Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Баткен: ЖМКлар өз ордун бекемдөө аракетинен натыйжа күткөндөй эмес

Баткен: ЖМКлар өз ордун бекемдөө аракетинен натыйжа күткөндөй эмес

Беш жүз миң калкы бар Баткен облусунда жергиликтүү он чакты жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), ошондой эле эл аралык жана республикалык жети ЖМКнын кабарчылары иш алып барат. Аймактагы 10 медианын жетөөсү мамлекеттик болсо үчөө мамлекеттик эмес. Бирок элдин көпчүлүгү гезит сатып албай, электондук гезиттерге өтүп жатканына карабай, Баткендеги медианын 7сү – гезиттер (6 мамлекеттик, 1 жеке менчик). Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик гезиттердин аты гана болбосо, алардын каржылык колдоосу талаптагыдай эмес.

Бирок да аймактагы аудиторияны жергиликтүү ЖМКларга байланган деп айтууга да болбойт. Тургундардын көбү маалыматтарды (аналитикалык жана иликтөө материалдарды да) эл аралык ЖМКларды анан соц тармактардан алышаарын билдиришет. Мен маектешкен 15 адамдын экөөсү гана жергиликтүү ЖМКларды атады.

Демек, аймак калкынын маалымат алуу талабын жергиликтүү маалымат каражаттары, биринчи кезекте мамлекеттик ЖМКлар, толук канааттандыра албай жатат десек болот. Же жеткиликтүү эмес.

Бирок Баткен облустук акимчилигин маалымат катчысы Чолпон Бердикулова бул пикирге кошулбайт. Анын айтымында, расмий, такталган маалымат менен камсыздоодо ЖМКлар идиректүү иш алып барып жатышат, бирок калктын көңүлүн буруу үчүн блогерлер жолдон чыгып, журналистиканын жана расмий ЖМКнын ишин жокко чыгарып жаткандай.

“Негизинен Баткен облусундагы маалымат каражаттары аймакта болуп жаткан окуялар менен коомчулукту жеткиликтүү деңгээлде камсыздап жатышат деп айта алам. Аймакта элге ыкчам маалымат жеткирүү үчүн бардык шарттар бар десек болот. Теле, радио, гезит, сайттар эле эмес, социалдык тармактар аркылуу да журналисттер ыкчам иш алып барышат.

Баткен облусу баарыбызга белгилүү чек арада жайгашкан аймак. ЖМКнын өкүлдөрү чек арада орун алган ар бир окуяны чагылдырып келишет. Акырындап аймакта журналисттер чек ара маселелерин чагылдырууда калыстык менен, тең салмактуулукту сактап, ар тараптуу, маалымат булагына таянуу менен материал жасоого жетишүүдө”, – дейт Ч.Бердикулова.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн таянаары облустук телерадиокомпания. Анткени түздөн түз көрсөтмө берип, тапшырмаларды берип келет. Ошол эле учурда район-шаардык гезиттер маал-маалы менен чыгып турат. Алардын ишмердигине мамлекет тарабынан каражаттык колдоо токтотулуп, өзүн-өзү каржылоого өткөнү менен бейрасмий жергиликтүү бийликтин карамагында турат. Облустагы баардык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын ишин көзөмөлгө алуу облустук медиа борборго жүктөлгөн. Бул мекеме аркылуу мамлекеттик саясат, жергиликтүү бийликтин жасап жаткан аракети коомго жеткирилип турууга тийиш деген көз караш калыптанган. Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчиси Кайрат Жапаров болсо бир эле учурда коомчулук талап кылганындай, ошол эле учурда мамлекеттик саясатты да бирдей алып кетүү үчүн көп ресурсту талап кылат дейт. Ал эми бөлүнгөн каржылык колдоо кыялдагыдай иштөөгө мүмкүнчүлүк бералбайт.

“Учурда Баткен телеканалынын ишмердүүлгүн жогорку деңгээлде деп айтуудан алысмын. Бирок салыштырмалуу бир топ алгылыктуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошентсе да журналистика күн сайын үйрөнүүнү, изденүүнү талап кылган тармак болгондуктан сөзсүз түрдө кемчиликтер бар. Айрыкча, жогорку сапаттагы техникалык каражаттардын жетишсиздиги, борбордон алыскы аймакта жайгашкандыктан кадрларды окутуп, үйрөтүп, өнүктүрүүгө шарттын жоктугу, айлык маянанын аздыгы. Мүмкүн болушунча аудиторияны тартуу үчүн аракеттер көрүлүп, пайдалуу, кызыктуу көрсөтүүлөр уюштурулуп жатат. Жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү социалдык маселелерге байланыштуу маалыматтарды талап кылгандыктан, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда күн сайын түз эфирлер уюштурулуп келет.

