Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Кызыктуу жана пайдалуу

2.ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТАРЫХЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ

Телевидениенин иштөөсү кадрдын элементтерин чачып, удаалаш жеткирүү принцибине негизделген жана ал көп жылдарда калыптанган. Төмөндө Телевидениенин калыптануусунун кээ бир  этаптарына көз чаптырып көрөлү:

  • 1873- жылы Уилл Смит селендеги фотоэффектти ачкан.
  • 1880 – жылы  П.И. Бахметьев– тартымды аралыкка алдын ала элементтерге бөлүп, жеткен соң кайра чогултуу — Телевидениенин чыйырын салган  схеманы сунуш кылды.
  • Андан  көп өтпөй эле Паул Нипков  1884-жылы сканирлөөчү дискти ойлоп тапты (бул табылга 1930-жылдарга чейин механикалык Телевидениеде  колдонулуп келген).
  • 1888-1889- жылдары  профессор А.Г. Столетов жарык энергиясын электр энергиясына айлантуунун принципиалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачты.
  • 1907- жылы Б.Л. Розинг азырга чейин телевизорлордо иштеп жаткан –В.Крукс жана Ф.Браун ойлоп тапкан катод-электрондук нур трубкасын электр сигналдарынын тартымдын чагылуусу үчүн колдонуу принцибин патенттеди.
  • Б.Л. Розинг  электрондук Телевидениенин негиздөөчүсү болуп эсептелгени менен, иш жүзүндө кыймылдап жаткан объектини аралыкка жеткирүүнү биринчи жолу  1928-жылдын  26-июлунда  советтик окумуштуулар Ташкенттеги лабараторияда ишке ашырышкан.  Ошого катарлаш эле  АКШда да орус эмигранттары В.Зворыкин менен Д.Сарновтор электрондук Телевидениенин үстүндө  зор иштерди жүргүзүшкөн.
  • 1925- жылы Дж.Бэрд (Великобританияда), Ч. Дженкинс (АКШда),  Л.С.Термен (СССРде) П. Нипковдун дискине негизделген  системаны сунушташкан.
  • Дүйнөдөгү биринчи түстүү Телевидениенин негизин А. Полуэктовдун, А. Адамяндын, Ф. Фарнсуорттун, К. Свинтондун, Л. Бэрддин эмгектери түздү.
  • Дүйнөдөгү биринчи телевизиондук сеанс 1928-жылы Германияда өтүп, биринчи көрсөтүүлөр 1935-жылы чыга башталды.
  • 1936-жылдан 1939-жылга чейин  BBCинин регулярдуу көрсөтүүлөрү чыгып турган. АКШнын Телевидение тарыхы 1939-жылдан башталат.
  • 1931-жылдын 30-апрелинде  Москвада биринчи тажрыйбалык  Телевидение чыккан, ал эми ошол эле жылдын  1-октябрынан баштап орто толкундагы үндүү көрсөтүүлөр регулярдуу көрсөтүлүп турган. Ал кездеги телевизорлорду радио ышкыбоздор өз  колу менен менен жасашчу.
  • Экранынын диагоналы 18 см. болгон телевизорлордун массалык чыгарылуусу  1950-жылдан башталган (“КВН-49″, Кенигсон, Варшавский, Николаевский аттуу конструкторлордун фамилияларынын баш тамгалары).
  • 1950-жылы дүйнөнүн үч эле  мамлекетинин  — СССР, АКШ, Англиянын Телевидениеси бар эле. 1960-жылга Телевидение Европанын  20 мамлекетинде иштей баштады.  80-жылдардын башында  ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Телевидение дүйнөнүн  137 өлкөсүндө пайда болду.
  • Өткөн кылымдын 50-жылдарында  СССРде  телевизиондук кабелдик линиялар, ал эми 60-жылдары сигналды эфир аркылуу таратуу үчүн  радиорелейлик тармактар  түзүлө баштады. Ага катарлаш  спутник технологиялары да иштелип жаткан.
  • Ошол эле жылдары АКШнын “Ампекс” фирмасы үндү жана тартымды ферромагнит тасмасына жазуу аппаратурасын жана технологиясын (азыркы ВМЗ) сунуш кылган.

 

