Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Медиадагы тенденциялар жана улуттук кызыкчылык

Медиадагы тенденциялар жана улуттук кызыкчылык

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

(Улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясатчылар жана уюмдар үчүн полиси-бриф)

Биз өтө кызыктуу, бир эсе өтө опурталдуу, бир эсе тагдыр чечер мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган доордо жашап жатабыз. Биздин көз алдыбызда дүйнө өзгөрүп, анын ичинде кыргыз эли мурда-кийин башынан өткөрбөгөн сыноолорго туш болууда. Алардын өзөгүндө маалымат алмашуунун өзгөчөлүктөрү, маалымат таратуунун табияты жатат.

Маалыматтын табияты өтө кызык. Маалымат – эки тарап өз ара алмашканда экөөндө тең эки эсе көбөйө турган бирден-бир товар. Маалымат – адамдын жүрүм-турумун өзгөртө ала турган өтө чоң таасир, демек кайсы гана болбосун идеологиянын бирден-бир куралы. Маалымат – чечим кабыл алыш үчүн өтө зарыл жагдай.

 

ЖМКнын кыскача тарыхы

Заманбап маалымат каражаттарынын башында басма сөз, башкача айтканда газета турат. Кызык жери, газета итальян тилинде газетта – бир тыйын дегенди билдирчү экен. Башында Италияда чыгып бир тыйынга сатылган бул майда басылмаларга жергиликтүү жаңылыктар чыга баштаган. Аты менен заты көрсөтүп тургандай, тыйынга сатылган жаңылыктар тизмеги акыркы кылымдарда маалымат каражаттарын бир эсе бизнестин элементи, бир эсе жаңылыктардын авангарды катары калыптандырып, кош мааниге ээ кылып келди. Радио жана телекөрсөтүү чыкканга чейин басма сөздүн бизнеске жакындыгы аны окурманды тартууга, ошол эле учурда акча табууга, ошол эле учурда коомдогу ар кандай агымдарга жагууга мажбур кылып, бир эле учурда бизнестин да, идеологиянын да элементине айландырып жүрүп отурду.

Радио жана телекөрсөтүү пайда болгон соң журналистикага болгон талап көбөйбөсө азайган жок, бирок техникалык жактан алда канча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган бул каражаттар ХХ кылымда биринчи иретте идеологиянын өтө чоң ресурсуна айланды. Фашисттик жана советтик телекөрсөтүү ошол учурда дүйнөнү эки жаатка бөлгөн алгачкы медиа каражаттары болуп калды. Чоң техникалык ресурсту жана инфратүзүмдү талап кылган бул каражаттар адегенде мамлекеттердин колунда болду. Андыктан акча табууга телеканалдар кийин ыңгайлашты, бизнестин элементи катары өз ролун бир аз кечирээк өздөштүрдү. Бул доорду журналистиканын экинчи техникалык баскычы деп атасак туура болгудай.

 

Үчүнчү баскыч жана өзгөргөн дүйнө

Интернет, айрыкча социалдык тармактар пайда болгондон бери журналистиканын табияты кыйла өзгөрдү. Биринчиден, маалымат берүүнүн тездиги салттуу медиа каражаттарына сокку урду. Кайсы бир жаңылыкты гезиттер басып чыгаргыча, телеканалдар менен радиоканалдар жаңылык кылып даярдагыча кадимки адамдар миңдеген аудиторияга жеткирип, таасир этип коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Адам баласы күндө келип түшкөн маалыматтардан туура жыйынтык чыгармак түгүл анын баарын аң-сезимдүү түрдө кабыл алганга жетишпей калды. Журналистиканын үчүнчү техникалык баскычы деп атаса болчудай бул доор буга чейин болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдү алып келди. Ошондон улам профессор Капица акыркы жылдары тарыхый мезгил болуп көрбөгөндөй кысылганын айтканы бар.

Ушунун өзү кыйла чыгымдарды жана түйшүктү талап кылган гезиттердин позициясын алсыратып, телеканалдар менен радиоканалдардын көбүн онлайнга өткөрүп, бизнестин элементи катары маалымат каражаттарынын ролун экинчи планга калтырды.