Жергиликтүү калкты облус аймагындагы маалыматтар менен камсыз кылуу жетиштүү жолго салуу аракети болгону менен кысталыштар бар. Анткени бул тармакта да кадр, каражат, техника маселелери көкөйдү кесет экен”, – дейт К.Жапаров.

Маалымат жаатындагы аракеттенген, ошол эле учурда бул жаатта иш алып барган өкүлдөргө карганда, маалыматтын кардары же активдүү аудитория жергиликтүү ЖМКларга пикири башка. Учурдагы эң активдүү делген жаштар эскирип бараткан тартип менен иш алып барган ЖМКларга канааттана бербейт. Ошол эле учурда Баткен облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттар коомчулук кызуу колдонуп жаткан платформлаардын баарында иш алып барбайт. Облус аймагында иш алып барган ЖМКлардын бирөөсү да Телеграм, Тик-Ток , Инстаграм сыяктуу жаштар кызыгып пайдаланып жаткан платформаларда аракеттенбейт. Ал гана эмес коомчулукка дээрлик сиңип калган Фейсбук, Твиттер, Ютубдагы баракчалары да көп жаңыланбай атайын СММ адистери жок. Калк арасында жылына жок дегенде бир жолу сурамжылоо жүргүзүлүп, иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү ыкмасын бир да ЖМК колдонбойт.

Аймактагы маалымат менен камсыздоо, ЖМКлардын ишмердиги тууралуу Баткен облусундагы саясий иш-чарларга катышып жүргөн активист, чек аралаш аймакта сабырдуулкту орнотуу, жарандык журналистиканы жандандыруу, калктын медиа сабаттулугун арттыруу багытында долбоорлорду ишке ашырып жүргөн жаштардын бири Айбек Муратовдун пикиринде, социалдык тармактарды багынта алган гана ЖМКлар гана окулуп жатат.

“Баткендеги басылмалар технологиянын өнугүүсүнө жараша иш алып баруусун өзгөртө алган жок. Аларды кызыгып окугандар аз. Жергиликтүү “Баткен ТВ” бир гана теле тармагында иш алып барат, “Салам Медиа” соцтармакта аракеттенгени менен коомдук резонансты жарата албай келет, бул жетишсиз деп ойлойм. Окурмандар ар тараптуу, альтернативдүү көп тармактуу маалымат алууга муктаж”, – дейт А.Муратов.

Анын пикиринде, жергиликтүү ЖМКлардын материалдарына кызыгуунун төмөндүгүнүн себептерине алардын кайсы бир деңгээлде бийликке, же кайсы бир чиновниктерге, же кайсыл бир саясий топко көз карандылыгы, курч темаларды аз көтөрө тургандыгы, журналисттердин ар тараптуу билиминин/тажрыйбасынын жетишсиздиги, эл аралык ЖМКлардын тажрыйбаларын анализдеп, жергиликтүү деңгээлде өздөштүрүүгө аракет кылбагандыгы кирет.

Маалымат пайдалануучу катары менин сунушум:

1. ЖМК кызматкерлери үчүн туруктуу жана пландуу стажировканы көбөйтүп, башка өз ишин жакшы жолго койгон ЖМКлар, редакциялар менен тажрыбай алмашууну системага салыш керек;
2. Журналисттерди коргоо институтун уюштуруу;
3. Ыкчам, түз алып берүүлөрдү көбөйтүү;
4. Окуяны алдын алуу, анонс берүү;
5. Аналитикалык жана иликтөө материалдарды жасаган адискөй журналисттерди тарбиялоо;
6. Республикалык денгээлдеги эксперттерди, бийлик адамдарын интервью же онлайн аркылуу окуяны чагылдырууга тартуу;
7. Көйгөйлөрдүн тарыхый, архивдик, документтик, фото ж.б. материалдардын негизинде келип чыгуу тарыхын толук изилдөө, аларды программа же көп серия катарында чагылдыруу;
8. Интернет сайттарды ачуу, социалдык тармактарды багынтуу;
9. Журналист – журналист эле эмес, зыян келтирбөө максатында, коомдун кызыкчылыгындагы юрист да болуш керек”, – керек деген сунуштарын айтат А.Муратов.

Албетте, маалымат кардарынын пикири жогорку чекти кыялданганы менен ошого карап аракет жана кадамдар болушу зарыл. Антпесе азыркыдай дүйнөнүн башка бурчунда туруп, Баткендеги коомдук пикирди жаратып коюуга мүмкүнчүлүк болуп турган учурда атаандаштыка туруштук бере албаган продукция менен маалымат базарынан четтеп калуу оңой эле. Ошол эле учуруда атаандаштык өтө күчтүү жүрүп жатканда өз ордун сактап, аудиторияны кармап калуу үчүн да оңбогондой аракет зарыл. Мамлекеттик казынадан өтө көп болбосо каржыланып, салык төлөөчүлөрдүн талабын эске алуу зарылдыгы да бар. Ишкер Нурлан Ахматов ЖМКлар салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгы менен эсептешпей жаткандыктан өнүгө албай жатат деген пикирде.

