Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Кыргыз Уикипедиясы жөнүндө кыскача маалымат

Алгы сөз:  Уикипедия — бул интернеттеги ачык, акысыз коомдук энциклопедия.

Эгер сиз кыргыз тилине салым кошом десеңиз, анда бул жерден өтүп кетпеңиз, анткени тил тагдыры , улут тагдыры эмеспи. Демек сиз жөн эле макала жазып отурбастан, кыргыз элинин улуу руханий маданияттарын, өчпөс жылдыздарын, атактуу инсандарды, тарыхий баалуу жерлерди киргизип сиз жана биз кошкон маалыматтарды кылымдарга калтырабыз.

Кыргыз Уикипедиясындагы эң биринчи макала,  2004 жылдын октябрь айында Кыргыз аттары аттуу макала менен башталган.  А ага чейин ошол эле жылдын январь  айында башкы бет ачылган. Бул учурдагы Кыргыз Уикиедиясы долбооруну биринчи кадамы эле, эми  болсо аябай эмес,  мактанаарлык  да эмес деңгээлге жеткен жок, бирок ушуга карабай сыймыктанчу деңгээлге жетти деп айта алам. Ооба сапаттуу, маалымат булактары текшерилген макалалар аз, бирок кантсе  макалалар бар.

Кыргыз Уикипедиясынын түптөлүшүнө жана эбегейсиз салым  кошкондорЧоробек СааданбековТынчтыкбек Чоротегин , AidaBishkek жана Максат Матраимов буларга атак жана даңк.

Кыргыз Уикипедиячыларынын урааны болуп бараткан “Сөздөн ишке!”, бул сөз менен Кыргыз Уикипедиячылары Кыргыз тилинин өнүгүшүнө, сан арип дүйнөсүндө сакталтып калууда зор салым кошуп, сөз менен эмес, иш менен салым кошушууда.

Учурда Кыргыз Уикипедиясында 23 121 (16.01.2013) макала бар. Күн сайын кодонуучулар тарабына ар түрдүү, ар кылдуу, ар кызыктуу макалалар кошулууда, долбоордун өнүгүп атканы сүйүндүрбөй койбойт.

“Ой сөздүн булагы!”

Окшош посттор