Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынак

Адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынак

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү Европа Шериктештиги жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында «Демократиялык реформаларды алгалатуу үчүн, журналисттик иликтөө тажрыйбасын калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын мамлекеттик институттардын жана ММК өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу» долбоорунун алкагында адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынак жарыялайт.

Сынактын максаты

  • адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого жана анын сакталышына көмөктөшүү,
  • адам укуктары жаатында жогорку деңгээлде атайын иликтөөлөрдү жүргүзгөн журналисттерди колдоо жана аларды кызыктыруу,
  • адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу маселелерди чагылдыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу,
  • адам укуктары жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны жалпыга жайылтуу,
  • коомчулукту адам укуктарынын бузулушу тууралуу өз убагында кабардар кылуу.

Сынактын шарттары

Кыргыз Республикасындагы бардык басма, радио жана интернет — ММКнын штаттык жана штаттан сырт журналисттери адам укуктарынын бузулушу жаатында жарыяланган жана эфирге чыккан өздөрүнүн журналисттик иликтөөлөрүн жөнөтө алышат.

Сынакка 2016-жылдын 18- ноябрынан, 2017-жылдын 15-октябрына чейинки убакытта жарыяланган же эфирге чыккан материалдар гана кабыл алынат.

Сынакка кыргыз жана орус тилинде жазылган материалдар кабыл алынат.

Бир же бир нече авторлор үчтөн ашык эмес материалды сунуштай алышат.

Эгерде сынакка бир нече авторлор тарабынан даярдалган материалдар сунуш кылынса, ал тууралуу бардык башка авторлор сынакка чейин кабардар болушу зарыл. Кокусунан автордук укук боюнча талаш-тартыш орун алса, ага сынактын уюштуруучулары жооп беришпейт.

Сынакка жиберилген материалдар рецензияланбайт жана автор ээсине кайтарылбайт.

Тандалып алынган материалдар Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун www.iwpr.net, Аналитикалык журналистиканын Борборазиялык бюросунун www.cabar.asia жана башка уюмдун өнөктөштөрүнүн сайттарында жарыяланат.

Сынактын уюштуруучуларына, зарыл болгон учурда, сынакка түшкөн материалдарды колдонуу укугу берилет.

Сынакка илимий макалалар же семинар, трениңдердин жана тегерек столдордун материалдары, ошондой эле сынактын темасына ылайык келбеген материалдар кабыл алынбайт.

Сынакка материал жөнөтүү жогоруда айтылган «сынактын бардык шарттарын» кабыл алгандыкка жатат.

Сынакты өткөрүү тартиби

Сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтерди 2017-жылдын 15- октябрь күнкү саат 17:00 дөн кечикпей төмөндөгүдөй материалдарды берүү талап кылынат:

  1. Толтурулуп, кол коюлган атайын билдирменин үлгүсү(төмөндөгү шилтемеден ала аласыз: кыргызча; орусча).
  2. Сынак үчүн макала.

Сынакка даярдалган материалдар электрондук түрдө төмөнкү электрондук дарекке konkurs.centralasia@iwpr.net жөнөтүлүшү шарт.

Материалдардын жарыялангандыгы же эфирге чыккандыгы тууралуу тастыктамалар (гезиттин же журналдын көчүрмөсү, интернет булагынын скриншоту, эфирге качан, кайсыл убакта чыккандыгы тууралуу теле жана радио эфирдик тастыктамсы) болуусу зарыл.

Аудио материалдар угууга жана жүктөп алууга мүмкүн болгон атайын жабдууларга жазылышы шарт, ал эми аларды табуу үчүн тийешелүү шилтемелер сынакка жөнөтүлгөн электрондук почтада так көрсөтүлүүсү зарыл.

Сынактык комиссиянын курамына Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү, тагыраак айтканда алдыңкы журналисттер, редакторлор, медиа тармагындагы эксперттер, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өкүлдөрү, уюштуруучулардын өнөктөштөрү киришет. Алар сынакка жөнөтүлгөн бардык материалдарды карап чыгышып, 2017-жылдын 10-декабрына чейин жеңүүчүлөрдү аныкташат.

