Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргызстандык интернет-басылмалар каталарын кантип оңдошот?

Кыргызстандык интернет-басылмалар каталарын кантип оңдошот?

Кыргызда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс ат болбойт” деп коет. Бардыгыбыз жаңылышабыз. Медиалар да ката кетиришет. Бирок ЖМК кетирген катага өзгөчө көңүл буруу керек, анткени ал миңдеген адамга таасир этиши мүмкүн.

Азыркы маалымат заманында медиалардын арасындагы атаандаштык өзгөчө күч алды. Ал жаңылыкты башкалардан мурда бергенге аракет кылууда да байкалат. Мындайда ката кетирүү тобокелдиги өсөөрү шексиз. Кадыр-баркын сактоого көңүл бурган, окурмандарын сыйлаган медиалар ката кеткен учурда аны мүмкүн болушунча тезирээк оңдогонго, ал тууралуу окурмандарын кенен маалымдаганга шашылышат.

The New York Times, BBC News жана The Washington Post сыяктуу ири медиаларда материалда келтирилген маалыматтардын тактыгына жана тууралыгына көзөмөл кылган атайын командалар бар. Мурда жарыяланган материалда ката табылса, аны акырын билгизбей оңдоп койбостон, алар бул оңдоолор тууралуу окурмандарын маалымдаганга аракет кылышат.

The New York Times басылмасында ушундай оңдоолор жана толуктоолор тууралуу маалымат берген атайын рубрика да бар.

Кетирилген каталардын үстүндө иш алып баруунун зарылдыгын америкалык ири медиа портал BuzzFeed мындайча түшүндүрөт:

“Оңдоолор эки себептен маанилүү: биринчиден, биз жарыялагандар чындык болушу керек. Экинчиден, ачык-айкындык BuzzFeed’дин негизги баалуулуктарынын бири. Ошондуктан биз эл алдына алып чыкканыбыз, өз ара сүйлөшкөнүбүздөн эч айырмаланбайт, жана да тескерисинче; ошондуктан Twitter’деги жана башка тармактардагы сынды биз туура кабылдайбыз. Биз коомдук диалогдун мейкининдебиз жана андан жашына албайбыз. Ар бир ката – бул алсыздык болсо да, айрым каталардан кутула албайбыз жана аларды толугу менен жана ачык оңдоп жатып биз өзүбүздүн күчтүүлүгүбүздү көрсөтөбүз”.

BuzzFeed орфографиялык каталарды, туура эмес жазылып калган сөздөрдү, туура эмес шилтемелерди жар салбай эле оңдоп коет. Бирок фактылык ката кетирилсе, же адамдын ысмы, бренддин аталышы туура эмес жазылып калса, оңдоо тууралуу билдирүү кылып, анда кетирилген катага толук түшүндүрмө берет.

Каталарды кантип оңдоп, алар тууралуу окурмандарды кантип маалымдоо керектиги тууралуу атайын эрежелер медиалардын маалыматтык саясат документинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Айрым медиалар бул документтерин өз сайттарына ачык жайгаштырышат. Мисалы, Правда.Руfip.amThe Pattaya News. Бул кадамга алар окурмандардын ишенимине жетүү максатында барышат.

Кыргызстандагы интернет-басылмалардагы абал

Кыргызстанда каталарды оңдоого байланыштуу документ түрүндө бекитилген бирдиктүү эрежелер жок. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамда “чындыкка ылайык келбеген массалык маалыматты жокко чыгаруу укугу” (17-берене) гана каралган.

Ал эми КР журналистинин этикалык кодексинде, “эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү” экендиги гана айтылат (8-пункт).

Ушундай жагдайда кыргызстандык интернет-басылмалар каталардын үстүндө кантип иш алып бараарын билүү максатында чакан сурамжылоо жүргүздүк. Жалпы жонунан сайтында редакциясынын электрондук дарегин көрсөткөн 50дөн ашык кыргыз жана орус тилдүү маалыматтык булактарга тийиштүү суроолорду жиберип, алардын жарымынан жооп ала алдык.

