Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Кызыктуу жана пайдалуу

Психологиялык чарчоодон кантип сактанса болот? (карточка)

Психологиялык чарчоодон кантип сактанса болот? (карточка)

Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялардан улам күндө жаңылык жазып, орчундуу окуялар жөнүндө материал жасаган журналисттер психологиялык жактан катуу чарчашууда.

Бил ирет маалыматтык агымды азайтуунун жолдорун, оор эмоционалдык абалдан кантип чыгуу керектигин кенен айтып беребиз.

Маалыматтык агымды азайтуу зарыл

Белгилүү орус медиа адиси Александр Амзин, биринчи кезекте маалыматтык агымды азайтуу зарыл деп эсептейт жана ага жетүүнүн төмөнкү жолдорун сунуштайт: 

  • Баардык маалымат булактарына ишене бербеңиз. Өзүңүздүн маалыматтык коргонууңузду бекемдөө үчүн атайын бир сааттай убакыт бөлүп, медиа уюм, телеграм-канал, блогдордордун баарына импичмент жарыялап, ачык-айкын иштеген, маалыматтык саясаты күмөн жаратпаган сапаттуу бир булакты тандаңыз;
  • Акырындык менен маалымат булактарды кеңейтиңиз. Журналист бир гана маалымат булагына ишенүү менен иштей албайт. Аларды тандоодо кесиптештериңиз менен акылдашкыла.  Окурмандардын акчасы менен иштеген басылмаларга ыктап, мамлекет каржылаган ЖМКларга таянгандан алыс болуу керек. Ошондой эле куралдуу кагылышууларды, аскердик аракеттерди колдобой тынчтык үчүн жан үрөгөн медиалардын маалыматын колдонуңуз;
  • Маалымат булактар канчалык көп болсо, ошончолук туура эмес кабарларга туш болуу тобокелчилиги жогорулайт. Ошондуктан сапаттуу, ишеничтүү эки-үч гана  булакты колдонсо болот;
  • Түрдүү конфликттер болуп жаткан маалда жаңылыктар маалымат алуунун гана жолу болушу керек. Эгер ошол жаңылыктарга эмоция кошулуп кетсе, аны жалган маалымат деп таанууга толук мүмкүн. Ошондой эле журналисттердин маалыматтарында согуштук чакырыктар байкалса, ал маалымат булагынан да оолак болгон жакшы;
  • Мамлекеттик органдар менен байланышы бар ЖМКлардын маалыматтарын абайлап колдонгон оң. Анткени согуштук аракеттер жүрүп жатканда бийликке ыктаган жалпыга маалымдоо каражаттары так эмес материалдарды жасап үгүт, пропаганда менен алектенип калат;
  • Социалдык тармак, мессенджерлер ишеничтүү булак эмес. Себеби ал жакта троллдор, жалган маалыматтар арбын. Алар өзгөчө куралдуу кагылышуу маалында күч алышат.

Башына

Психологиялык чарчоодон оолак болуунун жолдору

  • Эмоционалдык жактан оор темаларды иш күндүн соңуна калтырбагыла; 
  • Редакциялык тапшырманы аткаруу оор болуп калса, өзүңүзгө жаккан иш менен алаксыңыз. Мисалы, таза абага сейилдегиле, ары-бери кыймылдап спорттук көнүгүүлөрдү жасаңыз; 
  • Жакындарыңыз менен видео байланышуу аркылуу сүйлөшүңүз;
  • Иш маалында жасап жаткан материалыңыз психологиялык жактан оор болуп жатса, аны кесиптештериңиз менен талкуулап чечүү жолдорун издеңиз. Анткени ал учурда автор социалдык колдоого өтө муктаж болуп калат; 
  • Күндө ызы-чуу, жаңжал, башаламандык тууралуу маалыматтарды жазган журналисттер бири-бирин ар тараптан колдоп туруусу ашыкча болбойт. Жумушта кесиптештериңиз менен көп сүйлөшүңүз;
  • Адамды психологиялык чарчоого, стресске, кайгырууга дуушар кылган материал жасап жатып өзүңүздү жаман сезсеңиз абалга карап ыйлап койсоңуз болот. Себеби журналист деле адам, робот эмес. Ичте баарын сактап жүрүү ден соолукка пайда алып келбейт;
  • Айланада, жумушта болуп жаткан оор процесстер билинбегени менен адамды катуу чарчатат, психикалык жактан жабыркатат. Бара-бара адам уйкудан калып, сиркеси суу көтөрбөй, урунарга тоо, урушарга жооп таппай калышы мүмкүн;
  • Жасаган материалдарыңыздын аркасында психологиялык жактан катуу чарчаганда арыз-арманыңызды ата-энеңизге же жолдошуңузга айтпай психологго кайрылыңыз;
  • Жаралган маселени чечүүдө спирт ичимдиктеринен алыс болуңуз. Себеби алкоголь чыңалууну жолго сала албайт жана жабыркаган психиканы калыбына келтирбейт. Тескерисинче оорлотот;
  • Эгер жумушта психологиялык жактан аябай чарчап турсаңыз сөзсүз эс алганыңыз оң. Өзүңүздү кыйнап күчкө салып иштей берүү жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан эмгек өргүү алып кичине жумуштан оолак боло туруңуз;
  • Тажрыйбасы мол кесиптешиңиз менен акылдашып, маекешүү да ашыкча болбойт. Сыр сактай алчу кесиптешиңиз менен сырдашып, бугуңузду чыгарып алганыңыз жакшы. Ал маалда жалгыз жүрүп калгандан алыс болуңуз.