Сынакка жиберилген материалдар төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр менен бааланат:

  • Журналисттик иликтөөнүн элементтеринин камтылышы боюнча;
  • Аныкталган укук бузуунун эксклюзивдүүлүгү: мыйзам бузууну автор өзүнүн жеке иликтөөсү аркылуу аныктап чыгышы зарыл, тагыраак айтканда, аныкталган укук бузуу мурда тартип коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар же коомдук уюмдар тарабынан аныкталган маалымат болбошу зарыл.
  • Далилдер жана фактылар жетиштүү болушу шарт.
  • Натыйжалуулугу: сынакка жиберилген материалдын коомдук резонанс жаратып, андагы көтөрүлгөн көйгөй боюнча коомдук талкуу жарата алышы;
  • Объективдүүлүгү: сынактын материалдарынын тең салмактуу жана калыс пикирди чагылдыра алышы;
  • Актуалдуулугу: сынак материалдарынын темасы жана мазмуну Кыргызстандагы адам укуктары жаатында белгилүү бир абалды ар тараптан так чагылдырып, көйгөйдү ачып, аны чечүүнүн жолдорун көрсөтө алышы;
  • Талдоо ыкмалары: адам укугу жаатындагы көйгөй көтөрүлүп, ал маанилүү бир социалдык, саясий, экономикалык жана маданий окуя менен байланыштырылып талданган материалдар колдоого алынат;
  • Жеткиликтүүлүгү: сынакка берилген материал жөнөкөй аудиторияга түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен жазылышы абзел;
  • Маалыматтын тактыгы: сынакка берилген материалдагы бардык сандык көрсөткүчтөр, фактылар жана башка маалыматтар чындыкка шайкеш келиши шарт;
  • Чыгармачылык: адам укуктарына байланышкан теманын, мазмуну жана материалды берүү формасы боюнча, адаттан тыш ыкма менен чагылдырылышы.
  • Маанилүүлүк: сынактык материалдын авторлору ММКнын тигил же бул түрүнө таандык болгон маанилүү каражаттардын бардык комплексин адискөйлүк менен колдонуусу шарт.

Сынактын жеңүүчүлөрү 2017 — жылдын 10-декабрында Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюм тарабынан Бишкек шаарында уюштурулуучу кечеде сыйланышат.

Уюштуруу комитети төмөнкүлөргө укуктуу:

  • жиберилген материалдын сынактын талабына ылайыктуулугун аныктоого;
  • сынактын талаптарына жооп бербеген материалдарды сынакка кошуудан четтетүүгө;
  • сынакка жиберилген материалдарды жеткиликтүү баалоо максатында сынак комиссиясынын мүчөлөрүнөн сырткары тигил же бул укук коргоо темалары боюнча эксперттерди тартууга;
  • сынактын айрым материалдарынын көчүрмөсүн коомчулукка маалымат берүү же билим берүү максатында колдонууга.

Байгелер

Сынактын жеңүүчүлөрү акчалай сыйланышат. Акчалай байгелер төмөнкү номинациялар боюнча ыйгарылат:

Басылма /онлайн ММК

1 — орунга — $500

2- орунга — $300

3 —орунга — $200

ТВ/ Радио

1 —орунга  — $500

2 — орунга — $300

3 — орунга  — $200

Сынактын уюштуруучулары сынакка түшкөн материалдардын санына жана сапатына карап, каржылык фондду толук колдонбоо укугуна ээ. Мындай учурда үнөмдөлгөн каражат кошумча берилүүчү белектерге жумшалат.

Сынакка катышууну каалаган авторлорду өз материалдарын Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө, төмөнкү дарек боюнча жөнөтүүсүн өтүнөбүз: konkurs.centralasia@iwpr.net.

Сынакка материалдар 2017-жылдын 15-октябрь күнү саат 17.00 чейин кабыл алынат.

Сынакка катышуу билдирмесинин үлгүсүн төмөнкү шилтемеден таба аласыздар: кыргызча ; орусча

Сынакка катышуунун атайын билдирмесинин үлгүсүн алуу же толтуруу боюнча суроолор жаралса Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Бишкектеги Өкүлчүлүгүнө Бишкек шаары, Киев көчөсү 114/2 , бөлмө №1; тел.: (996 312) 312 995, 313 411; e-mail: iwpr.kyrgyzstan@iwpr.net даректери боюча кайрылсаңыздар болот.

Окшош посттор