Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Социалдык желеге “түшүп калган” маалыматтык сайттар

Социалдык желеге “түшүп калган” маалыматтык сайттар

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Европа журналистика обсерваториясы” 2016-жылы социалдык тармактардын маалыматтын жана жаңылыктардын булагына айланып калганын жазган. Буга далил катары америкалык Пью изилдөө борбору менен Найт фондунун жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыя кылган. Ага ылайык, фейсбукту жана твиттерди колдонгон америкалыктардын 63%ы ал платформаларды жаңылыктын булагы катары көрөрүн айтышкан.

Мындай тенденция бир гана АКШ менен гана чектелип калган жок. Орусиялык сайттарга мониторинг жүргүзүп, рейтингди аныктаган liveinternet.ru ресурсунда 7000 маалымат жагында иштеген сайт бар. 2016-жылдын 3 айынын жыйынтыгын алганда ВКонтакте аркылуу башка сайттарга киргендер жалпы окурмандардын 47,1%ын, Facebook аркылуу киргендер 37,7%ын түзгөн.

 

Кыргыз онлайн медиасы да соцтармакка таянып калды

Ал эми Кыргызстанда 2020-жылы Фейсбук колдонуучуларынын саны 30%га көбөйүп, 790 миң адамга жетти. Инстаграмдагылар да 29%га өсүп, 2,7 миллионго жетти. Жада калса, Кыргызстанда анчейин жайылбаган LinkedIn платформасынын колдонуучулары 140 миңди түзгөн. Дүйнөнү кучагына алган бул тенденция Кыргызстанды да четте калтырган жок. Ошол себептүү Онлайн медианы өнүктүрүү боюнча  кеңешчи, медиатренер Валентина Галичтин көз карашында, маалымат сайттарынын “эшиги” социалдык тармак аркылуу болуп калганына таң калуунун кереги жок.

“Элдин басымдуусу кайсы жакта болсо, ЖМКлар жана онлайн медиа да ошол тарапка бет алып жатат. Мисалга алып карайлы, Инстаграм жаңы технология болгону үчүн эле жайылып кеткен жок. Анын артыкчылыгы жаңы муундун сүрөттөрдү кабыл алуусуна, ага болгон мамилесине ылайыкташкандыгында. Мурда адамдар эстелик үчүн сүрөткө түшкөн болсо, азыркы учурда өзүн, өзү жөнүндөгү маалыматты дүйнөгө жарыя кылгысы келет. Ошол себептүү адамдар көп убактысын ошол жакта өткөрөт. Онлайн медиа, ЖМКлар үчүн Инстаграм платформасы эмес, ал жакта отургандардын көп болуп жатканы кызыктуу. Анткени алар негизги трафикти ошол жактан алып келип жатышат”, – дейт В.Галич.

 

Сайттар үчүн мүмкүнчүлүк да, кооптонуу да бар

Бул тенденциянын өнүгүшү менен онлайн медиалар социалдык тармактан көз каранды болуп калды дегенди четке каккандар да бар. Анткени элдин басымдуусу “онлайн” отурганы менен соцтармактагы билдирүүлөргө, жаңылыктарга толук ишенет деп айтууга болбойт. Кыргыз коомчулугунда медиасабаттуулук маселеси эми гана козголуп, маалыматты иргеп, талдап, туура булактан алуу керектигин түшүнгөндөрдүн саны көбөйө баштады. Журналист Акылбек Орозматовдун ою боюнча, ушул багыттан алганда сайттарды социалдык тармактардын таасири алдында калып калды деп айтууга болбойт. Анткени бир жаңылыкты фейсбуктан же башка платформадан окуган адам анын чын-төгүнүн сайттарга кирип текшерет. Бул тенденциянын мындан ары дагы да кеңири жайыларын эске алып, ошого жараша өзгөрүүлөргө баруу кажет.

“Сайттын окурмандарынын саны акыркы кезде көбөйүп жатат. Алар Facebook аркылуубу же LinkedIn менен келип жатабы, анын айырмасы жок. Негизгиси, маалыматтык сайттарга кирип жатат. Социалдык желелер өнүккөнгө чейин азыркы сандагы окурман жок болчу. Ошондуктан бул тенденция сайттарга кошумча трафик алып жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Алар Кыргызстандын аймагындагы интернеттин жакшырышы менен дагы да көбөйөт”, – деген ойдо А.Орозматов.

Социалдык желелер сайттар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт деген менен кооптонууну туудурган жагдайлар да жок эмес. Анткени социалдык желелердин колдонуучулары көп болгону менен ар бир тармакты башкарган өзүнүн ээлери бар. Алсак, Twitter буга чейин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчасын жаап койгон. Медиа эксперт Валентина Галич муну улай Facebook Австралиянын маалыматтык багыттагы баракчалардын бир учурда жаап салганын да баса белгиледи. Цукербергдин компаниясынын мындай чечимине Австралия өкмөтүнүн “ЖМКлардын контентин колдонгону үчүн интернет платформалары акы төлөшү керек” деген демилгеси себеп болгон.

