КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг. Сентябрь, 2019-ж.

09.10.2019

Рубрика: Мониторинг, Жалпыга маалымдоо каражаттары

Басып чыгаруунун версиясы

Сентябрь айында 10 маалымат катталган. Алардын 5сү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 4сү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, 1сү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

17.09.2019

«Ынтымак» КТРКда ондон ашуун кызматкер кыскарууга учурады

Жакында «Ынтымак» коомдук регионалдык телерадиокомпаниясында иштеген ондон ашуун кызматкер жумуштан кыскартылды. Телеканалдын жетекчиси Толкун Эрмекбаев бул – кадрлардын агылуусуна, долбоорлордун азайганына жана ишти оптималдаштырууга байланыштуу экенин кабарлады.

«Айрым кызматкерлер башка ЖМКлардан сунуш түшкөнү үчүн орун которуп кетишти. Турмушка чыгып кеткендер да болду. «Долбоор бар – каражат бар» деп башынан эле айтылып келаткан. Жылдан жылга долбоорлор азайып баратат. Телеканалдын жетекчилиги жана бөлүм башчылардын катышуусундагы чогулушта оптималдаштыруу боюнча протоколдук чечим кабыл алынган», – деди «Ынтымак» КТРКсынын башкы директору Толкун Эрмекбаев.

Кыскартууга учурагандардын бири Макпурат Алибаева кыскартуу күтүүсүз болуп, көпчүлүк дендароо болгонун белгиледи.

«Долбоорлор азайып, татаалдыктар жаралганын билчүбүз. Жайында жетекчиликке жолугуп, «Биздин маселе эмне болот, кандай тартипте иштейбиз?» деп сураганымда, маселе чечилерин айткан эле. Бирок, жайкы эс алуудан келгенибизден кийин «кызматташууну убактылуу токтоттук» деген СМС-билдирүү келди. Мурунтан эле: «Кыскартууга дуушар болушуӊар мүмкүн» делгенде, эртелей жумуш издейт элек. Жаш баласы барлар жана жумуш таппай жаткандар үчүн чындыгында кыйын болду»,- деди М.Алибаева. Махпурат Алибаева жакында жергиликтүү телеканалдардын бирине ишке кирди.

Кыскартууга учураган кызматкерлер телеканалда эмгек келишими эмес, кызмат көрсөтүү келишими менен иштеп келишкен.

«2017-жылы администрациялык бөлүккө 12 штат берилген. Башка кызматкерлер кызмат көрсөтүү келишими менен иштешчү. Ушул жылдын 27-августундагы Өкмөттүн токтому боюнча аймактык гезиттер ТВга бириктирилип, реформа болсун деген токтом чыккан. Эми райондук 7 гезиттин (14 штаттык бирдик), облустук 3 гезиттин кызматкерлери, штаттык формулярын юристтер эми беришет, ошолор кошулуп, жалпы 58 штаттык бирдик болот. Телеканалдагы финансыга, техникалык жабдууларга ж.б жооптуу кызматкерлерди штатка бекитип, жумушун мыйзамдаштырдык. Штаттык бирдиктегилер айлык маянасы аз болсо да, юридикалык жактан корголгон болот», – деди Т.Эрмекбаев.

“Массалык маалымат каражаттарына даттанууларды териштирүү комиссиясынын” төрагасы Шамарал Майчиев Ошто 9-сентябрда өткөн “Ийгиликке КАДАМ” медиафорумунда белгилегендей, журналисттердин көбүнчө эмгектик укуктары бузулат:

«Журналисттердин укуктары корголуу эмес. Себеби, биринчиден, редакция менен эмгек келишими жок, экинчиден, редакциялык саясат жок. Эгер булар болгондо, журналисттер эмгектик укуктары корголмок»,- дейт Ш.Майчиев.

«Ынтымак» КТРКсындагы кыскартууга учураган Жусуп Кошмотов кызмат көрсөтүү келишими менен иштегенде бир топ татаалдыктар болорун айтты:

«Эмгек келишимин түзүп иштегенде эмгек китепчеге жазылып, стаж болот экен. Кайсы жерде иштегениӊди тактама кылып жаздырып албасаӊ, чыныгы стажды далилдей албай калат экенсиӊ. Биз жеке ишкер катары айына патент жана полис үчүн 3200 сомдон төлөп, иштеп жүрдүк. Кымбат болгону үчүн, аны жаптырып, патенттин башка шартына да өттүк эле. Анан иштебей калган мезгилде патентти токтоттуруп койбосо, ал айлар үчүн да төлөтөт экен. Мен жөндөн жөн эле август айы үчүн да төлөп калдым», – деди Ж.Кошматов. Жусуп Кошматов алдыда жаӊы долбоор башталса, «Ынтымак» КТРКсы менен дагы да кызматташууну көздөп турарын айтты.

Башкы директор Т.Эрмекбаев кыскартууга учураган кызматкерлер телеканал алдында түзүлгөн продакшн-студияда иштесе болорун айтты. Демөөрчү таап, эфирдик убакытты сатуу менен кассага каражат түшүрүп, кызматкерлер ошонун негизинде киреше тапса болорун кошумчалады.

Телеканалда мурда эфирге чыгып келген көрсөтүүлөрдүн 20%га жакыны токтогон. Учурда айрым программалар үчүн демөөрчүлөр бар экенин, о.э. чакан гранттар менен иштешүү пландалып жатканын башкы директор Т.Эрмекбаев белгилеп өттү.

