Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Ош: орус жана өзбек тилдүү басылмалардын абалы

Ош: орус жана өзбек тилдүү басылмалардын абалы

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Гезиттердин көпчүлүгү электрондук түргө өтүп, кагаз гезит чыгарып жаткан редакциялар учурда саналуу гана. Ош облусунун аймагына тараган өзбек, орус жана аралаш тилдердеги гезиттер мезгил сыноосуна кабылып турган чагы.

Облустук орус тилдүү басылма

«Эхо Оша» – Ош облусуна тараган орус тилдүү, мамлекеттик жалгыз гезит. Сахира Назарова узак жылдар сырт кабарчы болуп иштеп, анан штаттык кызматкер болуп алынган. Ал коомдогу социалдык көйгөйлөр, балдардын жана аялдардын укугу, маданият жөнүндө жазат. Кез-кезде экономикалык жана экологиялык маселелерди да көтөрөт.

Сахира Назарова

«Эхо Оша», «Ош жаңырыгы» жана «Уш садоси» гезиттери 2019-жылдан тарта облустук медиа борборго айланган «Ынтымак» коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясынын (КРТРК) тутумуна кошулган. Бир тарабынан гезиттер өзүнүн бухгалтериясы менен бирге юридикалык статусунан ажырады. Экинчи тарабынан биз 60тай кызматкери бар чоң мекеменин бир бөлүгү болуп калдык. Бул оңой болгон жок, гезит штатынын кыскарышы жумушка таасирин тийгизет эмеспи. Бирок, мурдагы коллективди сактап калууга мүмкүн болду, – деди Сахира Назарова.

«Эхо Оша» гезити www.ehoosha.com жана www.yntymak.kg/ru сайттарында чыгат. Кагаз басылманы сатып ала албагандар электрондук түрүн окуса болот. Сайтта гезиттин бардык чыгарылыштары PDF-форматта сакталуу. Аны көчүрүп алууга да, басып чыгарып алууга да мүмкүн.

“Эхо Оша” гезитинин сайты

Гезит Оштогу басмаканадан ак-кара түстө басылып чыгат. Анткен менен башка басылмалар түстүү же жарым-жартылай түстүү басмага эбак эле өтүшкөн. Ак-кара басылма үчүн сүрөт тандоодо кыйын. Гезит өз контентинин сапатын сактоого жана улантууга аракеттенет. Тажрыйбалуу кесиптештер салттуу тематикадагы материалдарды тандап алып, о.э. башка кесиптештерге да сунуш беришет. Гезитте 5 эле кызматкер иштейбиз. Бири-бирибиз менен тыгыз байланышта болуп, бири-бирибизди колдоп турабыз. Материал даярдоодогу чыгармачылык процесс үчүн бул нерсе абдан маанилүү, – деди Сахира Назарова.

Гезит кабарчысы медиа борбордун сайты жакында жаңыланып, кыргыз, орус, өзбек тилдеринде чыгарын, бул болсо гезиттин онлайн-форматта өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзөрүн белгиледи. Анткен менен, Сахира Назарова гезит басылмаларынын сакталып калышы маанилүү экенин кошумчалады:

Менин билишимче, кыргыз жана өзбек тилиндеги гезиттер өздөрүнүн материалдарын электрондук түрдө КРТРКнын сайтына жайгаштыра элек. Түрдүү тилдердеги гезиттердин сакталып калышы үчүн мамлекет тарабынан көбүрөөк колдоо болушун каалайт элем. Кагаз гезитти окугусу келгендер үчүн баасы жана сапаты туура келип, тандоо мүмкүнчүлүгү болсо. Улуу муун гезит окушат. Онлайн окугусу келгендер – сайттан окушса. Анан дагы гезиттин мобилдик түрү ишке ашса жакшы болмок.

Сахира Назарова бюджет кыскарганына байланыштуу материал даярдоо жана жазылуу иштерин жүргүзүү үчүн облуска иш сапарга чыгууга мүмкүнчүлүктөр азайганын, анан да иш сапар үчүн документтерди аймактардан топтоо кыйын экенин кошумчалады.

 

Жарнамалык гезитте журналисттик материалдар көбөйдү

25 жылдык тарыхы бар «Рек-Парк» гезити да орус тилдүү басылма. Бул жарнамалык гезит апта сайын чыгып, өлкөнүн түштүк аймагына тарайт. Башында гезит 8 бет болсо, учурда 24 бет болуп басылууда. Акыркы жылдары гезитте журналисттик материалдардын көлөмү көбөйгөн.