Башына

Психологиялык көнүгүүлөр

  • Өз алдыңызча күндөлүк колдонуп жума ичинде тынчыңызды алган, сизди уйгу-туйгу, кабатыр кылган учурларды күндөлүккө жазып айдын соңунда анализ кылыңыз. Мындай ыкма өзүңүздүн абалыңызды аңдап билүүгө жардам берет;
  • Өзүңүзгө жаккан нерселерди сүйлөшүп, сиз сүйүп жасаган иштерди жандантыңыз;
  • Жумушта жасаган материалдарыңыздын жанрын, форматын өзгөртүп башка темаларга кайрылыңыз;
  • Психиатрлардын кеңешине ылайык, стресске кабылган адам ар бир дене мүчөсүн эс алдырып, ыкчам иштетүүсу керек. Мисалы, акырындык менен организмди стресстен арылтуу үчүн булчуң, дене мүчөлөрдү эс алдыруу абзел. Бул учурда адамдын жакшы болуп кетем деген ички сезими, ишеничи күчтүү болушу керек;
  • Денедеги булчуң, мүчөлөрдү эс алдыруучу көнүгүүлөр ар бир 10-20 мүнөт сайын жасалганы жакшы. Мунун аркасы менен дене оор жүктөн арыла баштайт, өзүнө келет;
  • Адамдын тынчын алган түрдүү кооптонуу, тынчсыздануудан арылыш үчүн адам жакшы нерселерге ниеттенип көңүлү каалаган жерди, абалды визуализация кылса жакшы. Мисалы, мемиреген тынчтыкта океан жээгинде эс алууну көөдөнү каалап турса, тынч, салкын жерге жеңил кийинип отуруп алып, өзүн ошол жерде отургандай элестетүүсү керек. Ага түрдүү жыттар, үндөр жардамчы болушу мүмкүн. Андай шартты адам өзүнө-өзү түзүп жакшы нерселерди гана ойлошу керек;
  • Адам тынсызданып, өзүн жеңил алып жүрбөсө жүрөктүн согуусу, кан басымы жогорулап, кан мээге, булчуңдарды көздөй талпынып стресстин гормондорун чыгарат. Ошол үчүн адам  өзүнө ылайыктуу отуруп же жатып алып дем алуу көнүгүүлөрүн кылса болот. Ал үчүн бир колун курсагына, экинчисин көкүрөгүнө коюп алып, акырын ооз менен дем чыгарып, мурун менен дем алганы жакшы. Ошол маалда инсандын төшү эмес, курсагы көтөрүлүп түшүп турушу керек;
  • Адам өзүн оор сезип кыйналып жүргөн учурунда медитация да жакшы жардам берет. Медитация кылуу үчүн зарыл болгон көнүгүүлөрдү мобилдик тиркемелерде, интернет булактарда https://www.youtube.com/watch?v=zjfVcdbltAU  арбын тапса болот; 
  • Кыйын кезеңде йога да жакшы жардамчы болуп бере алат. Анда жасай турчу көнүүгүлөр толтура. Мисалы, дем алуунун йогасы. Өзүңүзгө ылайыктуу отуруп алып, бир манжа менен мурундун бир таноосун жаап, экинчиси менен беш секунд шашпай дем алып. Кайра манжа менен  мурундун экинчи таноосу менен шашпай дем алганда өз жардамын берет. Муну бир нече жолу кайталоо зарыл;
  • Ак халатчандар адамдын стресстен арылуусу үчүн ароматерапияны да сунушташат. Анткени жагымдуу жыттар, эфир майлары адамдын тынчсыздануусун кетирип, маанайды турукташтырат;
  • Адисттер ошондой эле мээни эс алдырып жаратылышка чыгып, музейге барып, жок дегенде, жакынкы калктуу конушка, паркка, токойго саякаттап барганды сунуштайт. Себеби ал жактан кан басымын төмөндөтүп, жүрөктүн согушун басаңдатат.

Башына

Психологдордун контактылары

​​Нуржан Алымканова, +996 555 068 833;

Айгүл Аликанова, +996 558 461 010;

Айгүл Ысыкеева, +996 550 260 71;

Сейил Калдыбаева, +996 707 918;

Нуриза Батырбекова, +996 708 488 884;

Асель Сүйүнбаева, +996 557 250 752;

Ильдар Акбутин, +996 700 975 417;

Аида Парпиева, +996 550 476 312;

Самат Алканов, +996 779 433 420;

Узара Мамытова, +996 771 333 227, 0709 730 039.

Башына

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор