Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналисттердин коопсуздугу — маанилүү маселе

Журналисттердин коопсуздугу — маанилүү маселе
Махмуджон Эшонкулов, https://karikatura.journalist.kg/

Журналисттер 5-10- октябрь күндөрү күнү-түнү эмгектенип, маалыматты түз ободо берип атты. Буга коомчулук күбө болду. Медиа кызматкерлери өз өмүрүн тобокелге салып, окуянын чордонунда жүргөндүктөн, адистер алардын коопсуздук маселеси редакциялар үчүн сап башында турушу керектигин белгилейт.

Медиа эксперт Бакыт Орунбеков журналисттер коом алдындагы жоопкерчилигин мыкты сезерин айтып, алардын элди маалымат менен камсыздоодогу ролун мындайча түшүндүрдү:

“Журналисттердин жеринен кабар берүүсүнүн мааниси өтө чоң. Алардын эмгеги аркылуу калың катмарга маалымат жетип атты. Коомчулук дагы окуя болгон жерде журналисттердин катышуусунун зарылчылыгын туюшу керек. Себеби, социалдык тармактарда колдонуучулар жүктөгөн маалымат журналисттик стандарттарга жооп бербейт жана бир тараптуу болуп калат”.

Элди маалымат менен камсыздоодо кабарчылардын ролун “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Тулегенов да белгилейт. Анын айтымында, өмүрүнө, ден-соолугуна коркунуч жаралса да, талыкпай эмгектенген журналисттер түз ободо маалыматты керектүү деңгээлде, өз убагында элге жеткирип атты.

“Алар буга болгон күч аракетин жумшады. Мен кабарчыларга терең ыраазычылыгымды билдирем,” — деди М.Тулегенов.

Кабарчыларлдын мындай кадамы сый-урматка татыганы менен, өзүлөрүнүн коопсуздук маселесин да унутпоо керек деп эсептейт медиа эксперт Марат Токоев. Ал көпчүлүк редакциялар журналисттердин жеке коопсуздугуна тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай келерин айтты:

“Эгерде кабарчылар иш учурунда жаракат алса, бардык эле редакциялардын ага тийиштүү деңгээлде жардам бере тургандай мүмкүнчүлүктөрү боло бербейт. Анан да журналисттин ден соолугу, өмүрү эң курч деген материалдан да кымбат”, – деп белгилейт ал.

М.Токоевдин айтымында, мындай кырдаалдарды чагылдырууда журналисттер атайын эрежелерди карманып, өз коопсуздугун алгачкы орунга коюусу абзел.

Эске салсак, соңку күндөрү митингдин катышуучулары журналисттерге айбат көрсөтүп, кол көтөргөн учурлар катталган.

Митинг учурунда керели кеч чуркап жүрүп иштеген Гулиза Авазова (Kaktus.media басылмасы) жумуш демейдегиден бир нече эсе көбөйгөнүн белгилейт. Ал кесиптештери менен кезектешип, маалыматты жеринен берип аткандардын бири болду.

“Биздин күнү-түнү иштешибизге ошол кездеги коомдук-саясий кырдаал себепкер болду. Редакция эмне окуя болуп кетерин алдын ала биле албайт да, мындан улам кыска мөөнөттүн ичинде жаңы кызматкерлерди ала албайт. Андыктан, штаттагы журналисттердин иши кескин көбөйүп кетти. Мен өзүмө карап, бул окуяларды чагылдырбайм деп кетип калсам, анда дегеле журналист болуп эмгектенгендин кереги эмне?” – дейт Г.Авазова.

Гулиза Авазова митинг катышуучулары менен милиция кагылышып, ок атылып, таш ыргытылган учурда өмүрүнө кооптонгонун айтты.

“Бизде каска жана “Пресса” деген жазуусу бар атайын жилеттер болгону менен, ошол эле кезде журналисттерге ок өтпөс жилеттер да керек экен деп ойлодум”, – дейт Г.Авазова.

 

Кооптуу иш

Журналисттердин иши бир гана эки тарап кагылышкан учурда кооптуу болбостон, андан соң да коркунучтар жаралып, коркутуп-үркүтүүлөр катталган:

7-октябрда “Достук” мейманкасынын жанында белгисиз адамдар ыктыярчылардын тобу менен бирге жүрүп, окуяны түз эфирде чагылдырып аткан Kaktus.media сайтынын кабарчысына кол салууга аракеттенген. Кабарчы “пресса” деген жазуусу бар жилетканы чечип, элди аралап качып кутулган.

9-октябрда “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингди түз эфирде чагылдырып жатканда митингчилер тарабынан коркутууга туш болгон. Алар кабарчынын ишин сынга алып, маалыматты туура эмес берип атасың деген доомат койгон. Түз эфирде бир топ адам ачууланып, журналисттин ишине тоскоол жаратканын көрсө болот.

10-октябрда отузга чукул адам “Спутник” маалымат агенттигинин имаратына келип, митингди чагылдырууну талап кылган. Митингчилердин талабы коркутуулар менен коштолгону тасмага түшүп калган.

Буга чейин митингчилер “Sputnik-Кыргызстан”, Kaktus Media жана “Азаттыктын” кабарчылары келип, митингди чагылдырсын деп талап кылышкан. Бул шарт аткарылбаса, алар редакцияга барарын билдиришкен. Журналисттер жамааты коопсуздукту камсыз кылуу өтүнүчү менен ыктыярчылар тобуна кайрылган.