“Рек-Парк” гезити

Адамдардын турмушуна байланыштуу маалыматтар, жергиликтүү көйгөйлөр, тарых, туризм, транспорт, экология жөнүндө материалдарды чыгарып жатабыз. Түстүү беттерге эксклюзивдүү материалдар жарыяланып турат. Гезиттин 95% орус тилинде. Анткен менен жылдан жылга гезит эле эмес ТВ, сайттарда да жарнама азаюуда. Аны менен кошо басылмалардын нускасы кыскарууда. Жарнама берүүчүлөр социалдык тармактарды, тиркемелерди көбүрөөк пайдалана баштады. Бул дүйнөлүк тенденция, – деди «Рек-Парк» гезитинин редактору, журналист Бакыт Ибраимов.

Бакыт Ибраимов

Учурда гезит 4 миң тираж менен басылып, инстаграм баракчасында 57 миңден ашуун окурманы бар.

Жеке менчик басылмалардын басымдуу бөлүгү гранттык колдоо менен чыгып, каржылык колдоо токтогондо көбү ишин токтотушкан. Өзүн-өзү каржылаган саналуу гана басылмалар ишин улантууда.

2010-жылдардан кийин көп тилдүү басылмаларга гранттык колдоолор арбын болгон. Азыр «Интерньюс», «Сорос-Кыргызстан» фонду сыяктуу уюмдар кыргыз тилдүү ЖМКларга басым жасап жатат. Башка тилдеги басылмаларга мурдагыдай колдоо аз болуп калды, – деди Бакыт Ибраимов.

Ошто «Визитка» журналы да басымдуу орус тилинде чыгат. Мурда орус тилинде «Альманах» журналы да чыкчу.

Ош чөлкөмүндө орус тилдүү басылмаларда кадр тартыштыгы да бар. Орус тилинде жазма материал даярдаган журналисттер саналуу гана. Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинде 1 кыргыз тилдүү, 1 орус тилдүү топтор бар. Орус тилдүү топто өзбекстандык ондон ашуун студент окушат. Алар окууну аяктаганда өз өлкөсүнө барып иштери турган кеп.

 

Эркин гезит адабий багытка бет алды

Кыргызстандын түштүк аймагында өзбек тилинде ондон ашуун басылмалар чыкчу. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин алардын бир тобу жабылып калган. Өзбек тилдүү «Ахборот» гезити да 2010-жылдан 2016-жылга чейин чыкпай, кайра ишин уланткан. Өткөн жылы карантин учурунда басылма ишин убактылуу токтотууга аргасыз болгон.

Карантин учурунда татаалдык жаралды. Жумушчуларга айлык акы төлөп берүү кыйын болуп калды. 9 кызматкер бар эле, алар алгач 3 айга акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгышты, андан кийин 1 жылга узартылды. Азыр, чындыгында, гезиттин чыгымдарын жабуу кыйын. Эл мурдагыдай гезит сатып алалбай калды. Гезитти электрондук түргө өткөргөн жокмун. Ага веб-редактор керек. Сайт жасатуу үчүн да акча керек. Дээрлик 10 жылдан бери басылмалар үчүн гранттык колдоо боло элек”, – деди «Ахборот» гезитинин башкы редактору Барно Исакова.

Барно Исакова

Б.Исакова Кыргызстандагы «Илхом» өзбек адабий-клубунун мүчөсү. Гезит токтоп калганы менен «Ахборот» жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында адабий китеп да чыгарылган.

Гезит ишин убактылуу токтотуп турат. Бирок биз «Ахборот» адабий журналын чыгарууну баштадык. Муну «бюллетень» деп атаса туура болот. Квартал сайын бир жолудан жалаң адабият жаатында жаш калемгерлердин чыгармалары басылып чыгат. Акын, жазуучулардын чыгармачылыгы жөнүндө рубрика дагы бар. Бюллетенибиздин нускааы азырынча көп эмес. Авторлор 10-20 экземплярдан алып кетип, таратышат, – деди баш редактор.

Эгер каржы булагын тапса, «Ахборот» гезитин коомдук басылма катары ушул жылдын сентябрь айынан кайра чыгарууну пландап жатканын Барно Исакова белгиледи. Ал өзбек тилиндеги басылмалардын окурманга зарылдыгын белгиледи:

Азыр өзбек тилинде басылмалар гана эмес, балдарга жомок китептер да аз. Өзбек тилдүү басылмалар чыгышы зарыл. Себеби, адам тил аркылуу маданиятты, каада-салтты өзүнө сиңирет эмеспи. Тилди билсе, Навоини, «Манасты», «Алпамышты» жакындан билет.

