Жалган маалымат (дезинформация, мисинформация) көптөгөн ар түрдүү маселелерди жаратат. Мисалы, COVID-19 пандемиясы саламаттык сактоо жаатындагы жалган маалыматтын таркатылышы жалпы коомдун жашоосуна кандай таасир этерин, ал эмес адамдын ден соолугуна, керек болсо өмүрүнө да коркунуч жаратарын көрсөттү. Андан сырткары дезмаалымат өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырган, чек арадагы конфликтти курчуткан же шайлоо өнөктүгү учурунда шайлоонун жыйынтыгына чечүүчү таасир эте турган фактор боло алат.
Дезмаалымат (англ. desinformation) – атайын, кайсы бир максатта таркатылган жалган маалымат. Мисмаалымат (англ. misinformation) – билбестиктен, адаштырайын деген максатты көздөбөстөн таркатылган жалган маалымат.
Сорбонна университети жүргүзгөн изилдөө боюнча, маалымат ашыкча көп болгондо жалган маалыматты таркатуу ыктымалдыгы өсөт.
Изилдөө көрсөткөндөй, жалган маалымат чын маалыматка караганда кыйла тезирээк таркайт. Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, чын маалыматты адатынча 1000ге жакын адам окуйт, ал эми жалган маалыматты ошол эле кезде 1000ден 100 миңге чейин адам. Ошондой эле адамдар чын маалыматка караганда жалган маалымат менен 70%га көбүрөөк бөлүшүшөт.
Изилдөөдө белгиленгендей, билими аздар, керектеп жаткан маалыматка сынчыл көз карашта болбогондор, санариптик сабаттуулугу төмөндөр жана кайсы бир саясий тарапка баш оту менен берилгендер, адатынча, жалган маалыматтын биринчи курмандыктары болот.
Африкада жүргүзүлгөн башка изилдөөдө жалган маалыматтын таркатылышы адамдагы альтруисттик сапатка (башкалар үчүн жан-дили менен кам жечүлүк, – кот. түш.), башкаларды жамандык тууралуу эскертүү каалоосуна байланыштуу болушу мүмкүн деп айтылат. Ошентип, ден соолукка байланыштуу дезмаалыматты таркатуунун себептери саясий дезмаалыматты таркатуунун себептеринен айырмаланат десек болот.
Изилдөөчүлөр дагы аныктагандай, интернет колдонуучулар алардын көз карашына төп келген маалыматка ыкташат жана бирдей көз караштагылардын тобуна кошулганга умтулушат.
Дүйнөдө дезмаалымат таркатылуучу негизги каналдар болуп мессенджерлер жана коомдук тармактар эсептелет. Кыргызстанда да ушундай көрүнүш байкалат, анткени ал көптөн бери дүйнөлүк маалымат мейкиндигинин бир бөлүгү болуп келет.
Жалган маалыматтар Кыргызстанда
Улуттук сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, кыргызстандыктардын 72% жаңылыктар менен таанышыш үчүн интернетти колдонушат. Алар мессенджерлер менен медиа-кызматтардын арасынан WhatsApp’ка (79%), Instagram’га (68%) жана Facebook’ка (45%) артыкчылык көрсөтүшөт.
Телеберүү Кыргызстандын көпчүлүк жарандары үчүн жаңылыктардын, башка маалыматтардын дагы бир маанилүү булагы бойдон калууда. Телеберүүнү көргөндөрдүн саны 2019-жылдагы 90%дан 2022-жылдагы 59%га чейин азайганы менен, баары бир аны дагы эле калктын жарымынан көбү көрүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, “Первый канал” жана “Россия 1” деген орусиялык негизги пропагандалык каналдар Кыргызстанда кеңири таркатылып келет – алар санариптик телеберүүнүн негизги пакетине киргизилген.
Кыргызстанда пандемия учурунда гана Facebook’та көз жазгырып, дезмаалыматтарды таркатып жаткан 800дөн ашык жалган аккаунт бөгөттөлгөн болчу. Пандемиянын биринчи толкунунун башында жана ошондой эле парламенттик жана президенттик шайлоолор учурунда өзгөчө көп дезмаалыматтар пайда болгон.
Жалган жаңылыктардын таркатылышы дайыма курч маселе болуп келет, бирок ошол эле учурда мектептеги программада медиасабаттуулук боюнча сабактар дагы эле каралган эмес. Дезмаалыматтар менен күрөшү жана калктын медиасабаттуулугун жогорулатуу милдети негизинен жалпыга маалымдооо каражаттарына жүктөлгөн.
Дезмаалымат менен кантип күрөшүү керек?
