ким экеними, биринчи жолу Екатеринбургга келгеними, тосуп алчу адамым итабар кечигип жатканынан өйдө саймедиреп бердим. Ак көңүл эже дароо мага бой салды. Акыры эженин телефону аркылуу тосуп алчу адамга чалсам «Акчаң болсо, эптеп мейманканага жайланышып тур, шашылыш жумуштар чыгып, башка шаарга кетип калды элем, үч күндөн соң барам, капа этпе, доске, талаачылыкта боло берет, тап-такыр көчөдө калып кеткидей жаш бала эмессиң го, эй!» деп бурк этти. Тууй, десе, таза балээ эми башталганы туру бейм. Сөзгө турбастык, айтылган убаданын үстүнөн чыкпастык өңдөнгөн алдамчылык касиеттер кадыресе көнүмүштөй окшойт, жат жерде. Баарынан да оозу-мурду кыйшайбай «Тап-такыр көчөдө калгыдай жаш бала эмессиң го, эй!» деген кер-какшыгы жүлүндү көзөп өткөндөй. Антип тосо албаса, башында эле мен Кыргызстандан чыга электе эле кабарлап койсо болмок.Эми, кайда барсам? Акыры, жанымдагы эжеге жармаштым. Эже да, бир түнөгөнүмө 200рубль төлөрүмү эскертип, ээрчитип жөнөдү. Жер төлөдөн өткөн соң, маршруткага түшүп, эженин үйүнө жеттик.Бир бөлмөдө жети-сегиз киши жүрөт. Менин Кыргызстандан келгеними билишкенине карабастан, бөлмөдөгүлөрдүн бири да ал-жай сурашып, алыста калган Ала-Тоосу тууралуу ныпым кызыгып коюшпады. Баары өз мекенин унутушуп, кайдыгерликтин сазына белчеден батышкандай. Бир маалда кечки тамакка олтурушту. Ар кимиси бир-бирден, эки-экиден болушуп, ар кайсыл бурчта тасмал жайышып, чай ичишти. Мурда кийин мындайды көрбөгөндүктөн бир кызыктай эле абалга кептелдим. Кыргыз качантан бери эле өз-өзүнчө чай ичишчү? Бир нан болсо да, бар тапканын ортого коюп, жайыл дасторкон үстүндө баарлашып, береке-кутка тунушуп, меймандостук сыпатынан эч жазбачу. Пейилдин тарыганы ушул бейм.Анан, эже экөөбүз жумуртка кууруп, курулдаган курсактын камын көрдүк. Жат-жатка келгенде ашкананын бир бурчунан орун таптым. Кайдагы уйку? Таң аткыча тынбай күрүлдөгөн муздаткычтын үнү, ары-бери чуркаган таракандардын бийи, жуулбаган плиткадагы тамаш-калдыктарынын жыты каңылжаарды жарып, жарым кечеге дейре көзүм чакчайып, чар-жайыт ойлордун кучагына куладым. Эртеси күнү эженин колуна 200рубль карматып, эже жазып берген багыттама үлгүсүндө «Таганский ряд» базарына келдим. Кайран, Таганский ряд! Кадимки эле биздин Ош базар түспөлдөшөт. «Асманда жылдыз көппү, ааламда кыргыз көппү?» деген суроого дал ушул жерден кыргыз көп чыгар деген жоопту илгиртпей узатсаң жарашат. Базар аралап бараткандардын экисинин бири кыргыз экенин көрүп, көңүлүң көтөрүлөт. Аба-ырайы суук. Максатым батир жалдоо. Радио түйүндүн жанына барып, аз өтпөй бир бөлмөлүү көмүтүн батирге берүүнү чечкен аскер кийимчен орус жигит менен таанышып,Таганский ряддан анчейин окчун эмес жерге жайгаштым. Аюунун көчүгү айланбаган тар бөлмөгө айына 6000рубль төлөмөй болдум. Бир жакшы жери, намыянымда он беш миң рубль бар эле. Кожоюнга дароо батир акысын төлөп, дүкөндөн тириликке тиешелүү азык-түлүктөрдү сатып келип, жаңы орусиялык жашоого кадам таштадым.