«Ынтымак» КТРКсы 2011-жылы Ош облустук телерадиокомпаниясынын укуктук мураскерлиги негизинде түзүлгөн. 2020-жылдан тарта өзүн өзү каржылоого толук өтүшү керек деген стратегиялык планы бар.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош облусундагы өкүлү

 

19.09.2019

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун маалымат жыйынынан журналистти күч колдонуп менен чыгарып коюшту

18-сентябрда ЖКнын мурдагы төрагасы журналисттер менен болгон жолугушууда жакында эле болуп өткөн Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы окуя тууралуу маалымат берип, өз оюн билдирген. Журналисттер жыйындын жүрүшүндө А.Мадумаров бир кезде КРнын коопсуздук кеңешинин катчылыгында турганда айрым жерлердин Тажикстанга берилгендиги тууралуу маалымат алууга кызыгышкан. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери өз сөзүндө суроо узаткан журналисттер өтө эле жаш экендигин жана бул маселени алар жакшы түшүнө бербестигин кыйыр кеп кылган.

Next TV телеканалынын журналисти Жоодар Бузумов суроого так жооп берүүнү суранганда, саясатчынын тарапташтары аны бөлмөдөн чыгарууга аракет кылышкан. Журналист маалымат жыйынынан чыкпоого аракет кылганда, талаш-тартыш болуп, жыйынтыгында Адахан Мадумаровдун коопсуздук кызматы башка журналистти күч менен чыгарууга аракет кылышкан. Ошондо башка ЖМКнын мүчөлөрү дагы эшикке чыгып кетишкен.

Ошол маалда Адахан Мадумаров дагы кошо эшикке чыгып, келген журналисттер жаш болгондуктан, эмне тууралу маселе болуп жаткандыгы билишпейт деп билдирген.

Бул маселе силер төрөлгөндө каралган. Силер муну билбейсиңер дагы, түшүнбөйсүңөр. Ошондуктан, мен силерге делимитация, деморкация жана денонсация дегенди түшүндүрүп жатам”, – деди Мадумаров.

Кийинчирээк Журналист Жоодар Бузумов кесиптештерине сунушталган тема боюнча жолугушууда Адахан Мадумаров Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал тууралу маалымат бериши керек эле деп билдирген. Ошону менен бирге, жолугушууда саясатчынын тарапташтары дагы катышып, журналисттерге сөз бербестен кийлигишкендерин баса белгилеген.

Бешинчи каналдын кабарчысы Сыргак Бактыяровдун билдирүүсүндө, аны дагы бөлмөдөн күч менен чыгарышкан жана ЖКнын мурдагы төрагасы чек ара маселелерине байаныштуу суроолорго жооп бергиси келген эмес.

Ал бизди басынтуу менен бизге мораль окугусу келди. Жөн гана кечирип койгула, суроолорго жооп бере албайм десе башкача болмок. Анын ордуна ал бизди саткындар деп күнөөлөй баштады”, – деп белгилейт журналист.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Ч
үй жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

 

24.09.2019

“Апрель” телеканалы өздөрүнүн сайтына DDoS чабуулдардан сактануучу автоматтык коргонуу орнотушту

“Биздин сайтка ушул тапта DDoS чабуулдар болуп жатабы, же жокбу билбейбиз. Ал жерге биз автоматтык түрдө IP даректерден келип түшкөн кошулууларды иргей турган жабдуу орнотуп койгонбуз”, – деп кабарлады “Журналисттер” КБга телеканалдын жетекчиси Дмитрий Ложников.

Эскерте кетүүчү жагдай, 19-сентябрда “Аперль” телеканалынын сайтына беш жолу DDoS чабуул болгон.

Бул ЖМКнын техникалык жактан тейлеген адистеринин айтымында, жасалган чабуулдар алсыз болгондуктан, сайтты кайрадан иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Дмитрий Ложниковдун айтымында, бир ай мурда телеканалдын кызматкерлерине жашыруун келип түшкөн маалыматтардын негизинде, “Апрель” телеканалынын сайтына олуттуу хакердик чабуул боло турганы белгилүү болгон. Ал чабуулдар кийин “Апрель” редакциясына “улуттар арасындагы кастыкты козутту” же “бийликти күч менен басып алууга үгүттөдү” деген айыпты коюу үчүн сайттагы айрым материалдардын маани-маңызына өзгөртүүнү көздөйт имиш.

Учурдагы саясий кырдаалды жана “Апрель” телеканалына карата мыйзамсыз жасалып жаткан кадамдар менен зомбулук жолу менен жабуу аракеттерин эске алуу менен ошол айтылган нерселер негиздүү деген ойдобуз. Белгилей кетүүчү жагдай, “Апрель” телеканалы буга чейин, ушул тапта жана мындан кийин дагы КРнын мыйзамдарына баш ийип иштеп келгенбиз жана да иштебиз, этика нормаларын дагы сактай бермекчибиз”, – деп баса белгиледи Ложников.

Белгилей кетүүчү жагдай, телеканалдын эфири 7-августта Кой-Таштагы окуядан улам токтотулган. Эки күндөн кийин тергөө органдары келип, телеканал жайгашкан “Медиа форумдун” имаратын камакка алышкан.