Мунун мисалын дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы басылмалардын тагдырынан байкаса болот. Кезегинде 30-40 миң нуска менен чыгып жүргөн гезиттер азыр 3 миң нускадан ашпай турат. Бир топтору банкрот болду. Ушу тапта чанда эле бир киши гезит окубаса, көпчүлүк эл маалыматты телефондон алып калган кези. Улам кийинки муун онлайн каражаттарды эртерээк өздөштүрүп баратканын эске алганда, бул тенденция күчөгөнү турат.

Бул доордун экинчи өзгөчөлүгү – чындык менен жалгандын ортосундагы чекти ажыратууда абдан чоң кыйынчылык жаратып, сөзүнө жооп бербеген фейктер менен троллдордун армиясын пайда кылды. Маалымат катары тарап жаткан сөздүн кадыры кетти, этикалык көп нормалар иштебей калды, полемика жүргүзүүнүн, жүйө келтирүүнүн жалпы маданияты болуп көрбөгөндөй төмөндөдү.

Маалымат каражаттарындагы үчүнчү баскычтын дагы бир өзгөчөлүгү – социалдык тармактар бир эсе арзан, бир эсе жеткиликтүү каражат катары саясий күчтөр тарабынан өтө жигердүү колдонула баштады. Алыс барбай эле өзүбүздөгү мисалды келтирсек, жаңыдан шайланган президент Садыр Жапаров өз маектеринин биринде түрмөдө отурганда социалдык тармактарды абдан кеңири пайдаланганын айтканы бар. Эске сала кетсек, акыркы президенттик шайлоого жалпы жарандардын 40% жетпеген бөлүгү катышты. Калгандарында саясий апатия, эч кимге ишенбестик, кайдыгерлик үстөмдүк кылган деп болжосок болот. Албетте, анын утушунда башка да көптөгөн жагдайлар чоң роль ойногонун тана албайбыз, бирок социалдык тармактардын ролу канчалык жогорулаганын ушундан деле билсе болчудай.

 

Эгемен Кыргызстандын ЖМКларындагы үч доор

Эгемен Кыргызстандын тарыхында маалымат каражаттары жогоруда айтылган тенденцияларды эске алуу менен үч этапты баштан кечирди. Адегенде мамлекеттик маалымат каражаттары менен саналуу оппозициячыл гезиттер, кийин телеканалдар атаандашты. Бийлик-оппозиция болуп жаатташкан бул мезгил айрыкча Аскар Акаевдин бийлигине тиешелүү болду. Кийин маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүгү кеңейген сайын ар бир аздыр-көптүр салмактуу саясатчы өз маалымат каражатын пайдалана баштады. Үчүнчү этапта алар да экинчи планга сүрүлүп, эми бир жагынан социалдык тармактар, экинчи жагынан негизинен бизнестин эмес, идеологиянын жана саясий күрөштүн куралы болгон ири маалымат каражаттары алдыңкы планга чыкты.

 

Үч сырткы күч

Ушу тапта Кыргызстанда жергиликтүү саясатчылардын утурумдук кызыкчылыгын эске албаганда, туруктуулугу жагынан негизинен үч чоң идеологиялык күч үстөмдүк кылып келатат. Аларды шарттуу түрдө орусчул, батышчыл жана исламчыл деп бөлсө болот. Үчөөнүн тең тарыхый тамыры Кыргызстанда эмес, сыртта. Үчөөнүн маалымат каражаттары жана күчтүү жактары ар башка.

Атап айтканда, орусчул маалымат каражаттары негизинен Орусиядан эле таасир этип, кыргыз эли орус тилин билгенинен пайдаланып дүйнө жана Кыргызстан тууралуу маалыматтарды өз кызыкчылыгынан улам таратууда. Кыргызстандын өзүндө кыргыз тилинде саясат жүргүзө баштаган орусиялык маалымат каражаты «Спутник» тез арада чоң аудиторияга ээ болуп, тамырын жайып келатат.

