Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Азамат Тынаев: Өзгөчө кырдаалда журналисттер биринчи кезекте коопсуздугун ойлошу керек

Азамат Тынаев: Өзгөчө кырдаалда журналисттер биринчи кезекте коопсуздугун ойлошу керек

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

28-апрелден 3-майга чейин Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, эки тараптан тең жоготуулар болду. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстан тараптан 189 киши жарадар болуп, 36 жаран каза болду. Ал эми тажик бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, 20 киши набыт болгонун кабарлашууда.

Медиа-эксперт Азамат Тынаев менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын жергиликтүү ЖМКларда чагылдырылышы тууралуу маек курдук. Анда чыр-чатакты чагылдырууда Кыргызстандын ЖМКларынын артыкчылыктары, кемчиликтери, өзгөчө кырдаалдар учурунда журналисттердин коопсуздугу жөнүндө кеп болду.

— Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал журналисттерге дагы аны чагылдырууда кандайдыр бир деңгээлде таасир берди. Өзгөчө 29-апрелде атышуу болгон күнү Көк-Таш айылына барган журналисттер ары же бери кете албай орто жолдо калды. Негизи эле ушундай өзгөчө кырдаалда ЖМК өкүлдөрү эмнелерге көңүл буруш керек?

— Окуя башталган алгачкы сааттарда ошол жерде бир нече журналист бар болчу. Ок атышуу, жардыруу көбөйүп, кырдаал кескин түрдө өзгөрүп, өтө коркунучтуу болуп баштаганда, албетте, мындай шартта журналисттердин иштөөсүнө коркунуч болот. Медиа уюмдар дайыма «Ни один репортаж не стоит вашей жизни» деп айтабыз. Ар бир журналист ошол тобокелдиктин өлчөмүн туура билиши керек. Кайсы жерден түз эфирде иштей алат, сүрөт-видео тарта алат ошого жараша баа бериши кажет. Журналисттер өзүн актабаган тобокелдикке барбашы керек, биз аны эч качан колдобойбуз. Журналисттер өзүнүн коопсуздугуна көңүл бурушу керек, жеке коопсуздугунун эрежелерин билиши кажет. Бирок окуя болгон маалда буларды сактоо өтө татаал нерсе. Кандай болбосун журналисттердин эң биринчи эрежеси — өз өмүрүн тобоколго салбашы керек.

— Деги эле кыргыз-тажик чек арасында жаңжал башталган учурда мамлекеттик органдардан так, жеткиликтүү маалымат алуу кыйын болду. Окуядан кийин 1-2 күндөн кийин гана координациялык штаб түзүлүп, бардык ЖМКларга бирдей жеткиликтүү маалымат берүү жолго коюлгансыды. Ушундай кырдаалда «маалымат вакууму» болбошу үчүн эмне кылуу керек?

— Өзгөчө кырдаалда, түз аскердик кагылышуу, атуулар болуп жатканда, ошол аймактардан кетүү керек. Ошону менен бирге журналисттер дагы, калк дагы маалыматсыз калбашы маанилүү. Ушул этапта жоопкерчиликтин көбү күч түзүмдөрдө жана жергиликтүү аткаруу бийлигинде болот. Алар мындай учурларда тынбай, болгон, объективдүү, такталган маалыматты берип турушу керек. Маалымат жок болгон учурда журналисттер айласыздан божомолго көп ыктап, соцтармактагы фейк маалыматтарды берип калышы мүмкүн. Күч түзүмдөрүнүн мобилдик маалымат борборун же штабын түзүү көп каражаттарды деле талап кылбайт. Эң негизги шарты — үзгүлтүксүз байланыш болуп турушу зарыл.

Альтернативдүү байланыш каражаттары болушу керек, рация, же спутникалык телефондор. Айтор мындай нерселерде каражатты аябаш керек, анткени бул коопсуздук, маалымат маселеси. Бул негизи татаал нерсе. Эми муну «Ким камсыздашы керек?» деген суроо туулат. Менимче муну медиа уюмдар, же редакциялар өзүлөрү колго алышы керек деген туура эмес. Мындай маселелерди эки тарап [редакициялар менен медиа уюмдар] биригип чечкенде туура болот, күчүбүздү бириктиришибиз керек. Жалгыздап бул маселени чечүү кыйын.

— Бул куралдуу кагылышууну чагылдырууда Кыргызстандын ЖМКларынын артыкчылыгы эмнеде болду? Кемчилиги катары эмнелерди айта аласыз?

