Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

С Днём информации и печати!

 

Маалымат жана басма сөз күнү менен!

Бүгүн алардын кесиптик майрамы. Бирок, алар иште. Анкени майрамды да чагылдырыш керек. Алар кимдер?

Алар ар-кандай. Жана бир аз «кызыктай» дагы. Өздөрүн эмес, техникасын бапестеп сактайт. Башкалар буйрук менен жөнөтүлө турган жерге өз ыктыяры менен барышат. Өзгөчө жана күтүлбөгөн нерселерди издешет. Бирок, өзү көрүш үчүн эмес, баарына көрсөтүп бериш үчүн.

Көпчүлүктүн дем алыш жана майрам күндөрүндө алар салтанаттуу иш-чаралардын өтүшү жөнүндө айтып, жазып, көрсөтүп да беришет.

Калк жаӊжалдуу окуялардан качып жаткан учурда, алар, тесекрисинче, чок ортосуна талпынышат.

Эл ооруп калгандардан тескери качкан кезде алар «кызыл зоналарга» барып алышып, ошол жерден репортаждарды жасашат.

Алар жайдын чилдесинде да эс алышпайт. Көлгө өздөрү түшпөй, башкалардын түшүп жүргөндөрүн айтып беришет.

Алар кыштын ызгаарында да иштешет. Абанын ыштуулугун тактап чыгышат. Көмүр кайсыл жерге жана эмнеден улам жетпей калганын териштиришет. Кайсыл жерде тайгак, касыл жерде катуу суук болду, аны дагы жазышат.

Алар – көзүӊөр жана кулагыӊар. Алар – күтүлбөгөн жана ыӊгайсыз суроолорду бере турчу тилиӊер. Сиздер кабардар болуш үчүн. Сиздер билиш үчүн. Сиздер четте калып, аӊдабай калбашыӊыз үчүн.

Алар бардыгына сүӊгүп киришет. Баарын байкоого жана түшүнүүгө умтулушат. Баарын жазып, тартып, чагылдырууга жетишишет. Бул – алардын жумушу. Алардын кесиби жана парзы.

Алар барда сиздер дайыма кабардарсыз. Дуйнө жүзүндө жана өлкөдө эмне болуп жатканын билесиз. Кече. Бүгүн. Эртеӊ.

Алар кимдер? Алар – журналисттер. Биздин, кыргыз журналисттери.

Кесиптик майрамыӊыздар менен, урматтуу коллегалар! Маалымат жана басма сөз күнүбүз кут болсун!

 

«Журналисттер» коомдук бирикмеси