“Дагы бир мисал, Russia Beyond орусиялык басылманын да Фейсбуктагы баракчасы көп жолу ар кандай себептер менен жабылып калган. Акыркы жолкусунда Фейсбуктун алгоритми аны австралиялык басылма катары санап, жаңылыштык менен “блок кылган”. Мындай көрүнүштөр социалдык тармакка аябай көз каранды болуп калган медиалар үчүн терс таасир берет. Анын артынан аудитория азайып, жарнамадан түшкөн кирешелердин көлөмү да түшө баштайт. Ошентип медиа рыногунда жашап кетүү да кыйынга туруп калат”, – дейт В.Галич.

 

Медиа рынок баарын өзү иргеп коёт

Учурда кыргыз рыногундагы жарнаманын көбү ТВдан онлайн секторго “көчүп” келүүдө. Буга бир себеп – телекөрүүчүлөрдүн санариптешкен жакка агылышы болсо, экинчиден, так көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтар. Анткен менен бул “чоң устуканды” бөлүшө турган да көп платформалар, сайттар ачылган, дагы ачылып жатат. Жарнаманын же капиталдын көбүрөөк бөлүгүн өзүнө имерүү үчүн сайттардын аудиториясы же социалдык тармактагы катталуучулары көп болушу керек. Бул багыттан алганда сайттардын креативдүүлүгү, өзгөчө контент чыгаруусу, окурмандарынын табитин таба билүүсү негизги зарылчылыкка айланып отурат. SMM-адиси Светлана Марголис да онлайн медианын социалдык тармакка кирип кеткенин туура көрөт. Бирок азыркы учурда уникалдуу контент жасоо, сайттын брендге айлануусу да маанилүү деген ойдо.

“Азыр адамдар жалкоо, сайттардын аталышын эстеп кала албайт. Ошол үчүн маалыматтык сайттар эл көп чогулган жерде болушу керек. Салыштырып карасак, шаардын борбордук бөлүгүндө эл көп болот. Ошол үчүн ал жердеги жарнамалар да көп көрүлөт. Өзүн жарнамалагысы келгендер ошол жакка көп басым жасайт. Интернет айдыңындагы кырдаал да ушул сыяктуу эле. Алдыда кандай өзгөрүүлөр болгону менен кызыктуу контент жасоо дайым зарыл бойдон кала берет. Өзүнүн аудиториясы менен тыгыз алака түзүп, жаңы технологияларды колдонуу сунушталат”, – дейт С.Марголис.

Марголис айткандай, классикалык эрежелер деп саналган SEO-оптимизация, сайттагы баннер жана социалдык тармакка жарыялоо унутта калбашы керек.

Социалдык тармактарды активдүү колдонгону менен журналистиканын нормаларын сактабай, контент иштеп чыгууда чабал болуп жаткан сайттар да жок эмес. Алардын ишмердиги социалдык тармактагы белгилүү инсандын жазган посту же сүрөтү менен гана бөлүшүп, аны болушунча ар кайсы тармакка таратып, аудиториясын күч менен кеңейтүү аракетинде болгондор бар. Журналист Акылбек Орозматов бул азыркы учурду “фаст фудга” окшоштурат.

“Мурда гезит ташыган курьерлер азыр SMM-адистигине айланышы керек. Азыр медиа сахна SMM-адистерде. Кайсы басылма бул жаатта мыкты кызматкер алган болсо, анын утушу болот. Анан дагы азыркы талап журналисттерге кантип контент жасоону үйрөтүү эле эмес, аны “таңгактоого” да көндүрүү. Анткени керексиз медиа продуктулардан арылуунун мезгили келди. Азыркы учурда интернет колдонуучулары үчүн тандай ала турганчалык көп контент бар. Миллениалдар мууну деп аталган 1985-2004-жылдар аралыгында туулгандар үчүн ылайыктап контент даярдоо керек. Эгер сен өзгөчөлөнө албасаң, жаңы ыкмаларды колдонуу менен интерактивдүү продукт бере албасаң, сайт катары жашап кетүүң кыйын”, – дейт А.Орозматов.

Сайттар учурда өзүнүн социалдык тармактагы активдүүлүгүнө жараша ал жактан белгилүү бир деңгээлде аудитория чогултуп келүүдө. Бирок муну менен социалдык желелер жок сайттардын күнү бүтөт деп айтууга да болбойт. Анткени маалыматка, дүйнөдөгү болуп жаткан окуялардан кабардар болуп туруу муктаждыгы дайым боло берет. Бирок сайттар өз аудиториясын так аныктап, ошого жараша контент чыгаруу, брендге айлануунун үстүнөн иштөөсү керек. Анткени социалдык тармактан шилтемени кокустан көрүп калып сайтка баш бага турган эмес, маалымат алуу үчүн браузер аркылуу сайтка кире турган аудиторияны пайда кылуу да онлайн медиалары үчүн алдыга коюлган чоң миссия болуусу керек.

Түмөнбай Абдинаби уулу

Похожие записи