Учурда “Апрель” телеканалынын жамааты иштерин социалдык тармактарда: Facebook, Instagram YouTub-каналында жүргүзүшүүдө.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Ч
үй жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

 

25.09.2019

Нарында журналисттердин эмгеги кандай бааланат?

Нарын дубанында жергиликтүү алкакта жеке тарапка таандык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жокко эсе. Эл аралык жана республикалык ЖМКлардын облустагы өкүлдөрүнүн саны беш манжадай саналуу. Бирок алардын айрымдарынын эмгек укуктары сакталбаса, мамлекеттик деп саналган ЖМКларда иштегендердин эмгектери жетекчинин ишмердигине жараша бааланат.

“АКИпресс” маалымат агенттигинин “Турмуш” сайтынын Нарын шаарындагы кабарчысы Кенжебай Кыдыров өз ишмердүүлүгүндө эмгек укуктары корголбогондугун ачыктайт.

“Биз чындыгында эркин иштейбиз. Бирок эмгек укуктарыбыз сакталбайт. Анткени калем акыбыздан социалдык фондго төлөм төлөнбөгөндүктөн кийин пенсияга чыгууда кыйынчылыктар келип чыгат. Мындай абал башка эч жакта иштебей, жалгыз ушул сайтка кабар жазган жаштарга чоң сокку болууда. Алардын айрымдары түшүнбөй, билгендери болсо аргасыз иштеп жүрүшөт”, – дейт К.Кыдыров. Аталган сайттын Кочкор району боюнча кабарчысы Майрамбек Деркенбаев да бул сөздөргө негизинен кошулат.

“Мен мурда райондук “Эмгек Туусу” гезитинде иштеп келгем. Бирок ачуу чындыктагы макалаларды жарыкка чыгара алчу эмесмин. Акыры айла жоктон улам жана эркин иштөө үчүн “Турмуш” сайтын таңдадым. Бул сайттан туруктуу эмгек акы албайбыз. Калем акы гана алгандыктан соцфондго кармалбайт экен. Мен болсо пенсияга дыйкан чарбанын мүчөсү катары чыгамын. Ал эми журналисттердин эмгеги бааланбайт”, – дейт М.Дыйканбаев.

Ак-Талаа райондук “Айыл Турмушу” гезитинин мурунку жооптуу катчысы Адилет Сагыналиев эмгек укуктары сакталбагандыгын мындайча билдирди.

“Бизде эң башкысы гезитке эч ким көңүл бурбайт, дейт А.Сагыналиев. – Болгону акимчилик кыйноо менен гезитке жаздырып коёт, андан кийин керек болуп калганда эле редакцияны эстебесе, унутулган мекеменин катарында. Редакциянын өзүнчө сонун имараты бар. Бирок эч кандай оңдолбогондуктан улам шарты жок үч кеңсесинде бардык кызматкерлер тыгылып иштөөгө аргасыз. Ошол эле учурда калыстык жана акыйкаттык жок. Мисалы редакцияда бир эле киши иштеп, калгандары бекер айлык алышат. Ушундай кырдаалдан улам жумуштан бошоп кеткем”.

Ат-Башы райондук “Ат-Башы жаңылыктары” гезитинин жетекчиси Тынчтык Султанов гезит жүгүн толук редакция көтөрүп жаткандыгын белгиледи.

“Райондук бийликтин иши деле жок. Чакырса барабыз, кээде чакырттырбай барып маалымат алабыз. Гезит Бишкектеги ”ММКны колдоо борбору” басмаканасынан 1800 нускада айына эки жолу жарыкка чыгат. Аны түнкү автобус, кээде такси менен өзүбүз алып келебиз жана айылдарга почтага акысын төлөп өзүбүз жеткиребиз. Сын макала жазбайбыз. Биринчи себеби, жазсаң жаман көрүнөсүң, экинчиден, ага эч ким деле маани бербейт. Бизди “эмгегиң деп” сыйлаган деле бийлик жок, анткени сыйлык өңтааныш менен берилип калган. Биз айлыгыбызды, эс алууга чыкканыбызда жана сыркоолоп калганда тиешелүү акчаларын төлөп бергендерине ыраазыбыз”, – дейт Т.Султанов.

Облустук “Теңир Тоо” гезитинин саясый баяндамачысы Гүлзаада Турдалиева болсо эмгектери бааланбагандыгын билдирди.

“Биз беш күн үчүн күнүнө 8 саатка эмгек акы алабыз. Бирок айрым учурларда андан узак убакыт иштөөгө туура келет. Ошондой эле иштин ыргагына жараша журналисттер ишемби, кээде жекшемби күндөрү кадимкидей иштейбиз. Бирок ал күндөр үчүн эмгек акы төлөнбөйт. Чындыгында, талап кыла албайбыз”, – дейт Г.Турдалиева.

Ал эми Нарын облустук телерадио компаниясынын кабарчысы Эсен Сталбек уулунун пикиринде, эмгектери шайма-шай абалда.