Тилдеги жалпылык жана маалымат саясаты – бул Орусиянын биринчи чоң таасири. Экинчи чоң таасири – мигранттарга карата саясат. 10 миң мигрантты депортация кылса Кыргызстанда туруктуулук солк дей түшөт. Үчүнчү чоң таасири – күйүүчү-майлоочу май. Анын баасы экономикада кумулятивдик мүнөзгө ээ. Бензин 1 сомго кымбаттаса анын аркасы менен ташыла турган товарлар 20-30 сомго кымбаттайт. Мунун баары Кыргызстандын эгемендиги үчүн чоң коркунуч. Анткени ушу тапта Орусияга кошулуп кеткиси келгенин ачык билдирген саясий күчтөр да, жарандар да көп экенин акыркы окуялар көрсөттү.

Батышчыл, анын ичинде либералдык идеология жайылткысы келгендердин сап башында «Азаттык» турат. Альтернативалуу маалымат булагы катары анын тамыры совет мезгилинде эле жайыла баштаган. Кийин кыргыз тилиндеги ресурс болгондуктан, жергиликтүү саясатчыларга каржылык жактан көз каранды болбогондуктан жана маалымат саясатын кыйла сапаттуу жүргүзгөндүктөн элдин ишеничине ээ болду. Башында ал советтик республикалардын өз алдынчалыкка умтулушуна кызмат кылган. Ошондуктан совет мезгилинде ал эгемендикке умтулган кыргыз улутчулдарынын кызыкчылыгына туура келди. СССР урап, мурдагы советтик республикалар өз алдынчалыкка ээ болгондон тартып «Азаттык», ВВС жана башка маалымат каражаттары адам укуктарына байланышкан баалуулуктарды жайылтуу максатын койду. Бирок адам укуктарынын философиясы менен мамлекеттин кызыкчылыгы – экөө эки башка нерсе. Иштеген өлкөсүндөгү улуттук кызыкчылыкты көздөө – алардын милдети эмес. Ал тургай адам укуктарынын фундаменталдуу теориясы менен мамлекеттик кызыкчылыктар объективдүү түрдө бири-бирине карама-каршы келген учурлар көп кездешет.

Бул жагынан Батыш өлкөлөрүнүн маалымат саясатынан үйрөнө турган жагдай – ички жана тышкы максаттуу аудитория бири-биринен так айырмаланып турат. Айталык, жогоруда сөз болгон медиа каражаттарынан АКШнын тышкы саясатын ачык талдоого арналган «Stratfor» сыяктуу аналитикалык басылмаларга чыккан мыкты материалдарды таба албайсыз.

Үчүнчү чоң күч – ислам дүйнөсү. Анын анча көрүнүктүү туруктуу маалымат каражаттары жок, бирок бетме-бет түздөн-түз контакт, ар кандай жамааттар, аларда айтылган сөздөр, даават, жума баяндар руханий жактан таяныч издеген адамдарга чоң таасир этип, бир топторунун аң-сезимин ээлеп алды. Улуттук кызыкчылыктардан диний кызыкчылыктарды жогору койгон адамдар, топтор, акыр аягы саясий күчтөр пайда болду. Муфтийдин орун басары катышкан жыйындагы сөздөр, диний баалуулуктарга негизделген партиялардын түзүлүшү бул тенденция коркунучтуу деңгээлге жеткенин көрсөтүп турат.

Башкача айтканда кыргыз эли негизинен дүйнөнү да, өзүн да ушул үч чоң күчтүн көзү менен карап келатат.

 

Кыргыздын өз көзү, кулагы, оозу калыптана элек

Ушунун баарынын фонунда бир чоң маселе көзгө даана урунат. Ал – улуттук кызыкчылыкты туруктуу көздөгөн маалымат каражаттарынын жоктугу. 30 жылдан бери Кыргызстандын саясий күчтөрү жана интеллигенциясы андай маалымат каражаттарын түзө албай койду. Анын айынан Кыргызстандын эли тышкы күчтөрдүн таасиринде калып келатат. Тышкы күчтөр экенин тыштан каржыланганы жана ошол жактын саясатын жүргүзгөнү көрсөтүп турат. Улуттук кызыкчылыкты такай кеп кылып, ошонун тегерегинде элдин назарын бурган маалымат каражаттары калыптанмайынча улуттук идеология да, мамлекетти сактай турган туруктуу улутчул, мекенчил күчтөр да пайда болбойт.

