Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости организации

Урматтуу кесиптештер, 3-май – Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү менен!

Урматтуу кесиптештер, 3-май – Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү менен!

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Урматтуу кеисптештер, 3-май – Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү менен!

Сөз эркиндиги адам баласына керектүү жана маанилүү. Бүткүл дүйнө жүзү менен биргеликте Кыргызстан дагы 3-май – Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүн бегилеп келет. 1993-жылы Бириккен Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы 3-май – Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү катары белгиленсин деген резолюция кабыл алган.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюумунун 2020-жылдагы жүргүзгөн иликтөөсүнүн натыйжасында, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 82-орунга чыккан. Бул, албетте, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2-3 тепкичке көтөрүлүп жатат. Анткени, бизде Кыргызстанда акыркы 2-3 жылда “Журналисттик иликтөө”, “Дата журналистика” атту жанрлар өнүгө баштады. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок, ошого карабстан, өлкөнүн өзундө дагы сөз эркиндиги боюнча ойлондура турган маселелер бар. Мисалга айта кетсек, өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгындагы болуп өткөн октябрь окуясы. Октябрдагы элдин толкуп нааразычылыкка чыгышынын жыйынтыгындагы ЖМКга, журналисттерге карата аянттагы белгисиз тараптар тарабынан туздөн түз ишке тоскоолдук жараткандарын жана интернет аркылуу коркутууларын кеп кылуу орундуу. Ошону менен бирге дагы бир маселе – бул журналисттердин маалыматка жетүудөгү кыйынчылыктарын кошо белгилеп кетүү керек. Айрым элдик чогулуштарда, митингдерде журналисттерди киргизбей же, алардын суроолоруна жооп бербей койгон учурлар кездешет.

Орто Азия мамлекеттер арасында, албетте, Кыргызстан алдыңкы саптарда турат. Бул көрсөткүч боюнча коңшу мамлекеттер үчүн биздин мамлекет өрнөк катары келе жатат. Бул кубандыраарлык жагдай.

Андыктан, бул багытта бардык Кыргызстандагы жалпы жарандарды жана кесиптештерди “Журналисттер” КБ бүгүнкү 3-май басма сөз эркиндигинин күнү менен куттуктайт. Бар болуңүздар! Ишиңерди ийгиликтер коштосун! Сөз эркиндиги – элибиздин эң чоң баалуулугу жана сыймыгы катары кала берсин!

Урматтоо менен “Журналисттер” КБ

Похожие записи