“Биздин эмгектерибиз жеткиликтүү корголгон. Эмгек шартым бузулса, профсоюзга кайрыламын. Тиешелүү жактары жетекчилик жактан корголот. Калем акыны болсо башкы редактор менен бирге карап, иштегендерибизге жараша белгиленген шартта, көлөмдө алабыз”, – дейт Э.Сталбек уулу.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областы боюнча
өкүлү

 

26.09.2019

Чек ара чырларын чагылдырууда кээ бир ЖМК өкүлдөрүнө тоскоолдуктар жаралды

16-сентябрь күнү Лейлек районунун Максат айылы менен Тажикстандын Овчи-Калача айылынын чектеш аймагында эки өлкөнүн чек арачыларынын курал колдону менен болгон жаңжалын чагылдыруу үчүн расмий ЖМК өкүлдөрү 17-сентябрь таңында гана окуя болгон аймакка бара алышты. Анткени окуя болгон аймак алыс жана кооптуу болгону үчүн журналисттер абалды билүүгө жана материал жасоо үчүн 16-сентябрь түнү баруу кооптуу болчу.

Бирок, 17-сентябрь таңында Максат айылында жакынкы айылдардан, куралдуу кагылышудан жабыркагандардын жакындары болуп 200дөй киши жыйналып калган болчу. Окуяны чагылдыруу үчүн барган журналисттердин ар биринен чогулуп тургандар кайсыл ЖМКдан келдиңер деп такып сурап жатышты. Ошол учурда чогулуп тургандардын маанайынан ара чолодо угузуп эле КТРКдан же дагы мамлекттик ЖМКлардан чоңдордун айтканын кылып, маалыматты толук бербей жашырчу болсоңор тез кетип калгыла деген сөздөр айтылды.

Чек ара чырын чагылдырууда топтошкондор тарабынан маалымат берүү, окуяны айтып берүү жана коомчулукка жеткирүү ишинде мындай тоскоолдуктар тууралуу КТРКнын Баткен облусу боюнча кабарчысы Нургазы Жайнаков айтып берди.

“Чогулуп тургандар арасында ЖМК өкүлдөрүнө мындай мамиле, тандоо менен маалымат беребиз деген маанай биздин ишибизге тоскоолдук жаратып, ишке болгон маанайды жоготот экен. Эгерде ишибизге конкретүү сын болсо айтышсын. Бирок жалпылап эле кимдир бирөөлөрдүн айтканы боюнча эле ар кандай сөздөрдү айтып, маалымат алууга тоскоолдук жаратууга аракеттер болду. Анан чогулуп турган көп кишиге каяша айтып, конкретүү сын айткыла, болбосо жөн эле курук сөз болбойт деп түшүндүрүү кыйын болду. Биз болсо атайын талаптарга ылайык эрежелерди кармануу менен жаңжалды андан ары ырбап кетүүсүн күчөтпөйлү деп журналистиканын эл аралык талаптарын карманууга, этикалык кодексти сактоого тырышып малымат берип жаттык. Эл оозундагы ар кандай имиштер менен маалымат бералбайбыз. А эл болсо биздин мындай жоопкерчилик менен жасаган ишибизге алымсынбай, кайдагы эч нерсеге жооп бербеген ютубка каалагандай видео тартып коомдук тармактарга жүктөгөндөргө ишенип, ошолордун жасаган материалдарын мактап жатышты. Бул туура эмес да, ар ким каалагандай, жоопкерчилик албай маалымат таркаткандарга ишене берсек, чек арадагы олутуу маселе курчуп кетиши мүмкүн. Андай болсо эч кайсыл тарапка да, элге да пайда эмес оор зыян алып келиши мүмкүн. Муну менен кимдир бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын. Бирок, биздин журналистикалык ишмердигибизге, маалымат алуу жана бейтарап маалыматтарды жасоого тоскоолдук жаралат экен. Ошондуктан медиасабаттуулук, айрыкча, чек аралаш аймактардагы эл үчүн маанилүү деп ойлом”, – дейт Нургазы Жайнаков.

Чек арадагы жаңжалдарды чагылыдырууда жергиликтүү жана республикалык, эл аралык ЖМКлардын өз кабарчылары окуя болгон аймакта жок болгондуктан, түрдүү булактарга таянып, көпчүлүк учурда экинчи тараптын пикирин камтыбастан маалымат таркатууга аргасыз болуп жатышты. Шол эле учурда чек ара жаңжалы боюнча кээ бир булактар ЖМКларды тандап маалымат берген учурлары да иштин шыр кетишине тоскоолдук жаратпай койбойт экен. Көп убакта расмий маалымат булактары мамлекеттик ЖМКларга маалымат берип жатса, коомчулук жана көз карандысыз талдоочулар эркин ЖМКларга ыктап жатышты. Ошол эле учурда чек ара чыры эки тараптуу болгондуктан чырдашкан экинчи тараптан малымат алуу такыр эле мүмүкнчүлүк болбой жатты. Чек арадагы чырларды чагылдыруу учурунда маалымат булактары тандоо менен мамиле жасалуусу, экинчи өлкөдөн маалымат алуу мүмүкүнчүлүгү чектелүү болгондугу обьективдүү, жана ар тараптуу маалыматты жеткирүүдө түйшүктөр көп болуп жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ЖМКлардын кызматташусу, маалымат алмашуу багыты дагы деле ойдогудай жакшы жолго коюлбаганын акыркы окуя дагы бир ирет көрсөттү.

Жеңиш Айдаров,
“Журналисттер” КБнын Баткен областы боюнча
өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

05.09.2019

Kyrgyztoday сайтынын башкы редактору Бегалы Наргозуев: “Биздин сайттагы макала боюнча төгүндөө бербейбиз, экс-спикер Келдибеков менен соттошууга даярбыз”

Биринчи май райондук сотунда экс-спикер Келдибековдун Kyrgyztoday сайтына болгон доо арызы каралууда. Экс-аткаминер басылмадан 1 млн сом талап кылууда.