 

Биринчи сурообуз байкалган каталарды, кантип оңдошоруна байланыштуу болчу. Жоопторго көңүл бурсак:

Графикада көрүнүп тургандай ката оңдолгонун билдиргиси келбегендер менен бул тууралуу билдиргендердин саны болжолуу бирдей.

Биринчилердин катарындагы бир интернет-басылманын башкы редактору жообун мындайча түшүндүрөт (сурамжылоо жүргүзүп жатканда жооптор анонимдүү болот деп билдиргенбиз):

“Биз окурмандарга так жана зарыл материалдарды таркатууга кызыкдарбыз. Ошондуктан алардын ишенимине жетүүгө аракет кылабыз жана азырынча бизден кеткен каталар тууралуу окурманга билдирбей турганыбыз туура болот деп ойлойбуз. Дегинкиси, окурманга ачык болгон туура, бирок атаандаштардын соккусуна калгыбыз келбейт”.

Ушундай эле жооп берген топтогу башка интернет-басылманын башкы редактору каталар менен кантип иштешерин айтып берди:

“Эгер туура эмес сан болсо, адамдын аты-жөнү жана кызматы туура эмес жазылса, каталарды оңдойбуз. Эгер аны өзүбүз байкасак, эч кимге айтпай оңдоп коёбуз. Ал эми катабыз тууралуу коомдук тармактарда жазышса, жеке билдирүү жиберишсе, чалып айтышса, катаны оңдоп, ал тууралуу билдирген адамга ыраазычылыгыбызды айтып жеке билдирүү жөнөтөбүз”.

Негизи сурамжылоого катышканардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде ката оңдолгонун билдиргиси келбеген интернет-басылмалар дагы, катаны тез арада оңдоп, элге туура маалыматты берүү зарылдыгын белгилешет. Бирок бул көбүнесе оозеки түрүндөгү эрежелер.

Негизи кыргызстандык медиаларда каталар менен иштөө боюнча кагаз түрүндөгү эрежелер же нускама турсун, документ түрүндөгү маалыматтык саясатын кезиктирүү өтө татаал.

Бардыгы ачык, даана көрсөтүлгөн маалыматтык саясаттын болушу, алгач, редакциянын өзүнө керек. Биринчиден, анда иштегендер материалды кимге жазып жаткандарын, кандай баалуулуктарды карманаарын, аны кандай нукта чагылдыраарын жакшы билишет. Экинчиден, окурмандар сайттын позициясы тууралуу маалымдуу болушат.

Ал эми каталар менен иштөө эрежелердин болушу жана алар менен окурмандар тааныша алышы – медианын аудиторияны сапаттуу маалыматтар менен камсыздоого умтулганын, бул иште анын сын пикирине жана колдоосуна ачык экенин көрсөтөт.

Тилекке каршы, биз сурамжылоо жүргүзгөн 50гө жакын сайттардын он чактысында гана, маалыматтык саясатты же каталар менен иштөө эрежелерди мында кой, сайт тууралуу 2-3 сүйлөм маалыматты гана таба алдык.

Сайтта жогоруда аталгандардын болушу бул интернет-басылманын окурмандарын сыйлап, урматтаганын көрсөтөт, бул, өз кезегинде, жооп иретинде, аудиторияда да журналисттерге карата сый-урматты жаратат, ишенимди арттырат.

Дүйнөлүк практика көрсөтүп жаткандай, көз карандысызыдыгын сактагысы келген медиалар аудиториянын ишенимине жеткен учурда гана жашап кете алат. Аудитория ага жаккан медианын иштей беришине кызыкдар жана бардык жактан, анын ичинде каржылык жактан да, ага колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул, өзгөчө, медиалардын каржы булактары азайып бараткан биздин шартта өтө актуалдуу.

Булак: https://factcheck.kg/ky/kyrgyz-kyrgyzstandyk-internet-basylmalar-katalaryn-kantip-o%d2%a3doshot/

Окшош посттор