БУУнун докладында белгиленгендей, жалган маалымат менен күрөшүү адам укуктарын коргоого жана урматтоого негизделген көп кырдуу аракеттерди талап кылат. Коомдук турмушка катышуу үчүн жана дебаттарды уюштуруу үчүн ачык мейкиндиктерди түзүүнү камсыз кылуу сунушталат. Билим берүү тармагы аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү жана ошондой эле санариптик сабаттуулукту өркүндөтүү зарыл, жарандык коом жана илимий институттар менен кызматтышуу адамдарга маалыматтарды, маалымат булактарын тапканга, талдаганга жана баалаганга аспаптарды берет.
Мындан тышкары, даттанууларды кароонун көз карандысыз механизмдеринин болушун камсыз кылуу жана колдонуучуларды натыйжалуу коргоо каражаттары менен камсыз кылуу сунушталат. Дезмаалыматка реакция кылуу чаралары адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга туура келип, бул чаралар саясий каршылаш тарапка, укук коргоочуларга, журналисттерге, жарандык коомдун өкүлдөрүнө же азчылыктын көз карашындагы адамдарга каршы колдонулбашы болот.
Кыргызстанда фейктерге каршы күрөш кандай жүрүп жатат?
Дезмаалымат, мисмаалымат, көз жазгыруу жана пропаганда менен натыйжалуу күрөшүш үчүн Internews Kyrgyzstan уюмунун колдоосу менен бир катар редакциялардын башын бириктирген “Медиа блок пост” демилгеси түзүлгөн. Эки жылдан кийин Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакцияларын бириктирген “Чекит.Медиа” деген жаңы платформа түзүлгөн.
Маалымат текшерилип, ал боюнча төмөнкү мүнөздөгү тыянак чыгарылат:
- Калп (жалган)
- Чындык
- Жарым-жартылай чындык
- Көз жазгыруу
- Пропаганда
- Далилдөө мүмкүн эмес
Андан сырткары Factcheck.kg редакциясы тренингдерди уюштуруп, каалаган бардык адамга маалыматты сынчыл көз карашта кабылдаганга жана маалыматты текшерүү аспаптарына үйрөнгөнгө жардам берип келет. Ошондой эле тренингдин катышуучулары маалыматтык агымды талдаганга, окуяларга баа бергенге, көз жазгыруу менен дезмаалыматка туруштук бергенге үйрөнүшөт.
Ал эми фейктер менен күрөшүүдө алдыңкы катарда болушу керек болгон Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрү бул багытта эч бир олуттуу иштерди жүргүзбөй эле. Тескерисинче, мамлекеттик мекемелердин өзүлөрү дезмаалыматтын булагы болгон же көз карандысыз редакциялардын ишине бут тоскон учурлар аз эмес.
Мисалы, 2021-жылы Садыр Жапаров жалган билдирүүлөр менен күрөшүүгө багытталган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон болчу.
Бирок иш жүзүндө мыйзам көз карандысыз ЖМКларга каршы гана колдонулуп жатат. Маселен, 2022-жылы ResPublica бөгөттөлгөн болчу. Кийинчирээк өлкөдөгү эң ири маалыматтык агенттиктердин бири 24.kg’нин сайтын бөгөттөө аракети болгон. Акыркы чоң окуя – “Азаттык” радиосунун сайтынын бөгөттөлүшү.
Мурда эле активисттер билдиргендей, мыйзамдын өзүндө жана да аны колдонуу механизмдеринде маалыматтын чындыкка жатарын/жатпасын, анын белгилерин жана жолун, механимизмдерин жана тартибин аныктоо укугу берилген орган каралган эмес, ошондой эле мыйзамдын айрым нормалары башка мыйзамдардын нормаларына каршы келет.
“Кабыл алынган мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен сот системасын арыз ээсинин далилденбеген жүйөлөрү менен алмаштырат”.
2023-жылдын 31-майында депутаттардын тобу мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган, башкача айтканда, интернеттеги сайттын же баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартибин орнотууну караштырган мыйзам долбоорду сунуштаган болчу.
Мындан тышкары, интернет сайттын же баракчанын ээси тарабынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн арыз ээсинин арызы келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ордуна үч күнгө чейин узартуу сунушталган. Бирок бул мыйзам долбоорун депутататтар биринчи окутууда эле колдоого алышпады.
Тыянак: Жалган маалыматтын, көз жазгыруунун жана пропаганданын курмандыгы болбоонун негизги жолу – сынчыл ой жүгүртүүнү жана факт-чекинг көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат. Маалыматка сын көз карашта болуп, аны талдап биз анын аныктыгын тагыраак аныктай алабыз. Ошондуктан бул көндүмдөрдү такай жакшыртып туруу ар бир адам үчүн маанилүү.
Түп нуска: https://factcheck.kg/ky/fejkovaya-informacziya-i-pochemu-eyu-delyatsya/