Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

“Ынтымак” коомдук-региондук телерадиокомпаниясы Башкы директорлук кызмат орунуна ачык конкурс жарыялайт

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Ынтымак” коомдук-региондук телерадиокомпаниясы Башкы директорлук кызмат орунуна ачык конкурс жарыялайт.

“Ынтымак” КРТРКсы улуттар жана этностор аралык достукту жана ынтымакты чындоого салым кошуу, маданият аралык карым-катнашты чындоо, Кыргызстан элдеринин биримдиги жана билим берүү, балдар, маданий, көнүл ачуучу программалар менен калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка болгон талабын канааттандыруу максатында түзүлгөн. Бул максатка жетүү үчүн берүүлөр көп тилде, анын ичинде улуттук азчылыктардын да тилинде чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №742 “Ынтымак” “Коомдук-региондук телерадио компаниясы жөнүндөгү” токтому менен бекитилген “Ынтымак” КРТРКсынын жобосунун негизинде Байкоочу кеңеш Башкы директорлук кызмат орунуна конкурс жарыялайт. Жумуш орду: Ош шаары.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:
– жогорку билим;
– 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, анын ичинде 2 жыл башкаруу позициясында иштөөсү;
– Телевидение жана радио тармагындагы билими;
– Коомдук телерадио берүү тууралуу көрөңгөсү жана түшүнүгү;
– Кыргыз Республикасындагы массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдык, нормативдик-укуктук актылар, регламенттик ишмердүүлүктөр тууралуу билүүсү;
– Гранттык долбоорлор (Эл аралык уюмдар) менен иштөө тажрыйбасы;
– Лидерлик сапаты, бардык структуралык бөлүмдөр менен командалык стилде иштей билүүсү;
– Ийкемдүүлүк, дипломаттуулук, оз ишине берилгендик, чынчылдык, социалдык жана психологиялык көрөгөчтүк, жоопкерчиликтүүлүк, коммуникабелдүүлүк.
Талапкерлер резюмесин ortrk_osh@mail.ru дарегине 2012-жылдын 16-июлу, саат 17:00гө чейин жөнөтүүлөрү зарыл.

Зарылчылык жарала турган болсо, “Ынтымак” КРТРКсынын Байкоочу кеңеши кошумча маалыматтарды сураштырышы мүмкүн.

Аңгемелешүүгө ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкер “Ынтымак” КРТРКсын өнүктүрүү боюнча озүнүн долбоорун сунуштоосу керек. Сунуш оозэки же жазуу, ошондой эле мультимедиалык технологиянын жардамы менен да болот.

Похожие записи