Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Нарында журналисттердин эмгеги кандай бааланат?

Нарында журналисттердин эмгеги кандай бааланат?

Нарын дубанында жергиликтүү алкакта жеке тарапка таандык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жокко эсе. Эл аралык жана республикалык ЖМКлардын облустагы өкүлдөрүнүн саны беш манжадай саналуу. Бирок алардын айрымдарынын эмгек укуктары сакталбаса, мамлекеттик деп саналган ЖМКларда иштегендердин эмгектери жетекчинин ишмердигине жараша бааланат.

“АКИпресс” маалымат агенттигинин “Турмуш” сайтынын Нарын шаарындагы кабарчысы Кенжебай Кыдыров өз ишмердүүлүгүндө эмгек укуктары корголбогондугун ачыктайт.

“Биз чындыгында эркин иштейбиз. Бирок эмгек укуктарыбыз сакталбайт. Анткени калем акыбыздан социалдык фондго төлөм төлөнбөгөндүктөн кийин пенсияга чыгууда кыйынчылыктар келип чыгат. Мындай абал башка эч жакта иштебей, жалгыз ушул сайтка кабар жазган жаштарга чоң сокку болууда. Алардын айрымдары түшүнбөй, билгендери болсо аргасыз иштеп жүрүшөт, – дейт К.Кыдыров. Аталган сайттын Кочкор району боюнча кабарчысы Майрамбек Деркенбаев да бул сөздөргө негизинен кошулат.

“Мен мурда райондук “Эмгек Туусу” гезитинде иштеп келгем. Бирок ачуу чындыктагы макалаларды жарыкка чыгара алчу эмесмин. Акыры айла жоктон улам жана эркин иштөө үчүн “Турмуш” сайтын таңдадым. Бул сайттан туруктуу эмгек акы албайбыз. Калем акы гана алгандыктан соцфондго кармалбайт экен. Мен болсо пенсияга дыйкан чарбанын мүчөсү катары чыгамын. Ал эми журналисттердин эмгеги бааланбайт”, – дейт М.Дыйканбаев.

Ак-Талаа райондук “Айыл Турмушу” гезитинин мурунку жооптуу катчысы Адилет Сагыналиев эмгек укуктары сакталбагандыгын мындайча билдирди.

Бизде эң башкысы гезитке эч ким көңүл бурбайт, дейт А.Сагыналиев. Болгону акимчилик кыйноо менен гезитке жаздырып коёт, андан кийин керек болуп калганда эле редакцияны эстебесе, унутулган мекеменин катарында. Редакциянын өзүнчө сонун имараты бар. Бирок эч кандай оңдолбогондуктан улам шарты жок үч кеңсесинде бардык кызматкерлер тыгылып иштөөгө аргасыз. Ошол эле учурда калыстык жана акыйкаттык жок. Мисалы редакцияда бир эле киши иштеп, калгандары бекер айлык алышат. Ушундай кырдаалдан улам жумуштан бошоп кеткем.

Ат-Башы райондук “Ат-Башы жаңылыктары” гезитинин жетекчиси Тынчтык Султанов гезит жүгүн толук редакция көтөрүп жаткандыгын белгиледи.

Райондук бийликтин иши деле жок. Чакырса барабыз, кээде чакырттырбай барып маалымат алабыз. Гезит Бишкектеги ”ММКны колдоо борбору” басмаканасынан 1800 нускада айына эки жолу жарыкка чыгат. Аны түнкү автобус, кээде такси менен өзүбүз алып келебиз жана айылдарга почтага акысын төлөп өзүбүз жеткиребиз. Сын макала жазбайбыз. Биринчи себеби, жазсаң жаман көрүнөсүң, экинчиден, ага эч ким деле маани бербейт. Бизди “эмгегиң деп” сыйлаган деле бийлик жок, анткени сыйлык өң-тааныш менен берилип калган. Биз айлыгыбызды, эс алууга чыкканыбызда жана сыркоолоп калганда тиешелүү акчаларын төлөп бергендерине ыраазыбыз, – дейт Т.Султанов.

Облустук “Теңир Тоо” гезитинин саясый баяндамачысы Гүлзаада Турдалиева болсо эмгектери бааланбагандыгын билдирди.

Биз беш күн үчүн күнүнө 8 саатка эмгек акы алабыз. Бирок айрым учурларда андан узак убакыт иштөөгө туура келет. Ошондой эле иштин ыргагына жараша журналисттер ишемби, кээде жекшемби күндөрү кадимкидей иштейбиз. Бирок ал күндөр үчүн эмгек акы төлөнбөйт. Чындыгында, талап кыла албайбыз”, – дейт Г.Турдалиева.

Ал эми Нарын облустук телерадио компаниясынын кабарчысы Эсен Сталбек уулунун пикиринде, эмгектери шайма-шай абалда.

“Биздин эмгектерибиз жеткиликтүү корголгон. Эмгек шартым бузулса, профсоюзга кайрыламын. Тиешелүү жактары жетекчилик жактан корголот. Калем акыны болсо башкы редактор менен бирге карап, иштегендерибизге жараша белгиленген шартта, көлөмдө алабыз”, – дейт Э.Сталбек уулу.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын обл
асты боюнча өкүлү

Окшош посттор