Доогердин расмий өкүлү Гуля Рыскулованын билдиргенине караганда, кыргыз тилдүү Kyrgyztoday интернет басылмасында жарыяланган макаланын кезектеги экспертизанын корутундусу даяр.

Келдибековдун адвокатынын айтымында, адистер макалада мазактоган, ушактаган жана адамдын кадыр-баркы менен намысына шек келтирген учурлар бар экенин аныкталган.

Ушуну менен лингвисттер биздин 1 миллион сомдук доо арызыбыз негиздүү экенин тастыктап беришти. Бул доо арызды менин жактоомдогу жаран азырынча чакырып алуу тууралуу ойлобой эле”, – деп белгиледи Рыскулова.

Жактоочу өз сөзүндө, доогер макаланын ээсинен расмий түрдө маалыматты төгүндөп, андан кечирим сурашын талап кылганын белгиледи.

Акматбек Келдибековго жогоруда айтылган сайтта аны паракор катары көрсөткөндөрү жаккан эмес. Доогер бул ушак экенин жана статья боюнча сот андан күнөөнү алгандыгын баса белгилеген.

“Биз ЖКнын мурдагы төрагалары менен соттошууга көнүп деле калдык. Мисалы, мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков бизди 10 жолу сотко берген. Сот ал саясатчынын пайдасына 10 миң сомго чейин бизге айып салган. Андан сырткары ЖКнын депутаты Дастан Бекешов дагы бизди сотко берген. СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев бизден 70 млн сом талап кылган. Институт Медиа Полисинин юристтеринин жана “Адилет” укуктук клиниканын көмөгү менен учурда биз өз укуктарыбызды коргоп келебиз. Эмнени айткым келет, Келдибековдун доо арыз менен коркутууларынан биз коркпойбуз. Анын жактоочулары ЖМКларга берген интервьюларында, эгерде биз расмий түрдө маалыматты төгүндөсөк. алар доо арызды кайтарып алышаарын айтып жатышат. Бирок биз ал адамдын паракорчулук менен айыпталганын мыйзам чегинде жазып чыктык. Эмнегедир Келдибеков паракорчулук менен айыпталбастан, кызматын кыянаттык менен пайдаланган деген фактыны баса белгилөөдө. Бирок, ал берене жөн гана өзгөртүлгөнүн баса белгилегим келет”, – деп билдирди Kyrgyztoday сайтынын башкы редактору Бегалы Наргозуев.

Анын айтымында, Илимдер Академиясынын адиси өзүнүн корутундусун чыгарган:

“Биз ал адисти Келдибековдун, ага тарткан жеке адиси деп  эсептейбиз. Анткени, бул адам Келдибековдун “Азия Ньюс” гезитине каршы соттошкондо дагы жүргөн. Ошол корутунду ал адистин жападан жалгыз корутундусу эмес экенин баса белгилегим келет. Буга чейин сотто экспертизанын корутундулары жазылган кагаздарда алгач Kyrgyztoday сайты көрсөтүлүп, анан кайсыл бир жоопкерчилиги чектелген коомдун аты аталган. Биздин баамымызда бул туура эмес толтурулган ушундай корутундунун шаблону болчу. Ошол кагаз боюнча даттанганыбызда, Келдибековдун юристтери ошол эле адис тарабынан даярдалган башка корутундуну даярдашкан. 2014-жылы Атамбаевдин маалында, биз тескерисинче Келдибековду коргоп келгенбиз. Азыр болсо, биз аны менен соттошуп жатабыз. Биз азыр токтоп калбайбыз, керек болсо Жогорку Сотко чейин барууга даярбыз”, – деп билдирди басылманын жетекчиси.

Комментарий

Ушул сыяктуу иштерди (КР ЖК 18-ст. – ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо) карап жатып сот өзүнүн токтому менен лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү тууралуу чечимин чыгарышы мүмкүн. Ошол эле учурда бул экспертизанын башка далилдерден эч бир артыкчылыгы болбойт, алдын ала аныкталган кайсы бир чечүүчү күчкөө ээ болбойт. Эксперттик чечим талданат, салыштырылат жана башка далилдерди эске алуу менен ага баа берилет.

Эксперттин чечими сот үчүн сөзсүз эле эске алынуучу жагдай болуп эсептелбейт, бирок сот бул чечим менен макул эмес болсо, аны негиздеп бериши керек.

Сөз болуп жаткан учурда саясатчы макала аны жемкорлукта күнөөлөйт деп эсептейт. Анын КР Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык кылмыштар боюнча статьясы менен айыпталганынын өзү эле аны каралоо болуп эсептелет, мындайда биз аны «жемкорлук», «кызматтык абалын кыянаттык түрдөө колдонуу» же «кызматтык будамайлоо» деп атайбызбы, баары бир, бул нерсе билип туруп жасалат, ал кайсы бирөөнө зыян алып келет. Анын соттолгону жабылгандыгына байланыштуу ал тууралуу өткөн чакта жазуу керек.

 

05.09.2019

“Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редактору: “Рыспаевдин доо арызынын кесепетинен улам 6 журналист ишсиз калышы мүмкүн”

5-сентябрда Бишкек шаардык соту “Ачык саясат плюс” гезитинин иши боюнча чыгарылган биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Эскерте кетсек, Октябрь райондук соту депутат Кожобек Рыспаевдин пайдасына гезиттен 300 миң сомдук доо өндүрүлсүн деген чечим чыгарган.

