Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Жалал-Абаддагы гезиттин жетекчисин кодулап, иштен кетирүүгө аракеттер болууда

Жалал-Абаддагы гезиттин жетекчисин кодулап, иштен кетирүүгө аракеттер болууда

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Жалал-Абаддагы “Жалал-Абад үнү” шаардык гезиттин редактору Мейманбү Акжолова, аны кодулап, иштен кетирүүгө аракеттер болуп жаткандыгын “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Ош шаарындагы координаторуна билдирди.

“Вице-мэр Гүлзат Алимбаева баш болгон мэриянын бир катар атка минерлерине  шаардын жашоосу боюнча сын материалдар жакпай калды. Алгач мени кесиптик кошундар бирлигинин жыйналышынын аркасында иштен кетирүүгө аракет болду. Бул туурасында гезитибиздин 2012-жылдын 21-майындагы 10-санына толук жазганбыз”,-деди ал.

Гезиттин жетекчиси билдиргендей, аны иштен кетирүүнү каалагандардын биринчи кадамы ийгиликсиз болуп калган. Бирок, кезектеги эмгек өргүүсүнө арыз жазып, мэрге кол койдуруп, Ош шаарына кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча окууга кеткенден эки күндөн кийин аны кайра чакыртышкан. Бул боюнча шаар мэри Бакыт Адыловдун маалыматы болгон эмес.

“Кетээрден мурда Жалал-Абад мэриясынын аппарат жетекчиси Кочкоралы Калыбековдун мэрге жазган кызматтык катын көрсөтүштү. Катта ал киши шаар башчысынан мэриянын аппараты тарабынан материал газетага чыгар алдында материалдарды редакциялоо зарылдыгын, цензурага санкция берүүнү талап кылган”,-деди М.Акжолова.

Башкы редактор аппарат жетекчиси К.Калыбеков мэрди бул кызматтык каты менен Кыргыз Республикасынын сөз эркиндигине кепилдик берген бир нече мыйзам актыларын бузууга мажбур кылууга аракет жасап жаткандыгын айтты.

Ошону менен катар эле гезиттин жамааты аппараттын мэриясы менен кызматташып, редакциянын ишин жакшыртуу үчүн сунуш-пикирлерди угууга даяр. А бирок, материалдардын цензурага кабылышына макул эмес.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Ош шаарындагы юристи бул маселе боюнча комментарийинде «Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде  “ Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарына цензура жасалбашы керек. Журналисттен билдирүүлөрдү жана материалдарды алдын ала макулдашууну талап кылууга, ошондой эле материалдын же билдирүүнүн текстин өзгөртүүнү же басма сөздөн (ободон) толугу менен алып салууну талап кылууга эч ким укуксуз. Коомчулуктун кызыкчылыгын көздөгөн, атуулдардын укугуна тиешелүү болуп, аны коргой турган маанайдагы маалыматтарды журналисттердин алуусуна чек коюлбайт”,-деп көрсөтүлгөндүгүн  айтты.

Ошону менен катар эле ушул мыйзамдын 13-беренесине ылайык, мамлекеттик органдын кызматкерлери журналисттерге басым кылып, цензура жасап, кесиптик ишине кийлигишкени үчүн жоопкер болоору  айтылган.

Бул жагдайдагы фактыларды эске алсак, журналистти сын материалдар үчүн куугунтуктоо жана анын кесиптик ишмердүүлүгүнө киришүүгө жогоруда  аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык жол берилбейт.

Похожие записи