«Мамлекеттик маалымат каражаттарычы?» дешиңер мүмкүн. КТРК, ЭлТР жана башка маалымат каражаттары канчалык реформалоо аракеттери болгонуна карабастан, бийлик башындагы адамдардын гана кызыкчылыгын коргоп келатат. Ал эми бийлик башындагы адамдардын кызыкчылыгы – мамлекеттин кызыкчылыгы эмес. Тилекке каршы, ага караманча каршы турган учурлар өтө эле көп кездешет.

 

Улуттук кызыкчылык жана жарандык коом тууралуу кыргыз кыртышындагы түшүнүк

Улут деген сөз кыргыз тилине совет мезгилинде этнос деген түшүнүктү туюндуруп кирген жана ошондой түшүнүктү туруктуу калыптандырган. Ошол эле учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул сөз мамлекеттин жалпы элин түшүндүргөн (мисалы Америка улуту). Мамлекеттик деген сөздү улуттук деп атаган тенденция пайда болгон. Ошондуктан Кыргызстан эгемендик алган соң президентке караштуу түзүмдөрдүн баарына улуттук деген статус ыйгарып, түшүнүктөрдүн өзүндө кыйла башаламандык пайда болду.

Кыргызстандын элинин көпчүлүгү жана өлкөнүн тарыхын, азыркы тагдырын аныктап жаткан эл – кыргыз эли. Дүйнө жүзүндөгү негизги моделдердин тажрыйбасына таянсак, азчылык көпчүлүккө ыңгайлашканда гана ошол мамлекетте туруктуулук болот. Демек, Кыргызстанда кыргыз тили, кыргыз маданияты, кыргыз баалуулуктары жана кыргыз элинин кызыкчылыктары качан болбосун үстөмдүк кылышы керек.

Кыргыз эли негизин, өзөгүн түзгөн Кыргызстандын эли анын жарандарынан турат.

Демек, улуттук кызыкчылык – бул жалаң эле руханий же маданий кызыкчылык эмес. Ага чек арадан тартып кендердин тагдырына чейин, экологиядан баштап элдин саламаттыгына чейин, коопсуздуктан тартып идеологияга чейин, билим берүүдөн тартып экспорт менен импорттун айырмасына чейин өтө кеңири алкактагы кызыкчылыктар тобу кирет. Кыргыздын улуттук кызыкчылыгы – кеңири маанисинде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы.

Чыныгы жаран – бул Батышта айтылгандай мамлекетке салык төлөп, кызматын көргөн эле адам эмес, ошол мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн курмандыктарга барууга, ал мамлекеттин кызыкчылыгын өзүнүн жеке, диний, союздаштык жана башка кызыкчылыктарынан жогору коюуга аң-сезимдүү түрдө макул болуп, милдеттенме алган жаран (төмөндө карагыла: “Тараза ташындагы тандоо”). Ошондой жарандардан түзүлгөн мамлекет гана бекем болот. Ошондой жарандардын коомун гана сөздүн толук маанисинде жарандык коом деп айта алабыз. Андыктан азыр жарандык коомдун атынан сүйлөп жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын бир топтору – башка жактан каржыланып, ошол жактын күн тартибиндеги маселелерди биринчи планга чыгарып жаткандыктан нагыз жарандык коомго эч кандай тиешеси жок, тармактык согуштун (сетевая война) гана элементтери. Кыргызстанда биз айткан маанидеги жарандык коом калыптана элек. Ал үчүн да улуттук идеология керек.

 

Улуттук кызыкчылыкты көздөгөн медианын зарылдыгы

Жогоруда айтылгандардан улам, биз түшүнгөндөй улуттук кызыкчылыктардын тегерегинде иш жүргүзүп, маалымат таратып, талкууларды уюштуруп, элдин көңүлүн улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгына бура ала турган медиа ачуу жана иштетүү зарылчылыгы бышып жетилди.

Ал үчүн жогоруда кеп болгон ЖМКларды жаап, жоюп, куугунтуктап, сындап ж. б. эч кандай кереги жок. Тескерисинче, баары салыштырууда билинет. Аларга идеясы жана жүргүзгөн саясаты менен эле өтө күчтүү альтернатива түзө ала турган маалымат каражаты зарыл.