Учурда Б.Исакова Максим Горький мектебинде окуучулардын өзбек тилдүү «Зафар» гезитин чыгарууга да устаттык кылып келатат.

 

Өзбек тилдүү мамлекеттик гезиттин өзөктүү маселелери

Ош облустук «Уш садоси» гезити да учурда кыйынчылык абалга кептелип турган кези. Гезит мурда 15тей штаттык кызматкери бар, жазылууну өзү жүргүзүп, каржы булактарынан гезит чыгымдарын жаап келген. Аймактык басылмалардын иши оптималдаштырылганда редакция «Ынтымак» медиа борборуна бириктирилген.

…Гезитибиз юридикалык статусун жоготту. Гезит менен кызматташтыктагы каржы которуулар «Ынмымак» медиа борборунун эсебине түшөт, андан казначействого. Которулган акча колубузга түз тийбейт. Журналисттер аймактарга иш сапарга чыга албай жатат. Жазылуу иштерин да жүргүзө албай калдык. Штат кыскарып, 5 кызматкер калдык: 2 журналист, 1 корректор, 1 компьютерщик жана башкы редактор. Айлык акы 4800 сом. Бул акчага келип иштей тургандар жокко эсе. Канцтоварды өз каражатыбызга сатып алабыз. Сайт үчүн жылына 12 миң сомду да өз чөнтөгүбүздөн төлөйбүз, – деди «Уш садоси» гезитинин башкы редактору Сохиба Шакирова.

Башкы редактор кабарлагандай, учурда гезит 1700 нуска менен басылып чыгып, интернет-сайты да бар. Көптөн бери түстүү басмакана ачып, киреше булагын түзүү пландары ишке ашпай келатат:

…Өзбекстандан 1 млн сомго түстүү принтер сүйлөшүп койгонбуз. Облустук басмакананын аймагында жерибиз деле бар. Бирок, жеке менчикке берилип кетип, азырга чейин сот уланып келатат. Түштүк аймагында басылган 50дөй гезитти түстүү чыгарып берип, киреше булак кылсак болот эле….

Гезит татаал сыноолорду башынан өткөрүп жатса да, өзбек тилдүү калк үчүн гезитти чыгарып таратуу зарылдыгын белгилейт Сохиба Шакирова:

Улуу жаштагылар кагаз гезит окушат. Коомдук-саясий жаңылыктарды билгилери келишет. Мисалы, Конституциянын жаңы вариантына кирген өзгөртүүлөрдү өзбекчеге которуп, гезитке, сайтка берсеңер деп сурашты….

Араван районуна тараган өзбек тилдүү «Дустлик» гезити да бар. Мурда мамлекеттик каржылоодо болсо, учурда жеке менчик гезит катары жазылуунун эсебинен жашайт. Айыл аймагындагы окурмандарга коомдук-саясий, социалдык маселелер жөнүндө маалыматтарды таратып, мамлекеттин саясатын жайылтып турат.

Гезиттин нускасы жылдан-жылга азайып, учурда 1200 нуска менен апта сайын басылып чыгат. Каржы тартыштыгына байланыштуу кадр маселеси да татаал. Редакцияда башкы редактор, жооптуу катчы, оператор-дизейнер жана эсепчи болуп 4 кызматкер эле иштейт. Жооптуу катчы гезитти пландоо, материал даярдоо, сүрөт тартуу, корректордук ишти да бирге аткарат. Мурда райондук администрация мамлекеттик мекеме-ишканаларды гезитке жазылууга көмөктөшсө, учурда редакция мекемелерди кыдырып, жазылууну өздөрү жүргүзүшөт.

Ош аймагында шаардык «Ош шамы» гезитинин 1 бети өзбек тилинде, 1 бети орус тилинде чыгат.

Интернет пайдалануучулардын саны өскөн сайын гезит окурмандарынын санариптик медиага агылышы улана берет. Акыркы жылдардагы COVID-19 пандемиясы, ага байланыштуу орто жана чакан ишкердик солгундап, кымбатчылыктын күчөшү да элдин гезитти сатып алып окушуна өз таасирин тийгизүүдө. Мындай шартта гезит басылмаларын дагы да сыноолор күтүп тургандай.

Гүлзат Газиева

Похожие записи