— Бул суроого интернеттеги тажик булактарынын берген баасы бар. Алар «кыргыз тарап маалымат жагынан утуп кетти» деп жатат. Алар ушундай баа берип жаткандан кийин мен тескери баа бере албайм. Ооба, көрүп, окуп жаттык. Кесиптештер ушул күндөрү өзүнүн милдетин жакшы аткарды, бирок мыкты деңгээлде деп айта албайм. Ушундай форс-мажордук абалда өтө эмоционалдуу окуяларды 100 пайыз принциптерге, нормаларга ылайык жасоо абдан оор. Бул Кыргызстандагы журналистика үчүн эле эмес, дүйнөлүк журналистикада дагы оор маселе. Келечекте талдай турган, оңдой турган нерселер дагы бар.

— Ал эми Тажикстандын маалымат каражаттарынын иштерин сырттан карап кандай бааладыңыз?

— Эми алардын иштөө сапатына мен терең баа бергенден карманайын. «Чек арасыз репортерлор» уюмунун жылдык рейтингине карасак, Тажикстандын рейтинги өтө төмөн. Быйыл, 2021-жылы, Кыргызстан 79-орунду ээлеп, позициясын үч баскычка жакшрытты, былтыр 82-орунда болчу. Тажикстан былтыр 161-орунда болсо, быйыл 162-орунду ээлеп, бир позиция ылдыйлаган. Бул көрсөткүчтөр эки өлкөнүн медиасынын ээлеген позицияларын абдан жакшы көрсөтүп турат. Тажикстанда медиа бийликтин басымы алдында турат. Көз карандысыз эркин ЖМКлары өтө эле аз. Көпчүлүк журналисттер мамлекеттин позициясына таянып иш жасайт. Маалыматтарын балким мамлекетке жага турган нукта берет. Терең анализ бербесек деле жөнөкөй нерселер менен тажик коллегаларыбыздын абалын сыпаттап койсок болот.

— Социалдык тармактарда чек арага байланышкан ар кандай пикирлер аябай көп айтылды. Айрымдары фейк болсо, айрымдары кастыкты козута турган маанайда болду. Буга пикириңиз кандай?

— Бул өтө татаал суроо. Кыргызстан 30 жылдан бери сөз эркиндигин карманып, учуру келгенде аны коргоп жүрөбүз. Социалдык тармак жалпы маалымат майданынын чоң бөлүгү. Кээде колго ала албаган, оңдой албаган кандайдыр бир жагдайлар пайда болот. Кыргыз тилдүү социалдык тармактын сегментинде көп терс көрүнүштөр бар – кастык тили, фейк маалыматтар, пропаганда. Бирок мындай терс көрүнүштөргө карап сөз эркиндигин чектебеш керек. Эгерде кайсы бир учурларда кастык тили, фейкньюс кандайдыр бир өлчөй ала турган, далилдей ала турган зыян алып келсе анда ошол маалыматты тараткан, жасаткандарга каршы жаза колдонсо болот. Биздин мыйзамдарда ошондой нормалар бар. Конституцияга каршы келген, эл аралык кастыкты козуткан кандайдыр бир чакырыктар — булар мыйзамсыз.

— Эл аралык коомчулуктун көңүлүн орчундуу окуяларга буруу үчүн англис тилиндеги маалыматтар маанилүү экени баарыбызга эле белгилүү болду окшойт. Бул жаатта Кыргызстандагы журналисттердин даярдыгы канчалык деңгээлде болду? Сиздин оюңуз кандай?

— Биринчи айта кетерим, мурун эле кыргыз маалымат булактары контентинин кайсы бир бөлүгүн анлисче жазып келген, мисалы, 24.kg, «АКИпресс», «Кабар». Абал башынан эле жаман эмес болчу. Жаңжал болгон күндөрү болсо англисче макалаларды «Марал» радиосунун сайтынан көрдүм, «Политклиникадан» көрдүм. Түркчө жана башка тилде чыга турган болсо мен таң калбайм. Дүйнөлүк ЖМКлардагы дисбалансты биздин кесиптештер байкап, жыйынтыгын өздөрү чыгарды — маалымат жетпей жатат, шартыбызга, күчүбүзгө карап англис жана башка тилдерде чыгарганга аракет кылалы деп абалды туура баалап, туура чара көрүштү. Азбы, көппү аны азыр талдап баа бергенге али эрте. Негизинен ушундай аракеттердин болгону мыкты көрүнүш.

Суроо узаткан Расул Мурат

Похожие записи