 

Макаладан маанилүү коопсуздук

Айрым редакциялар коопсуздук маселесин чечүүнүн жолун издеп келет.

“Политклиника” сайтынын жетекчиси Дилбар Алимова буга чейин коопсуздук боюнча тренингдерге анчейин көңүл бурбай келгенин белгиледи. Анын айтымында, митингди жаңы кызматкерлер чагылдыргандыктан, алар тиешелүү билим алганга жетишпей калган. Мындан улам, эки тарап кагылышкан учурда Д.Алимова өз кызматкерлерине ишин токтотуп, үйлөрүнө кетүүсүн өтүнгөн.

“Башка журналисттер менен дайым топтошуп, жалгыз калбагыла деп кыска эле инструктаж бердим. Кызматкерлерге буга чейин Internews уюму жарыялаган коопсуздук боюнча колдонмону жөнөттүм.

BBC өз кабарчыларына “бир дагы окуяны чагылдырууну көздөп, өмүрүңдү тобокелге салба” деп үйрөтөт экен. Бул тууралуу илгери Султан Жумагулов айтып берген эле. Мен дагы ошол сөздү эске салып, эки тарап кагылышкан учурда кабарчыларымды үйлөрүнө жөнөттүм. Биз андан кийинки окуяларды чагылдырган жокпуз. Негизи коопсуздук боюнча атайын тренингдерди өткөрүп коюш керек экенин түшүндүм”, – деди Д.Алимова.

Ал эми Kaktus Media сайтынын башкы редактору Наталья Тимирбаева буга чейин редакция көптөгөн митингдерди чагылдырып келгендиктен, журналисттер коопсуздук эрежелерин эзелтен сиңирип алганын айтты. Кабарчылар атайын тренингдерден өтүп, “Пресса” деген жазуусу бар жилеткалар менен камсыз болгон.

“Соңку окуяларда кызматкерлерибизге каскаларды да тараттык. Алар велосипед, мотоцикл жана лыжа тепкен учурда колдонулган каскалар. Бир гана журналисттердин өздөрүнө кол салган учурда эмес, эки тарап кагылышып, таш ыргытылганда да кызматкерлерибизге залака тийбесин дедик. Биздин журналисттер кооптуу жагдай пайда болгондо дароо окуянын чордонунан алыстап кетүү зарыл экенин билишет. Бир дагы сүрөт же маалымат адамдын өмүрүнөн баалуу болбошу керек. Редакциябызда мырзалар аз болгонуна байланыштуу окуяларды кыздарыбыз чагылдырып атты. Аларга ушул күндөрү көмөк көрсөткөн ыктыярчылардын тобуна чоң ыраазычылык билдирем”, — деди Н.Тимирбаева.

“Азаттык” үналгысынын жетекчиси Айзада Касмалиева кабарчылар бардык коргонуу каражаттары менен камсыздалганын айтты. Анын айтымында, митингдерди чагылдырууга коопсуздук боюнча атайын тренингдерди өткөн, тажрыйбалуу журналисттер жиберилет жана “Азаттык” үчүн кабарчылардын өмүрү эң маанилүү маселе болуп эсептелинет.

“Маалымат түз эфирде берилип атты. Ок атылган учурлар болду. Журналисттерге окуя канчалык кызыктуу болуп, күчөп жатса да, көп чогулган адамдардын арасына кирип баруу керек эместиги тууралуу атайын инструктаж берилет. Коркунуч жаралган кырдаалда журналист кийинки кадамын редакция менен кеңешкен соң жасайт. Журналисттин ар бир кадамын редакциябыз түз эфирде көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары, байланыш үзүлүп калган учурларда да жасалчу кадамдар каралган”, – деди А.Касмалиева.

А.Касмалиева соңку күндөрү журналисттердин өмүрүнө 3 ирет коркунуч жаралып, алар 3 ирет окуя болгон жерди таштап, кетип калууга аргасыз болгонун айтты. Маалыматты чагылдырууда журналист, оператор жана айдоочу бирге жүрөрүн белгиледи. А.Касымалиеванын айтымында, кабарчы менен оператор окуяга алаксыган мезгилде алардын аркасынан айдоочу коопсуздук жагын карап турат. Ал ар дайым журналисттерди окуянын чордонунан алып кетүүгө даяр турат.

А.Касымалиева окуяны жеринен тартууга дайыма мүмкүнчүлүк болбогондуктан улам, алысты жакындаткан функциясы бар техниканын жардамы менен аудиторияга маалымат жеткирилип турганын белгиледи.

Журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууда тиешелүү жабдуулардан тышкары жансакчылардын болушу жакшы жыйынтыгын берерин GOVORI.TV сайтынын негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова билдирди. Бирок, журналисттер бир жерде турбастан, ар дайым кыймыл-аракетте болгондуктан, 2-3 жансакчынын болуусу да жетишсиз дейт ал.

Ал эми Бакыт Орунбеков коопсуздук маселесин чечүүдө эң негизгиси – медиа сабаттулукка көңүл буруу керек деп эсептейт.

“Журналист деген ким? Ал эмне үчүн окуя болгон жерде болуусу керек? Журналисттик кесиптин коомдогу ролу деген сыяктуу суроолорго калың катмар так, даана жоопторду билүүсү зарыл. Коомдун ар бир мүчөсүнүн медиа сабаттулук тууралуу кабары болуусу керек. Ошондо гана журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууда негизги маселе чечилет”, – деп эсептейт Б.Орунбеков.

Асель Сооронбаева

Окшош посттор