Бул үчүн туруктуу иштеген жана каржыланган сайт ачып, ичин тиешелүү контент менен толтура баштасак жетиштүү. Кийин эгерде мүмкүнчүлүк көбөйө баштаса ага адегенде телестудия, андан соң радиону кошсок болот.

Бул медианын милдети – коомдо болуп жаткан окуяларды, тенденцияларды, көрүнүштөрдү жана процесстерди улуттук кызыкчылыктын көз карашынан чагылдыруу, талдоо, элге жеткирүү. Биз ар бир окуяны жана көрүнүштү «бул кыргыз элине жана кыргыз мамлекетине канчалык пайдалуу же зыяндуу» деген өңүттөн чагылдырып, аудиториянын көңүлүн ошого бурушубуз керек. Саясатчыларга, алардын кылган иштерине, кабыл алган чечимдерине жана сүйлөгөн сөздөрүнө да ошол өңүттөн баа берүү зарыл. Улутка, мамлекетке эмнеси пайда, эмнеси зыян экенин көрсөтүп, бир эсе маалыматтык, бир эсе агартуучулук миссия аткарууга тийиш. Демек, анын тематикасы өтө кеңири болот.

Бул ЖМКнын өзгөчөлүктөрү:

1) Автордук укукту сактоонун, полемика жүргүзүүнүн, сындоонун бийик маданиятын көрсөтүүгө тийиш. Эч кимдин жеке керт башына асылууга, шылдың кылууга жол берилбейт.

2) Жеке адамдарга эмес, идеяга берилген ЖМК болушу керек. Сындасак улутка, мамлекетке тийгизген зыянын гана сындайбыз, колдосок улутка, мамлекетке тийгизген пайдасын гана колдойбуз. Эч кимди сокур ээрчибейбиз. Бир эле адамдын улутка, мамлекетке тийгизген пайдасын пайда, зыянын зыян катары талдайбыз.

3) Журналистиканын негизги принциптерин бузбайт, фактыларды бурмалабайт, жүйө келтирүүнүн, иликтөөнүн, фактыларды текшерүүнүн, салыштыруунун жана талдоонун мыкты үлгүлөрүн көрсөтөт.

4) Маселенин таржымалына эмес, аны улуттук кызыкчылыктын пайдасына чечүүнүн жолдоруна басым жасайт.

5) Улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды көздөгөн адамдарды элге таанытып, чыныгы саясий элита түзүүгө салым кошот.

Бул ЖМКга:

1) Арты булганбаган, ЖМКны өзүнүн утурумдук саясий кызыкчылыгына эмес, улуттун кызыкчылыктарына иштетүүгө даяр турган адамдардан келген туруктуу каржылоо булагы керек. Улуттук баалуулуктарды бетке кармаган жегичтерден, саткындардан, идеясы бизге туура келбеген адамдардан каражат ала албайбыз. (Төмөндө карагыла: “Эл дегендер жана эл жегендер”). Бул өтө катуу принцип.

2) Улуттук кызыкчылыкты негиз туткан, кесипкөй, ар тараптуу журналисттер командасы керек. Андай адамдар жогоруда айтылган «үч сырткы күчтүн» катарында деле көп, болгону акчалай кызыкчылыктан улам өзү анча туура келбеген форматка макул болуп, иштеп жүрүшөт.

3) Өтө күчтүү СММ адистер керек. Анткени азыркы заман – жаза билгенден көрө тарата билгендердин заманы. Андай адистер кыйла кымбат турат, бирок каражат болсо тапса болот.

Эмне үчүн адегенде сайт керек?

Биринчиден, Интернет менен социалдык тармактардын таасири күчөп баратат.

Экинчиден, бул кыйла арзан жана азыраак штатты талап кылат.

Үчүнчүдөн, маалыматка реакция кылууда, материалдарды каалашынча батырууда кыйла ийкемдүү.

Төртүнчүдөн, кыйла эркин – ага иштегендер кайдан болбосун, дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун иштей берсе болот.

Бешинчиден, дүйнө жүзүндөгү кыргыздарга тарата алабыз.

Менин сунушум – ушул багытта иштейли, ушул идеяны талкуулайлы, ушул максатка жетүүнүн жолдорунун тегерегинде ой жүгүртөлү.

Жыргалбек Касаболот

Похожие записи