Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Жаңы жылдын башталышы кубантпайт

Жаңы жылдын башталышы кубантпайт

Жаңы жылды дайыма жакшы тилектер менен тособуз. Жок дегенде, өтүп жаткан жылдан бир аз жакшырак болсо экен деп. Бирок жаңы жылдын  башталышы эле бул үмүтүбүздү өчүргөндөй болду.

Алгач, Жаңы жылды тосуу кубанычыбыз тарай элегинде эле Айзада Абазова бул дүйнөдөн өтүп кетти деген суук кабар жетти. 2-январда!!! Авариядан. Кичи мекени Токтогулга шашып бара жаткан экен.

Айзаданы жакындан тааныйт элем деп айта албайм. Бир кезде “Кыргыз рухун”, андан кийин “Пресс.KG” гезитин жетектеп турган кезинде ишке байланыштуу гана кезигип турбасак. Бирок сен билген, бул дүйнөгө бере турганы, айта турганы дагы көп сезилген адамдын (быйыл араң гана 40ка чыкмак) бир заматта жок болуп калышы, кабырганы кайыштырат экен. Кыргыз журналистикасында эч кимге бербес өз орду да бар болчу. Гезиттин башкы редакторлугун (болгондо да 2 жолу) жөн адам аркалай албайт.

Айла жок. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Көрбөй калган жакшылыктары, жылдары аркасында калган балдарына ыйгарылсын.

Бул жоготуудан эс учту жыя электе, журналисттерге байланыштуу дагы бир кырсык болуп кетти. КТРКнын маалыматына, ишенсек 7-ноябрда алардын 2 кабарчысын сабап кетишиптир. Болгондо да аялзаты журналисттерди.

Кырсык атагы чыккан “Ата Түрк” паркынын жанындагы хан сарайлар жакта болуптур. Алардын ээлерине мурдагы президентибиздин да алы жетпеген эле. Өзүлөрүн, каалаган нерсесин кыла алган, бул дүйнөнүн ээси катары көрүшөт окшойт. Эгер бул жолу да милиция кызматкерлери журналисттерге кол салган адамды “таба албай” калышса, же ал сотубуздун “жардамы менен” тийиштүү жазадан кутулуп кете турган болсо, анда бийликтин журналисттик кесиптин ээлерин урматтайбыз деген сөздөрү бир тыйынга да арзыбайт, журналисттер өз коопсуздугу тууралуу өзүлөрү гана ойлонушу керек болот. Бул, Журналист, сен жалгызсың деген эле нерсе. Анда журналисттерден эч нерсе талап кылбагыла.

Марат Токоев

Окшош посттор