Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.
Бишкекте 10-февралга караган түнү журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгына кабылып каза болду.
Маркум 28 жашта болчу. Кыргыз-түрк Манас университетин аяктагандан кийин “Биринчи радио”, “Санжыра” радиолорунда жана “Ала-Тоо 24”, “Пирамида” телеканалдарында иштеген. Артында алты айлык бир кызы калды.
“Журналисттер” Коомдук Бирикмесинин жалпы жамааты Жайнагүл Тазабекованын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен үй булөсүнө көңүл айтат.