Мисалы, мамлекеттик ЖМКлар элдин салыгынан түшкөн каражаттан жан багып жатышат. Бирок ошол каражат үчүн канчалык продукция берди, сапаты, кардардын талабына жооп береби деп кызыгышпайт да. Жылына бир жолу атайын талкууларды уюштуруп, кызыкдар, активдүү жарандардын пикирин угушса, иш ыргагын өзгөртүшмөк. Балким элдин сынынан өтө албай калса же аудиториясын жоготсо алган акчаларын кайтара тургандай болсо жан талашып аракет кылышмактыр”, – дейт Н.Ахматов.

Каржылык маселеден тышкары адистердин тажрыйбалуугу, иштеп-жашаган аймактын коопсуздугу, жашоо шарттын өзгөчөлүгү да бааланса дегендер бар. Анткени, ар качан жаңжалдар арасында, кооптуу учурларда жүргөн журналсттердин эмгегин баалоо айрмаланбайт деле. Журналисттердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоочу уюмдар да аймактарда жок. Буга чейин уюшулган журналисттердин көз карандысыз кесиптик бирлиги өз ишин жандантып кете албады. Ошол эле учурда маалыматка жетүү маселеси да өтө жакшы жолго коюлуп калган жери жок. Малыматка жетүү маселеси аймактагы кайсыл бир мекеме жетекчисинин жеке деңгээлине жараша эле болуп бааланат. Айрыкча жергиликтүү жетекчилер коомдун маалымат менен өз учурунда камсыз болушуна, ачык-айрым, бейтарап маалымат менен суугарылышна кызыкдар эмес дейт журналист Гүлкайыр Эргешова.

Аймакта болуп жаткан жаңылыктар, көйгөйлүү маселелер, элдин үнү жана башка маалыматтарды элге жеткирүүдө жөн жатып калбай мүмкүнчүлүктүн барынча аракет кылып келет журналисттер. Бирок эл тарабынан кызыккан чек ара, жол, суу, адам укуктары жана башка маселелер боюнча элдин суроо талабын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан маалымат алуу бир аз кыйынга турат жана жеткиликтүү маалыматты өз убагында ала алышпайт. Менин пикиримде, журналисттердин укугун коргоо деги эле журналист менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда тыгыз байланышты камсыздоо зарыл. Ошондой эле редакциялык тараптан журналисттерге ар кандай колдоолор, моралдык материалдык жардамдар көрсөтүлүп, тыгыз иш алып баруусу азыркы талапка ылайык деп эсептейм.

Баткен облусунун аймагындагы ЖМК кызматкерлери жана журналисттери күн-түнбү же жаңжалдын арасындабы, кооптуу аймактабы дебестен коомчулук күткөн маалыматты өз убагында жеткирүүгө аракет жасап жатат. Бирок ар бир редакция, ар бир журналист өз алдынча иштеп жатат. Бирдиктүү саясат, кесиптик тилектештик зарыл болуп турат”, – деген оюн айтты Г.Эргешова.

Расмий ЖМКлар менен атаандашып жаткан блогер, ютуберлер да улам алдыга жылып жатышат. Бул багытта жеңил желпи, оңой жолдор менен аудиторияны тартууга аракет кылган блогерлер да жок эмес. Ошол эле учурда медиа сабаттуулук боюнча маалымдар эмес жөнөкөй тургундар ютубер менен журналистти алмаштырып алганын да танбайбыз.

Бир мисал, Кадамжай районунун бир тургуну мени журналист катары байланыш номерлерим аркылуу мага телефон чалып, жергиликтүү укук коргоо кызматтарында маселеси бар экенин айтып, коомчулукка жарыялоо менен көйгөйдү адилет чечилишине колдоо зарыл экенин билдирди. Бирок менден соц тармактарда иш алып барган блогер же ютуберлердин байланыш номерлерин сурап кайрылганын айтты. Демек, коомчулукта расмий ЖМКга карганда өзүн журналист катары көрсөтүп жүргөн блогер, ютуберлерге көбүрөөк ишеним арткан топтор да бар экенин мюндашыбыз керек.

Коомчулукта расмий катталган, жоопкерчликти сезген ЖМК жана жөн эле соцармакта активдүү жарандардын аракетин айырмалап ала тургандай, бейтарап жана кызыкчылыктарды негизинде даярдалган маалымттарды ажырата ала тургандай маалыматтык сабаттуулук боюнча да түшүнүктөрдү жеткирүү зарылдыгы чыкты. Бул демилгени да журналисттер колдо бар мүмкүнчүлүк менен берүүлөр аркылуу жеткирсе болот.

Жеңиш Айдаров

Окшош посттор