Доо арыздын берилишинин себеби, 2018-жылдын Баш Оона (август) айында гезит депутат бир партиядан экинчи партияга өтүп жүргөндүгүн айтып, депутатты “Хамелеон” деп атагандыгы себеп болгон.

Баса, ЖКнын депутаты алгач башында доо арызында моралдык чыгымдын ордун жабуу катары 300 миң сомду талап кылган. Бирок бир аздан соң бул сумманы бир миллион сомго чейин көтөрүп жиберген. Бирок сот анын алгачкы талабын гана канаттандырган.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыспай Кожобеков өз сөзүндө “Ачык саясат плюс” гезити менен маселени тынчтык жолу менен чечүүгө барбай тургандыгын билдирген.

«Биз бул чечим боюнча Жогору Сотко чейин арызданып барабыз. Айта кетейин, 300 миң сом биз үчүн чоң акча. Ошол үчүн биз каражат чогултуу максатында атайын ишчара өткөрөлү деп жатабыз. Азыр биздин үмүтүбүз бир гана биздин окурмандарда жана карапайым калкта. Эгерде ал каражатты биз чогулта албасак, анда гезитти жабууга аргазыс болобуз. Мына ошол жагдайда биздин гезиттин редакциясында эмгектенгендердин бардыгы ишсиз кылыш мүмкүн, тагыраагы 6 журналист”, – деп белгилей кетти басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова.

“Биз лингвистикалык экспертизага кайрылганыбызда,ал талашып жаткан билдирүү жөн гана анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу пикир деп көрсөткөн, аны кантип төгүндөйсүң. Эми эмне кыла алабыз, элдин ою ушундай болуп жатса. Элди андай ойлонгонго тыюу сала албайбыз да”, – деп билдирди басылманын жактоочусу Медиа өкүл Акмат Алагушев.

“Ал эми моралдык чыгымдын суммасы тууралу кеп кыла турган болсок, сот гезиттин бюджетин канча деп кызыгып сурап дагы койгон жок. 2,8 миң нуска менен чыккан гезит үчүн 300 миң сом өтө эле көп экенин эске дагы алган жок. Моралдык чыгымдын өлчөмү акылга сыйарлык болушу керек да ” деп билдирди юрист.

Белгилей кетүүчү жагдай “Ачык саясат плюс” гезитине ушул жылы бир нече доо арыз берилген. Алардын бири боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектер жана медтехникалар менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакирова басылмадан 500 миң талап кылган. Журналисттер соттон, кайсыл сөз Шакировага моралдык зыян алып келгенин билүү максатында лингвистикалык эскпертиза жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Сот экспертиза чыгарууга макулдугун берди.

Ошондой эле прокуратура кызматкери Кубан Шатенов дагы Биринчи май райондук сотко доо арызы менен кайрылып, сот сыртынан басылмадан 50 миң сомдук доону өндүрүү чечимин чыгарган. Гезит ал чечимдин үстүнөн арызданып шаардык сотко кайрылган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Ч
үй жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

КР ЖК депутаты К.Дж.Рыспаевдин дооарызы боюнча КР Жогорку Сотуна кассациялык арыз даярдалды. Ал эми Г.А.Шакированын доо арызы тууралуу сөз кыла турган болсок, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бул иш карала башталды. Доогер «Шакирова өрдөгүн учурса, өлбөгөн төрт шыйрагың калат экен» деген аталыштагы макаладагы маалыматтар чындыкка жатпай тургандыгын жана аны каралаган маалыматтар экендигин аныктап берүүсүн суранган.

26.09.2019

“Талас Турмушу” гезитинин редакциясына жана гезиттин башкы редакторуна карата соттук иш кайра жандандырылды

2019-жылдын 10-сентябрында Талас шаардык соту областтык “Талас Турмушу” гезитинин редакциясына жана гезиттин башкы редактору Козубек Иманкуловго карата соттук ишти кайра жандандыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, доогер Кенжалы Орозалиев “Талас Турмушу” гезитинин редакциясынан 300 миң сом, Козубек Иманкуловдон 300 миң сом моралдык, 35 миң 874 сом материалдык чыгым, 2 миң сом карыз акчасын өндүрүү жана кечирим суроо жолу менен “Талас Турмушу”, “Эркин Тоо”, “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз Туусу” гезиттерине чындыкты чагылдырган макаланы жарыялоону милдеттендирүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган болчу. Бирок 2019-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 215-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Талас шаардык соту бул жарандык ишти жүргүзүүнү убактылуу токтотуп койгон болчу. Буга доогер К.Орозалиевдин 2019-жылдын 1-январында каза болгону себеп болгон.

Соттук аныктамада КР ЖПКнын 220-беренелерине ылайык, сот ишин жүргүзүү аны токтото турууга алып келген жагдайлар четтетилгенден кийин ишке катышкан жактардын арызы боюнча же соттун демилгеси менен кайра башталат деп баяндалган.

Талас шаардык сот А.Турусбеков билдиргендей, жарандык иш токтотулган күндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин 6 айдан ашык убакыт өткөндүктөн, жарандык ишти жандандырууну туура деп эсептейт.

Соттук иш жандандырылгандан кийинки биринчи соттук отурум качан болоору азырынча белгисиз.

Журналист Козубек Иманкуловдун билдирүүсүндө, доогердин сотко кайрылышына 1998-2000-жылдардагы анын жана учурда көзү өтүп кеткен журналист Батыркул Боромбаевдин макалалары себепчи болгон. Кенжалы Орозалиевге карата облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгондугу тууралуу материалдарды чагылдырууда ката кетип, анын кадыр беделине шек келтирилгендиги тууралуу Талас шаардык жана Талас областтык сотунун чечимдери чыккан. Журналисттерге мунапыс колдонулуп, К.Иманкулов менен Б.Боромбаев мамлекетке 5 миң сомдон айып төлөп, гезит бетинде К.Орозалиевден кечирим сурашкан.

“Андан кийин Кеенжалы Орозалиевдин дарегине карата эч кандай материалдар жарыяланган эмес. Кенжалы Орозалиев андан кийин моралдык зыян тууралуу чоң суммадагы доо коём деп, редакцияга өз кызыкчылыгын көздөгөн материалдарды жарыялоо боюнча опузолоо менен бир нече ирет аракет жасаган. Ал аракеттери ишке ашпаган соң сотко жогорудагы доо арыздары менен кайрылган”, – дейт К.Иманкулов.

Козубек Иманкулов,
“Журналисттер” КБнын Талас областы боюнча
өкүлү

Комментарий

Бул иш доогер К.Орозалиевдин өлүмүнө байланыштуу ЖПКнын 215-статьясына жараша убактылуу токтотулган. Ушуга окшош иштер боюнча укук мураскорлугу каралгандыктан сот белгилүү бир мөөнөттөн кийин (мураскерлик укукту алуу мөөнөтү болуп эсептелген алтый айдан кийин) бул ишти кайрадан жандандырган. Жарандык кодекстин 18-статьясынын 1-пунктуна, 50-статьясынын 3-пунктуна, 1120-статьясынын 3-пунктуна жараша кызыкдар тараптын талабы боюнча жаран өлгөн күндө да анын ар-намысы, кадыр-баркы жана ишкердик бедели сотто корголушу мүмкүн.

КР Жарандык кодексинин 1120-статьясынын 2-пунктунун 5-подпункту боюнча мүлктүк укуктарга байланышпаган инсандык мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер мурастын курамына кирбейт.

Ушундан соң доогердин өлүмүнө жараша КР ЖПКнын 221-статьясынын 7-пункту боюнча (эгерде иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жаран жекече ишкер өлгөндөн кийин укуктук талаш мамилелер укукту мурастоого жол бербесе) ушуга окшош иштердин сотто каралышы токтотулушу керек.

Ошол эле кезде мыйзам боюнча мураскер мурас берүүчүнүн кызыкчылыгында гана ага таандык болгон мүлктүк укуктарга байланышпаган инсандык мүлктүк эмес укуктарын жана башка мүлктүк эмес ээликтерин коргой алат.

Бул мураскерге өлгөн инсандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо, таркатылган маалымат чындыкка жатпаганын жана бул маалыматтар маркумдун ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине доо кетиргенин таануу максатында доо арыз менен сотко кайрылууга укук берет, бирок бул учурда доогер маалыматты төгүндөөнү гана талап кыла алалат.

 

30.09.2019

Жогорку сот үч саясатчынын “Апрель” телеканалы менен мурдагы президентке карата доо арыздары боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды

Жогорку сот 30-сентябрда Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” телеканалына караштуу доо арыздары боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтыргандыгын “24.kg” маалымат агенттиги билдирди.

Жогорку Сот ушунусу менен мурдагы президенттин жана телеканалдын жактоочуларынын аппеляциялык арызын канааттандырбай койду. Эскерте кетсек, 2018-жылдын 10-декабрында А. Атамбаев “Апрель” телеканалына интервью берген. Доогерлер ал интервьюда мурдагы президент алардын кадыр-баркына шек келтирген деп эсептешет. Доо арыз КРнын Жарандык кодексинин “Жарандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин ошондой эле юридикалык жактын ишкердик абийирин коргоо” деген 18-беренесинин негизинде берилген. Ар бир саясатчы моралдык зыянды жабуу катары 6 млн сомдон (ар бир жоопкерден 3 млн сомдон) талап кылышкан. Жыйынтыгында бардыгы 18 млн сом болгон.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту ушул жылдын 28-февралында моралдык зыяндын ордун жабуу катары ар бир саясатчыга мурдагы президент А.Ш Атамбаевден 100 миң сомдон өндүрүлсүн деген чечимин чыгарган. Телеканалдан болсо чыгарылган маалыматты төгүндөө талап кылынган. Биринчи инстанциянын бул чечими саясатчыларды канааттандырган эмес. Ал эми Бишкек шаардык сотунда өткөн соттук отурумда доогерлердин талабы мурдагы бойдон калган. Ушул жылдын 2-майында шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин жарым-жартылай өзгөрткөн – А. Атамбаев менен журналисттер ар бир доогерге 100 миң сомдон төлөп, ЖМК 10 күн аралыгында ал маалыматты төгүндөшү керек болгон. Мындан бир ай мурда, б.а. 2-сентябрда Азимбек Бекназаров мурдагы президент А. Атамбаевге карата берилген доо арызын кайра кайтарып алаарын маалымдаган. Ошону менен бирге ал өз сөзүндө Келдибеков менен Дуйшебаев дагы баш тартып калуулары мүмкүн деген. Бирок, ал билдирүү “Апрель” телеканалына да канчалык деңгээлде тиешеси боло тургандыгы али белгисиз.

Белгилей кетүүчү жагдай, телеканалдын обого чыгуусу 7-августта, Кой-Таштагы окуядан кийин токтотулган. Андан эки күн өтпөй тергөө органдары келип, ЖМК жайгашкан “Медиа Форум” имаратын камакка алышкан. Учурда “Апрель” телеканалы өз ишмердүүлүгүн социалдык тармактарда: Facebook, Instagram жана YouТube-каналында жүргүзүп келет.

Комментарий

«Апрель» телеканалдарынын өкүлдөрү, «Институт медиа полиси» КФнын юристтеринин КР Жогорку Сотундагы позициясы өзгөрбөдү. Алардын пикиринде Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту калыс чечим чыгарган. Сот маалымат булагы менен маалымат таркатуучунун жоопкерчиликтерин туура аныктаган – А.Ш.Атамбаевден моралдык зыяндын жабылышы талап кылынган, ал эми ЖМК төгүндөө бериши керек болчу. Телеканал маалымат булактын интервьюсун болгонун болгондой кылып эфирден көрсөткөн, ал боюнча өз пикирин билдирген эмес. Аппеляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттордун чечимдеринин негиздүү эместиги – алар моралдык зыяндын өлчөмүн «көп ойлонуп отурбай эле» аныктап койгондорунда. Соттун бирөөсү да жоопкердин экономикалык абалы, киреше-чыгымдары тууралуу бир да документти сураган эмес.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ КАРАТА КҮНӨЛӨӨ

Журналисттерге жана алардын үйүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө жана ошондой эле ЖМКлар менен интернетбасылмалардын объектилерине кол салуу

29.09.2019

Ошто “Азаттык” радиосунун операторуна кол салуу болуп, каракталды

28-сентябрда Ош шаарында белгисиз 4 адам “Азаттык” радиосунун оператору Айбек Кулчумановдун видеоаппараттарын, телефонун жана автоунаасынын ачкычын күч колдонуп тартып алган. Айбек Кулчуманов журналисттик иликтөө материалы үчүн Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу шаарды тартып жүргөн.

А. Кулчуманов кесиптик милдетин аткарып жаткан учурда ага кол салуу жана карактоо болгону жөнүндө милицияга арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренесинин 4-бөлүгү – «Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү тоноочулук» деген негизде кылмыш ишин козгоду. «Азаттык» сайтындагы жарыяланган маалымат боюнча, каракталган жабдыктардын жалпы суммасы 1 580 100 (бир миллион беш жүз сексен миң бир жүз) сомду түзөт. Алар: видеокамера, штатив, телефон жана дрон учуруучу пульт, Кулчумановдун автоунаасынын ачкычы жана документтери.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ушул эле күнү Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну Н.Ж. да арыз менен кайрылган. Ал арызында өзү жашаган үйдүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербей видеотасмага тартып, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип жатканын айтып, жеке менчик ээсинин макулдугусуз видеого тарткандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган. О.э. арыз ээсинин жакындары тарабынан тартылып алынган видеоаппаратура акт түзүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ош милициясына кечки саат 20:24тө дагы бир арыз түшкөн. Ошол эле Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн тургуну А. уулу О. короодо турган учурда учуп жүрүүчү дрон башына кулап түшкөнүн, анын натыйжасында денесине залал келгенин, дронду түшүрүп жиберген жарандарга чара көрүүнү суранган.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы катталган арыздар боюнча тиешелүү ишчараларды жүргүзүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери иликтөө, териштирүү башталды», – деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.

Айбек Кулчуманов видеого тартып жаткан кезде белгисиз адам артынан сокку уруп, колун артка кайрып, видеоаппараттарын күч менен тартып алышкан. Учурда ал ден-соолугун дарыгерлерге текшертип жатат.

«Бел омурткаларым жана бөйрөк тушум ооруксунтуп турат. Дарыгерлер рентгенге түшүп келүүмү айтышты. Азыр текшертүүдө жүрөм. Абалым кечээкиден дурусураак болуп калды»,- деди Айбек Кулчуманов.

Ал эми башына дрон түшүп, жабыркаган жарандын абалын билүүгө азырынча мүмкүн болбоду.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош областындагы өкүлү

Комментарий

Сотко чейин териштирүү жүргүзгөн органдар «Азаттыктын» кызматкерине кол салган белгисиз адамдардын аракеттерин КР Кылмыш-жаза кодексинин 362-статьясына («Адамды кандайдыр бир аракеттерди жасоого, же болбосо кандайдыр бир аракеттерди жасабоого мажбурлоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу») которуп коюшу ыктымал. Бул аракеттер башкаруу эрежелерине каршы кылмыш деп бааланат жана аны негизинен кылып жаткандарын жакшы аңдабагандар жасашат. Жабыр тарткандын денесине келтирилген залаканын оордугуна жараша кол салгандарга катураак жоопкеричилик каралышы мүмкүн. Тараптардын билдирүүлөрүнө жана бул ишке байланыштуу башка материалдарга таянып ушундай тыянак чыгарса болот. Мисалы, колдогу материалдардан кол салгандарда тоноо максаты болгон эместиги көрүнүп турат.

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.