Бөлмө 16-кабатта болгондуктан шаар алаканга салгандай көрүнөт. Аймагынын кеңдиги жагынан Орусия ичинде Москва, Санкт-Петербургду улай үчүнчү орунду ээлеген Екатеринбург ырасында эле ажайып калаа экен. Түнүндө ар бир үйдө, көчө-көйдө жылдыздардай жымыңдаган Ильич шамы көз жоосун алат. Кыйма-чийме жолдорунда кумурскадай каттаган машинелердин көптүгүнөн баш адашат. Чатыры асманга тийчүдөй бийик-бийик салынган имараттарды көрүп, жүрөк толкуйт. Индустриясы жагынан жетишкен байманалуу, легендарлуу ханайым Екатерина түптөгөн тарыхый калаада дагы кандай күндөр күтүп турганынан кабарым жок, жашоо башталды. Эч бир таанышым жок, жанагы башка шаарга кетип калган, «үч күндө барып калам» деп убадалашкан тосуп алчу адамым түп орду менен дайынсыз жоголду. Күн сайын жарык көрчү «Работа и деньги» деген журналды барактап, иш издейм. Телефон чалып, иш берүүчү даректерге барам. Талаа жеринде жол көрсөтчү жакының болбосо кыйын экен. Канча жолу адашпадым. Канча эшикти кактым. Баары эле убадалашып алышкансып бир ооздон «Жаңыле башка киши алып алдык эле, башка жумуш караштырсаңыз» деп сыпайы жолго салышат. Дээрлик, бир айга чукул ишсиз жүрдүм. Ал ортодо намыяндагы акчаларым да какшыды. Каткан нанды сууга малып жеген күндөр да болду. Илгерки студент чакта да мынчалык кыйналбаган элем. Кыргызстанга кайра кетип калууга негедир, намысым жол бербейт. Сандалып жетип барсам «Ии, саякатчы доске, кандайсың?» деп ириде эң жакын тааныштарым табалары турган кеп. Жанареки, «Саякатчы бака»баянындагы каздар жылуу жакка алып учкан бакадай көздөгөн максатыма жетпей орто жолдон тап дей куларымыойлосом, заманам майга түшкөн балыктай куурулат. Чыйралдым. Батар күндүн атар таңы бар. «Бул күндөр да өтөр» дедим. Бир ирет адаттагыдай таң эрте иш издеп, көчөдө жөө баратсам, бир үйдүн жанында бир келин кол жаңсай чакырат. «Мени менен не иши болмок эле? Башка бирөөнү чакырып жаткандыр» деп жан-жагымы карасам, эч ким чалдыкпады. Келин болсо кол жаңсаганын токтотподу. Анан, чоочуркап, акырын жанына барсам, машинасы калың жааган карга тыгылып калганын, ушундан улам жумушка кечигип жатканын, эгерде көмөкчү колуму сунсам, 500 рубль берерлигин түшүндүрүп өттү. Мына, сага! Тирүүлүктүн ырыскысы түгөнбөйт экен го. Кудуретиңен айланайын, жашасын, тирүүлүк! Жашасын, күтүлбөгөн табылгалар! Үйдөн наар сызбай чыкканыма карабастан, денемде кандайдыр бир күч пайда болгонсуп, шамдагайлык менен, кол күрөктү колго ала, жеңил машинаны тегеректеген карды жиреп, туш келди ыргыта баштадым. Жарым саатка жетпеген аралыкта өскүлөң чачтарын түбүнө чейин кырдырган кишинин башы кейптенип, машинанын тегереги тап-таза болду да калды. Келин сүйүнгөнүнөн 500 рублди берип, «Кандайдыр бир көйгөйүң болсо тартынбай кайрылып турсаң»деп визиткасын берди. Ыраазычылыгымы айтып, келин менен жылуу коштошуп жолго түштүм. Кызык, Кыргызстанда карга тыгылган машинаны дегеле учуратпаган экем, ылайга тыгылгандарын го эчен ирет түртүп чыгардык эле. Бул да болсо Екатеринбургдун өтө карчыл калаа экенин кабар берет экен го. Ушундай карга тыгылган машиналар бир күндө он жолу жолуман жолукса да, эринбей тазалап берүүгө даяр элем, эх! Колумда 500 рубль. Бөтөн эл, бөтөн журтка келип, тапкан алгачкы акчам. Алакан отум ысып баратты. 500 эмес, 5000,000 рубль тапкандай толкундап бараттым. Мени дал ушундай ойго салган, машинасы карга тыгылган келиндин аты Светлана экен. Беш жылдыздуу мейманканада жууп-тазалоо маселелери боюнча менеджер болуп иштейт экен. Эки күндөн кийин Светланага чалдым. Эбепке себеп болуп, бактыга жараша, Светлана мени өзү иштеген мейманканага короо шыпыргычтын жумушуна орноштуруп койду. Ошентип, өмүрү шыпыргы кармабаган жаным, көчө шыпырганды да өздөштүрүүгө туура келбедиби.

Андан бери айлар агып, жылдар жылды. Жаңы тааныштарды таптым, эчендеген орус калааларын кыдырдым. Короо шыпыруу менен эле чектелип калбай, көңүлгө туура келген башка иштерде да иштедим. Айтор, талыбаган мээнет менен, карандай ниеттин аркасында көптөгөн ийгиликтердин түйүнүн чечкенсидим. Кыргызстанда менчик үйүм жок эле, үйлүү болдум, аздыр-көптүр чарба күттүм. Бөлөк эл, бөтөн журтта кайрадан өз атымы калыбына келтирдим. Ушу тапта талантымы таназар алгандар, урмат-сыйдын жетегинде алака түзгөн улуу-кичүүлөр четтен чыгат. Мунун баары кыялдануумун жемиши бейм. Ушундан улам, окемдердин «Мечтать не вредно» дегени так таамай кеп экенине анык көзүм жетти. Андыктан, «Эгерде көңүлүңүз нени жактырса, ошол ишке баш-отуңуз менен киришсеңиз, дегеле уттурбайсыз, урматтуу окурман!» демекчимин. Бир орунда турбастан дамамат, алгалай бериңиздер. Алдыда жалаң жаңы табылгалар, жаркын келечек күтүп турарын жадыңыздардан чыгарбаңыздар! Анда эмесе, жалпыбызды ийгилик жылоолосун…

 Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары.

“Кыргыз көчү” блогунан

Окшош посттор