Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Атамдын эскерүүлөрү

Ушул эстелик насыятымды уул-кыздарыма жана неберлериме арнаймын.

Алгы   сөз

Эмнеден баштаарымды билбей турамын. Мен ушул кыскача жана анчейин мааниге ээ болбогон өмүр баянымды жазбайт элем.  Бирок колума калем алууга  азыркы жаш муундардын кулк-мүнөзү, көз карашы, окууга жана  эмгекке болгон мамилеси, ата-эне, мамлекет, үй-бүлөө, ага-ини, дос-жар, тууган-урук алдындагы жоопкерсиздиги, адамкерчилиги, улуу-кичүүнүн, коомдун алдындагы милдеттердин жалпы эле жашоо турмуш түшүнүктөрүнүн тайкы болуп баратканы  себеп болуп олтурат. Анын үстүнө  өзүмдүн басып өткөн өмүр жолум менен азыркы турмушту салыштырып, жашоо, турмуш жөнүндөгү ой- бүтүмдөрдү ортого салгым келди.

Мен жазуучу, акын же сүрөтчү болбогондуктан баардык окуяларды ойдогудай чагылдырып, уйкаштырып, сүрөттөй албасам керек. Бул китепти колуна кармап турган окурман автордун катардагы жөнөкөй эле мугалимдигин эске алып, бир аз чоркоктугу болсо кечирээр деген максаттамын.

Биздин муунду карт тарых — согуш балдары деп атады. Ооба согуш балдары көргөн күндөр азыркыларга жомок сезилсе керек. Кудай согушту көргүлүк кылбасын, анын оопаттары, жүрөккө салган жаракаты чоң ата болгонума карабай али күнгө дейре айыкпай келет.

Канчалаган  тагдырлар турмуш тегирменине туруштук бере албай  анын ажывазында  жанчылды, канчалаганынын кулагынан али энесинин кошок үнү кете элек.

Мен бала болуп, балалык доорду сүрө албадым. Курсагым тоюп нан, канаатым канып кант  жебедим. Атанын мээримине тойбодум, насыятын укпадым. Согуштан кийинки  ачарчылык, жетишпестиктен күлгүн  жигит доору да кедейлик кемесинен кол булгады.

Эми балдарым үй- жайлуу болуп, неберелерим  эрезеге жетип калган мезгилде кайра оор күнгө туш болуудан корком.

Азыркы  жаштар кийими бүтүн, карды ток, каалаган нерсеси бар. Ошого карабай алар окууга салкын, эмгекке кош-көңүл мамиле кылышат. Эл-журт, ата-эне, урук-тууган, коом, үй-бүлө алдындагы жоопкерчиликти сезишпейт окшойт. Уят-сыйыт, абийир, сыймык, каада- салт деген нерселерге көңүл бурбай, жада калса айрым майда-барат иштерге да жөндөмсүздүк кылышканы  уятты тебелеп, тарбия — тартипти бузууда. Азыр муну түшүнгөн ата уулу калды бекен?

Баштан өткөндүн баарын, кишилердин аттары, өңү, үнү- түсүнө чейин эстеп калуу жаш өткөн сайын кыйынга түшөт окшойт, ошентсе да аракет кылдым.  Айткан сөзүм текке кетпес деп  колума калем ушадым, ниетимди  Жараткан кабыл кылсын!

Кайсы  бир аалым бул турмушту театр, анда жашап жаткан адамдарды актерлор дептир. Балким чындыр. Антпесе жашоо үчүн болгон күрөш, кандуу кагылышуулар, согуштар, саясий тирешүүлөр, мамалекеттик төңкөрүштөр, дипломатиялык мамилелер негизсиз болуп калмак. Ошондуктан «мөөрөй» тирүүлүктө  жакшы  образын жаратып кеткендики. Себеби   Улуу автор  сценарийинде   оң жана терс образдарды сүрөттөө менен аны тандоо мүмкүнчүлүгүн адамдын өзүнө берсе керек.

Толугу менен

Окшош посттор