КЫРГЫЗ ТЕЛЕВИДЕНИЕСИНИН ТЕХНИКАЛЫК-АППАРАТТЫК КАЛЫПТАНУУ ЭТАПТАРЫ 

  • 1957-жылдын ноябрь айында Фрунзе шаарына Алма-Ата телестудиясынын программаларын алып көрсөтүүчү телевизиондук ретранслятор коюлган. Ал ошол мезгилдеги Кыргызстанда орнотулган биринчи жана бир гана ретранслятор болучу.
  • 1958-жылы декабрь айында Фрунзедеги телеборбордун курулушу толук аяктаган. Анын аякташы менен сыноо иретиндеги кыска кабар 5-декабрда эфирге чыгарылган. Ал он минутага да жеткен эмес.
  • 1959-жылы январь айында телевизиондук аппаратуралардын настройкалары ар тараптан сыноолору толук аяктап, Фрунзе Телевидениесинин туруктуу көрсөтүүлөрү, башкача айтканда, өздөрү даярдап жасаганы көрсөтүүлөрү эфирге чыгарылган. Ошол эле учурда Москвадан Борбордук Телевидениенин программасы кабелдик жана радиорелейдик ствол аркылуу Фрунзе телеборборуна берилип турган.
  • 1960-жылы 28-октябрда Кыргыз ССР Министрлер Советинин 570-токтомунун негизинде Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана теле көрсөтүү комитетинин сунушу эске алынып, мурда чарбалык бирдик катары эсептелип келген Фрунзе телестудиясынын ишмердүүлүгү Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиоуктуруу жана теле көрсөтүү комитетине бириктирилген.
  • 1964-жылы Фрунзе студиясынын теле программаларынын суткалык жалпы көлөмү алты саатты түзгөн. Анын эки саат он сегиз минутасын студиянын коллективи даярдашкан.
  • 1964-1970-жылдар аралыгында ПТС-3, ПТС-ЗУ телевизиондук көчмө станциялары пайдаланууга берилген.
  • 1967-жылы Фрунзедеги “Орбита” космостук байланыш станциясы аркылуу Борбордук телестудиянын экинчи программасы бүткүл республикага таркатылган.
  • 1969-жылы Республикалык радиотеле борбору (РРТЦ) техникалык жактан студияны жабдуу мүмкүнчүлүгү бар өз алдынча уюм катары катталган.
  • 1971-жылы Новгороддун “Волна” өндүрүштүк бирикмесинин инженер-техникалык адистеринин катышуусу менен жергиликтүү инженер-адистер Э. Жантелиев, К. Соловьев “КАДР-Г видеомагнитофонунан экөөнү монтаждап, пайдаланууга киргизген.
  • 1973-жылы 20-ноябрда “Большая Москва” жаңы студиялык жабдуусу иштеген.
  • 1974-жылы Фрунзедеги “Орбита” космостук байланыш системасы аркылуу түстүү Телевидениенин программасы Борбордук студиядан алынып көрсөтүлө баштайт.
  • 1975-жылы Фрунзеде түстүү Телевидениенин аппараттык-студия комплексинин курулушу башталган.
  • 1975-жылдын май айында “КАДР-3″ видеомагнитофонунун эки комплекси ишке киргизилген.
  • 1976-жылы республиканын бардык областтарынын борбору телепрограммаларды үч каналда кабылдоо мүмкүнчүлүгүн алышты. Анын бир каналы түстүү программаны тарткан.
  • 1976-жылы май айында түстүү телевизиондук “ЛОТОС” көчмө станциясы ишке киргизилип, АСКда автономиялуу же өз алдынча иштей ала турган телекинопроекциялык АТКП-ЦТ жаңы аппаратурасы коюлган.
  • 1978-жылы октябрь айында түстүү видеомагнитофону бар эки камералуу ПТВС-2ЦТ көчмө телевизиондук станция иштей баштайт.
  • 1980-жылы ноябрда Фрунзе студиясы “Экран” системасындагы телепрограммага коштурулуп, аны камсыздай турган биринчи телеретранслятор ишке киришкен.
  • 1980-жылы август айында телестудияга “МАГНОЛИЯ-80″ түстүү ПТСи келип, ал адегенде стационардык режимде ишке киргизилди.
  • 1982-жылы Кыргыз Телевидениесүнүн тарыхында биринчи жолу “ПЕРСПЕКтива” АСБ-5ЦТ аппараттык түстүү студия телеборборго орноштурулуп иштей баштаган.
  • 1985-жылы “КАДР-3 ПМ” видеомагнитофону, электрондук монтаждоо пульту ПТВС-2ЦТ “ЭТЮД” видеозапись цехине орнотулуп, аны менен иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
  • 1987-жылы телерадионун көчмө станцияларынын үлгүсү болуп саналган үч “МАГНОЛИЯ-83А” ПТСи пайдаланууга берилип, алар Кыргыз ТВсынын көчмө техникасынын негизи болуп көп жыл иштетти.
  • 1995-жылы Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен СССРдин Мамлекеттик пландоо комитетинен бөлүнгөн каражатка жапондук эки «Betakam»  видеокамерасы сатып алынган.
  • 1995-жылы республикалык радиотелеборбордо ТЖК цехи ачылып, «Betakam», «Betakam SP» видеокамералары менен тартылган телесюжеттер кыргыз телепрограммасынын 70 процентин камсыздоого жетишкен.
  • 1996-жылы декабрь айында Бишкектеги аппараттык-студия комплекси ишке киргизилип, жаңы студияда телепрограмманы үзгүлтүксүз көрсөтүү башталган.
  • 1998-жылы 1-январда Кыргыз Телевидениесүнүн суткалык программасынын көлөмү он жети саатка жеткен.

Өткөн кылымдын аягында телевизиондук технология алда канча алдыга кетти, өндүрүш дээрлик санариптик, оптик-волокондук системага кадам шилтеп, көп каналдуу таратуулар иштеле баштады.

Мыктыбек Арстанбек

Окшош посттор